БИР БҮРКҮМ. БЕНЗИН АРЗАНДАЙТ...
№1051 27-январь - 2-февраль, 2023-ж.
-
.jpg)
24-январда 2023-жылкы ажылык зыяратка жарандарды каттоо башталды.
-
Уланбек Усеков билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
-
Өлкөдө илимдин 1179 доктору, 5323 кандидаты бар экени расмий маалымдалды.
-
Таласта 21-январь күнү жылгаяк тээп бараткан 23 жаштагы кыз автоунаага урунуп каза тапты.
-
“Менин үйүм 2021-2026” ипотекалык программасы боюнча электрондук каттоого тургандардын саны 2022-жылдын жыйынтыгында 56 миң жаранды түздү.
-
Жолдошбек Мамбеталиев президенттик администрациянын кырдаалдык борборунун жетекчиси болуп дайындалды.
-
12-январда таза суусуз калган Майлуу-Суу шаарына суу 25-январдан тарта штаттык режимде бериле баштады.
-
Таластын Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды.
-
Автоунааны милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамды күчүнө киргизүү мөөнөтү кайрадан жылдырылары айтылды.
-
Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кылмышка шектелип кармалды.
-
Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги: Кыргызстанда февраль айында бензиндин баасы 5-6 сомго чейин арзандашы күтүлүүдө.
-
2022-жылы Кыргызстанга Өзбекстандан 3 миллион турист келгени расмий маалымдалды.
-
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп кармалды.
-
Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп Мырзабек Жыпаркулов дайындалды.
-
Парламент депутаты Улан Бакасов педофилдерди хирургиялык бычууга жол берчү мыйзам долбоорун сунуштап чыкты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: