Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КЫЗМАТ УЧУРУНДА КЫРСЫКТАГАН АДАМ КАНДАЙ УКУКТАРГА ЭЭ?

№428 14-20-январь, 2011-жыл.


Иштегенин го иштейбиз, бирок эмгек укуктарыбызды билебизби? “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей, бир кызматкер капысынан жумуш учурунда каза болду деп коёлу. Жумуш берүүчү “ушундай болуп калды” деп маркумдун ашын же кыркын көтөрөт. Ошону менен иш жабылат. “Ушул сыяктуу жана башка кырсыктар Эмгек кодексинде кандай каралган?” деген суроолорго КРнын Эмгекти коргоо инспекциясынын инспектору Бакытбек Жолчиев жооп берет.

Жеке менчикпи, мамлекеттикпи, чет өлкөлүктөрдүн ишканасыбы, айтор, жалпы эле ишканалардын коопсуздугу, анда иштеген адамдардын укугун коргоо – Кыргыз Республикасынын Эмгекти коргоо инспекциясынын милдети. Аталган мекеме 1999-жылы уюшулган. Бул инспекциянын кылчу иштери Эмгек кодексинде каралган.

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН ИШКАНАЛАРЫНДА
ЖУМУШЧУЛАРДЫН УКУГУ КӨП БУЗУЛАБЫ?

Анатолий Кузнецов,
Кыргызстандагы кен иштетүүчү компаниялардын
биринин мурунку кызматкери:

– Мен кен иштетүүчү компаниялардын биринде иштеп жүрүп 2002-жылы сокур ичеги болуп калдым. Ооруканадан чыкканымда дарыгерлер “бир жылга чейин оор жумушта иштебесин, жеңил ишке которулсун” деген кагаз жазып беришкен. Компаниянын дарыгерлери да “жеңил жумушка которулсун” дешти. Кадрлар бөлүмүнүн башчысы жана мен иштеген бөлүмдүн жетекчиси башка жумушка которууну капарына алышкан жок. “Мага ушундай аныктама беришти, бир жылча жеңил жумушта иштеп турайын” дегениме макул болбой коюшту.
3 метр бийиктикке көтөрүлүп чыгып, 80 тонналык жүктү көтөрүүчү автоунаанын рулунда отуруп, күнүнө 11 саат иштей бердим. 15 күн иштеп, 15 күн бош элек. Анан ичим кыпкызыл болуп шишип кетти. Ооруканага барсам, ичим ириңдеп кетиптир. Ошондон кийин 7 жолу операция жасалды. Эми минтип ишке жараксыз болуп калдым. Майып болуп калгандан кийин мени жумуштан чыгарып жиберишти. Сотмедэкспертизага арыздансам, алар жеңил жумушка которушпай, “ден соолугуна зыян келген” деген тыянак чыгарып беришти. Мен ишкананын жетекчилеринин салкын мамилесинен улам майып болуп отурам да, мага жардам берүүнү эч ойлошкон жок.

Бакытбек Жолчиев: – Чет өлкөлүк компаниялардын акчасы бар. Алар юристтерине, адвокаттарына абдан чоң маяна төлөшөт да, Анатолийге окшогон карапайым адамдарды тебелеп-тепсеп, компаниянын бир да тыйын төлөбөөсү үчүн бардык аракетин жумшашат. Чындык, адилеттик Анатолий жакта, ошого карабастан, биздин соттор туура чечим кабыл алышпай жатканы өкүндүрөт. Муну менен эмне айткым келет? Эгер мен Түркияда инвестор катары иш алып барып, анан ушундайга жол берсем, Түркиянын адвокаттары, юристтери мени талап жешмек. А биздикилер кайра чет өлкөлүктөргө иштешүүдө. Дагы бир чет өлкөлүк компанияга байланыштуу мисалды айта кетейин.
Канат деген жигит айдоочу болуп 7 жыл иштеген экен. Ошол жердин эле машинасы кардан тайгаланып, Канатты коюп кеткен. Аны дагы дарыгерлер “жеңил жумушка которул” дешкен. Жеңил жумуштун акчасы да аз болот эмеспи, жеңил жумушка которуп, маянасын азайтышкан. КРнын мыйзамы боюнча, жумуштан жаракат алып, жеңилирээгине которулса, мурунку эле маянасын алыш керек болчу. Ал киши Каракол шаарындагы биздин филиалга барып калып ушул мыйзамды угуп калат. Соттошуп жаткандарына 2 ай болду. Канат 2 айдан бери Каракол менен Бишкектин ортосунда жүрөт. Жеңил жумуш менен оор жумуштун ортосундагы маянанын айырмасы 250 000 сомго жетиптир.

ОФИЦИАНТТАР КҮНӨӨЛҮҮБҮ?

Учурда шаарда эмне көп, кафе, ресторан көп. Ал жерде жалаң жаш кыздар иштешет. Ичип-жеп, көңүл ачкан кардар акча төлөбөй качып кеткен учурлар да көп кездешет. Мына ушундай кырдаалда кожоюн официант кыздарды 1-2 жумалап бекер иштетип коёт. Кээде идиштерди капысынан сындырып алып, жумалап акча албай иштегендерин да көрөбүз.

Бакытбек Жолчиев: – Ар бир кафеде коопсуздукту сактоочу, тартипти жөнгө салуучу кызматкерлер болууга тийиш. Кардарды качырбай акчаны төлөтүү – ошолордун милдети. Кызып калган немелер чыканактай официант кызды көзгө илишмек беле?! Кандай жол менен качып кетпесин, официантты кардардын жеп-ичкен акчасын төлөткөнгө да, бекер иштеткенге да кожоюндун укугу жок. Кожоюн кардардын качып кетпешинин алдын алыш керек эле. Ал эми идишин сындырып алса, анын сатылып алынган гана баасын төлөгөнгө укуктуу. Чынында, кафелерде түнү менен 18ге чыга элек кыздар иштеп жүрүшөт. Эмгек кодекси боюнча, 18ге чыга элек жаштар түнкүсүн иштегенге болбойт.
– Мындайды сиздердин мекеме тескөөгө алыш керек беле?
– Ооба, биз текшеребиз, бирок Экономиканы тескөө министрлигинен алдын ала уруксат алабыз. Мисалы, текшерүү үчүн 20 ишкананын же кафенин тизмесин берсек, анын онун чийип салышат. Андан сырткары нормативдик актылар боюнча биз аларга 10 күн мурун эмне текшерилери тууралуу жазылган кагаз жөнөтөбүз. Биз баргыча бардыгын тууралап койбой алдары жокпу? Ошентип, айрымдар четте калат. Биз “ушул актыны алып салгыла” деп көптөн бери суранып келебиз.
Официанттар таң эртеден тартып акыркы кардарга чейин тейлешет. Бул – мыйзам бузуучулук. Жумуш күнү 8 сааттан ашып кетсе, кийинки күндөрү эс алышы кажет. Же 8 сааттан кийинки убакыт эки эселеп төлөнүүсү керек. Төлөнүп берилген күндө деле бул маселе иш берүүчү менен официанттын ортосундагы келишимде көрсөтүлүшү зарыл. Азыркылар жумушка алынарда келишим түзүшпөйт. “Келишим түзөлү” десе, “анда башка жумуш таап ал” дейт кожоюн. Биз иш берүүчүлөрдү жумушчулар менен келишим түзүп иштешүүгө үйрөтө албай убарабыз.

ЧОҢ КЫРСЫКТАР...

Борбордо көп кабаттуу имараттарды салып жаткан кытайлык ишканалар абдан көп. Мына ошолордун биринде иштеген 21 жаштагы Улан жумуш учурунда 3-кабаттан жерге кулап түшкөн. Эреже боюнча ал жигит башына каска кийип иштеш керек эле. Бирок курулуш жетекчилиги тарабынан каска жөнүндө бир ооз дагы айтылган эмес. Жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда да эч кандай келишим түзүлгөн эмес. Жыйынтыгында Уландын колу сынып, мээси чайкалган. Кытайлык ишкананын жетекчилиги Уландын дары-дармегине кеткен каражатты гана төлөгөн.

Бакытбек Жолчиев: – Баш мээнин чайкалышы чоң кырсык болуп саналат. Мындай учурда жана адам иш учурунда каза болсо, ишкана жетекчилигине кылмыш иши козголот. Эгер күнөөсүн моюнуна албаса, ишкананы жаптырууга туура келет. Окуя болору менен ишкана же жабыр тартуучу бизге кайрылышы керек эле. Бизден барган комиссия иликтеп, акт түзмөк. Ошонун негизинде жаракатына карата ар кандай өлчөмдө ай сайын же бир жолу берилүүчү пособие чектелмек. Иликтенбей калгандыктан, пособие берилбейт.

Күйүүчү май менен иштеген ишкананын эки кызматкери 2009-жылы 25-августта Кара-Балтадан Ош-Жалал-Абадга бензин ташып баратышкан. Токтогул районунан бензовоз тоголонуп кетип, экөө тең күйүп каза болгон.

Бакытбек Жолчиев: – Каза болгондор арабызда жок. Бирок алардын укуктары корголушу керек да. Изилдөөгө алганыбызда маркумдардын жакындарына компания алгач “бир да тыйын төлөбөйбүз” деп чыкты. Ал гана эмес, компанияга кылмыш иши козголгон жок. Анткени күнөө айдоочуларда экен. Саатына 50 чакырым ылдамдык менен жүрүш керек болсо, тигилер 70 менен баратышыптыр. Ар бир машинада спутник байланышы бар экен. Ошонун негизинде 70 менен баратканы билинди. Күнөө айдоочуларда болгону менен, экөө тең иш учурунда каза болуп жатышат да. Биздин инспекция айдоочулардын укуктарын коргоп, Ленин райондук прокуратурасы менен бирдикте бирөөнүн үй-бүлөсүнө 300 000 сом, экинчисине 280 000 сом өндүрүп бердик.

ЭМГЕК КОДЕКСИ БОЮНЧА...

  • Түйшүгү көп жумушка орношкондо инструктор тарабынан сабак өтүлөт. “Үйрөндүм” дегенде гана жумушчудан кол койдуруп алып, анан ишке киргизүүсү керек.
  • Иш учурунда болгон майда жаракаттарды ишкана өзү көзөмөлгө алып, жеринде чечүүсү кажет. Мисалы, тигүү цехинен колун тигип алса. Жумушчу менен жумуш берүүчүнүн ортосунда келишим түзүлбөгөн күндө да, кырсыкты тастыктаган күбөлөрдүн негизинде кожоюн жоопкерчиликке тартылат.
  • Адам жумуш убагында ишкананын күнөөсүнөн улам каза тапса, компания каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө анын 20 жылдык маянасын бир жолу (бөлүп-бөлүп эмес) төлөп берүүгө милдеттүү. Эгер маркумдун 18 жашка чыга элек балдары болуп, аялы иштебесе, анда каза тапкан адамдын ар айлык маянасы ар бирине бөлүнүп берилет. Бул пособие баласы 18ге чыкканда гана токтотулат. Эгер баласы ЖОЖдун күндүзгү бөлүгүнө өтсө, окуу жайды аяктагыча төлөнөт.
  • 1-топтогу майып болуп калса, жумушчуга 10 жылдык маянасы бир жолу төлөнүп берилет. Кырсыкта жумушчу өзү канча бир пайызга күнөөлүү болсо, маянанын ошончо пайызы азайтылып берилет.
  • Эгер 2-топтогу майып болуп калса, 5 жылдык маянасы бир берилет. Жумушчунун күнөөсү болсо, төлөнүп берилүүчү пособие канча бир пайызга кемитилет.
  • Эгер 3-топтогу майып болуп калса, 3 жылдык маянасы бир берилет. Жумушчунун өзүнүн жоопкерчилигине жараша сумма кыскартылышы мүмкүн.
  • Ар кандай себептерден улам жумуштан чыгып калып, ишкана жумушчунун иштеп кеткен күндөрүнө төлөнчү маянасын бербей койсо, эмгек акыны кайтарып алганга чейинки аралык күнүнө 0,15 пайыз туум менен берилет.
  • Эгер адам жумуштан чыкса, дал ошол күнү эмгек китепчеси колуна карматылат. Чет өлкөгө кетсе, “алып кетиңиз” деген кат жөнөтүлүшү керек. Бербей койсо же кат жиберилбесе, иштен чыккандан кийинки убакытка орточо маянасы менен акы төлөнүшү керек.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(3)
15.01.2011. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zakon bar ,birok e4 kim atkarbait munu turgan iw,kimge arizdanabiz? 4ondorubuz alsiz biri birinen korkup turuwsa.
15.01.2011. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ishkana-mekemelerdi, kafelerdi teksherebiz dep aldyn-ala aytylsa,albette jasalmalap dayardanyp tosup alyshat.
Chet olkolordo teksheryy j-o aldyn ala e4 aytylbait.Kaalagan kyny kelip teksherip kalyshat dep, kynygo taza jana miyzamdyn 4eginde ish alyp baryshat.
"10 kyn aldyn-ala aytuu kodeksin" alyp tashtagandary ele tuura bolmok.
19.01.2011. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ошол кафе ресторандарды текшерген учурда официант кыздардын ошол кафенин ээси менен тузулгон келишими бар экенин карашпайт. Карап жонго салып штраф тартып турушса, алар келишим тузуп туруп алышат беле. Мына жылына бул инспекция 200 дон ашык объектилерди текшеришет.(анын ичинде кафе ресторандар 80%)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: