Бир бүркүм. Бишкек-Баткен аба каттамы жанданды...
№1053 10-16-февраль, 2023-ж.
-
.jpg)
АКШнын Бишкектеги элчилиги: Виза алуунун убактысы тездейт.
-
5-февралда Чоң-Алайда аңчылыкка кеткен 27 жаштагы жигит кар көчкү басып каза тапты.
-
Бишкекте 6-февралда автоунааларга бажы алымы кымбаттады деп унаа ташуучулар митингге чыгышты.
-
Кыргызгидромет: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
-
Учурда Кыргызстанда 300дөй индиялык компания иштеп жатканы расмий маалымдалды.
-
Баткен облустук сотунун катчысы 300 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
-
Интернеттен экстремисттик материалдарды тараткан деп шектелип Баткендин 22 жаштагы тургуну кармалды.
-
23 жаштагы айым зордуктоого күнөөлөп коомдук ишмер Нурлан Мотуевдин үстүнөн арыз жазганы кабарланды.
-
Жарандык активист Назарбек Нышанов бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шектелип кармалды.
-
Жеке ишкерден пара талап кылууга шектелип Базар-Коргон райондук администрациясынын жооптуу кызматкери кармалды.
-
9-апрелде Чүй, Талас, Ош, Нарын жана Баткен облустарынын айрым аймактарында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.
-
7-февралдан тарта Бишкек–Баткен–Бишкек аба каттамы жанданды.
-
Бишкектин “Тазалык” ишканасынын кызматкерлеринин маянасы 100 пайызга көтөрүлдү деп маалымдалды.
-
Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганы маалымдалды.
-
Бакыт Жангазиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Бишкек–Ош жолундагы "Чычкан" постунан баңгизат ташууга шектелип 47 жаштагы аял кармалганы маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: