БИР БҮРКҮМ. ПИЯЗДЫ ЭКСПОРТТООГО ТЫЮУ САЛЫНДЫ...
№1052 3-9-февраль, 2023-ж.
-
.jpg)
Жалал-Абад облусунда 28-январда каракчылыкка шектелген кылмыштуу топ кармалды.
-
2023-жылы Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсүнүн суммасын 2 миллиард долларга жеткирүү пландалып жатканы айтылды.
-
Ош-Ноокат жолун оңдоо быйыл жаз айларында башталары маалымдалды.
-
Мирланбек Токтомушев Ош шаарынын казысы болуп дайындалды.
-
Мектепке 1-класска окуучуларды электрондук каттоо апрель айында башталат.
-
Улуттук банк: Өлкөдө накталай доллар жетиштүү.
-
Министрлер кабинети: 2023-жылы Кыргыз жерине 50гө жакын чакан ГЭС куруу пландалууда.
-
Жарандык активист Орозайым Нарматова 31-январда үй камагына чыгарылды.
-
30-январга карата Токтогул суу сактагычында9 миллиард 463 миллион метр куб суу калганы кабарланды.
-
Өлкөдө 2022-жыл боюнча салык декларациясын кабыл алуу башталганы кабарланды.
-
Бишкекте 31-январда МАИ кызматкерлеринен качкан айдоочу унаасы менен кырсыкка кабылып, 3 адам каза тапты.
-
ИИМ: Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган видеокамералар орнотула баштайт.
-
Кыргызстандан пиязды экспорттоого убактылуу тыюу салынды.
-
Нурбек Кадыров Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды.
-
Өзбекстанда кылмыш кылып, Ош шаарында жашынып жүргөн Кытай жараны кармалганы маалымдалды.
-
Президент Садыр Жапаров жакынкы айларда Пакистанга расмий иш сапары менен барат.
-
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.
-
“Кыргыз темир жолу” ишканасы өлкөнүн Соода өнөр жай палатасына мүчө болду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: