Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)№1052 3-9-февраль, 2023-ж.
Эненин кучагы кандай кудуреттүү! Айдай апасынын кучагынан чыккысы келбей турду. Алакандай айылда жашаган карапайым бул аялда анын бардык жыргалчылыгы жаткандай эле. Эне алакандары менен кызынын жүзүн сылай берди. Анда ушунчалык мээрим жаткан эле. Демек, Айдай ойлогондой деле боору таш аял эмес экен да. Өзүн таштаганга кантип чыдады экен? Кемпир кызын үйгө киргизип, небереси экөө чай берди. – Күндүз баары жумушта, бул неберем экөөбүз эле калабыз. – Канча балаңыз бар?- деди Илим сөзгө аралашып. – Менин 5 балам бар. Үч кыз, эки эркек. Баары, шүгүр, орун-очок алып калышты. Баары Айдай эжеси менен сыймыктанып, "биздин эжебиз" деп жүрүшөт. Бирок мен аларга өзү келмейинче таанышканы барбагыла дегем. Балдарым баштуу, сөздү угушат,- деп койду кемпир сыймыктана. Бир азга ойлонуп калды. – Аттиң, көзүм көрбөй калбадыбы, сени көрсөм деп жүрдүм эле. – Эч нерсе эмес, көзүңүздү өзүм дарылатам. Эми биздин көп убактыбыз бар, апа,- деди Айдай. Ушунча жыл экөө эки башка жашабагандай дароо жакын болуп кеткенине Айдай өзү да таң калып турду. Кайра эле кемпирди кучактап эркелегиси келет, маңдайында отурган Илимден тартынып жатты. Экөөнүн сөздөрү болсо керек деп ойлоп Илим сыртка чыгып кетти. Үнсүз отуруп калышты. – Билем, атаң тууралуу сураган жатасың, кызым. Мен сага баарын айтып берем. – Ооба, атам тууралуу, мени эмнеге чоң атама таштап кеткениңер тууралуу айтып беришиңизди сурайын деп отургам. – Сенин атаң укмуш таланттуу жигит болчу. Шаарда окучу, музыкант болом деп тырышып жүргөн экен. Бирок ата-энеси каршы чыгыптыр. Көзгө басар жалгыз бала болсо маңдайына келип үйлөнүп жашашын каалашыптыр. Бирок атаң моюн толгоп болбой калаада жүрө бергенде атасы куда түшүп менин атама келет. Мен 16 жашта элем. Менин да бийик максаттарым бар болчу. Окуп доктур болом деп жүргөн элем. Бирок ал кезде ата-энеге каршы чыкмак кайда. Ошентип таптакыр эки башка адамды үйлөндүрүп коюшту. Жашап кетишет дешти, бирок атаң такыр эле мени менен жашай турган ою болгон жок. Мени көргүсү да келген жок. Шаарда жактырган адамы калганын сен боюмда болуп калгандан кийин билдим. Жаш болсом да намысыма катуу тийди. Жалдырап турмушка чыгып алгансып дайыма мага сыртын сала бергени жанымды ачытты. Мен да муздай баштадым. Көңүл муздак болсо эч нерсе кыла албайт экенсиң. Мен сени төрөгөндө маркум чоң энең кайтыш болуп калды. Аябай жакшы адам эле, колумду бекем кармап алып уулун жалгыз калтырбашымды суранды. Кайсы бир күнү ал дагы мага мээримин салат деп ойлоду. Бирок андай болгон жок. Апасы каза болгондон кийин Москвага кетем деп баштады. Сага үч ай болгондо үйдөн жашыруун чыгып кетти. Күттүм, күттүм, бирок кайра кайрылбады. Ал арада мага азыркы күйөөмдүн көңүлү түшүп калды. Мээримге, сүйүүгө көкүрөгүм толбой ызам кайнап жүргөндө мага бирөөнүн жакшы мамилеси майдай жакты. Ал мага кызым менен үйлөнө албашын айтып, сени чоң атаңа ташташымды айтты. Жашмын, сүйүү көзүмдү тумандатып турса эмне кылмакмын. Сени таштадым. Бирок бир айылда болгондон кийин кайра кайрылам, көз алдымда болот деп ойлогом. Андай болбоду. Баш кошкондон кийин эле мени тоого мал бакканы алып кетти. Мына ошол жерден гана мен сүйүү деп билген нерсем башка экенин билдим. Закир, экинчи күйөөм, аябай зөөкүр чыкты. Башымдан таяк кетпеди. Сени алмак тургай, көргөнгө тыюу салды. Анын мээримсиз жүрөгүн жылытам, айыктырып алам деген аракетим ишке ашпады. Өмүрүм анын таягы менен, жаштыгым көз жаш менен өтүп кетти. Арты-артынан төрт балалуу болдум. Байланып калдым. Тагдырым ушундай болду, кызым. Бирок сени такыр эсимден чыгарбадым. Эне кантип наристесин унутсун? Көкүрөгүмдөгү бир жара болдуң. Кээде гана тоого каттагандардан сенин сүрөттөрүңдү суратып алчумун. Аны жүрөк тушума катып алып эч ким көрбөгөн жерде ыйлачумун. Бирок сени көрөм десем, берки төрт баламды көрбөй калат элем. Закир ушунчалык коркутчу, айтканын да жасай турган көктүгү бар эле. Кийин сен чоңоюп келин болгонуңда айылга биротоло көчүп келдик. Бирок мен сага бара албадым. Барганда эмне дейт элем? “Мен энеңмин, сен дагы меникиндей оор турмушка кабылыпсың” демек белем? Бирок сенин качып кеткениңди билгенимде ичимден “өх” дедим. Ал сени бир күнү өлтүрүп койбосо экен деп коркчумун. Анан кетип калдың. Өз жолуңду таптың. Элдин кызы болдуң. – Апа, кантип эле мени бир көргөнгө болбойт эле? Жашыруун келсеңиз, бир айласын тапсаңыз болбойт беле? – Мени берки балдарымдан ажыратып коймок. Өзүм үчүн коркподум, кызым, зөөкүр атасы балдарын да аячу эмес. Менин көзүм мындай болсо эле кимиси колуна илинсе уруп жатып калчу. Аларды атасына таштап кете албайт элем. Мени кечир! Айдай таң кала берди. Психологиядан энесинин программасы менен бала жашап калат дегенди көп окуган эле. Көрсө, өзү да апасынын кайсы бир учурдагы тагдыр жолун кайталап калган тура. – Азыр баары жакшыбы, апа?- деди көз жашын сүртүп. – Ооба, жакшы эмей анан. Балдарым атасына окшобой жакшы чыкты. Баары тартиптүү, мээримдүү балдар. Сени тааныштырам баары менен. Бир туугандарың бар мындан ары. – Абышкаңыз? – Ал он жыл мурун каза болду. Минтип көзүмдү челейтип салбадыбы. Ошондон кийин эле өзү дагы жол кырсыгына кабылып каза болду. Менден ал акыркы өчүн алып тынды окшойт. Караңгылыктын туткунунда калганыма 10 жыл болду. Балдарым бардык жерге көрсөтүп көрүштү. Болбойт экен. Минтип кара түндү башыма кийип отуруп калдым. Бирок балдарым, неберелерим жардам берет. Көзүмдү эле карап турушат, айланайындар. Келиним да жакшы чыкты. Мектепте балам экөө тең мугалим. Тиги неберем улуусу. Кичүүсү мектепте. Сен айтчы, кызым. Уулуң чоңоюп калгандыр, аны алып келген жоксуңбу? Айдайдын жарасына тийди ушул сөз. Буркурап ыйлап алды. Кемпир эмнегедир такып сураган жок. Тизесинде ыйлап жаткан кызынын жүзүн, чачын сылап отура берди. Айдай ушул жерден өзүн тапкандай болду. Иниси менен таанышты. Аябай жакшы жигит экен, тез эле тил табышып кетишти. Бир күн апасынын жанында болду. Эртеси жолго камданып жаткан. Эртең менен апасы анын колуна сүрөт берди. – Ким бул? – Атаң экөөбүздүн жалгыз сүрөтүбүз. Сага эч ким көрсөтпөсө керек. Сага сактадым. Ушул сүрөттү берип колунан бир кармап туруп өлсөм арманым жок дечү элем. Ал күндү да көрсөттү Жараткан. Эми кете берсем арманым жок. – Сизди жаңы таптым, апа. Кайда кетесиз?- деди Айдай апасын кучактап өөп жатып. Колундагы сүрөттү тиктеп турду. Атасына чын эле окшош экен өзү. Чоң атасы атасына таарынып бардык сүрөттөрүн өрттөп салган экен, көргөнү ушул. Чүкөдөй болуп карыган апасын аяп кетти. Көп нерсе көрсө да мээримин жоготпой сактап калганын кара. Колунан өөп, кайра-кайра кучактап жатып машинага түштү. Ак чачы жоолугунан чыгып, кол булгалап коштошкон эрбейген кемпирдин карааны алыста кала берди... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
temirov76
![]()
09.02.2023. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун мурунку сериалдарын кантип таап окуса болот?
Luiina
![]()
10.02.2023. 04:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
temirov76 Жан дуйно болумунон
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|