БИР БҮРКҮМ. ОШ ШААРЫНЫН БЮДЖЕТИ БЕКИТИЛДИ...
№1054 17-23-февраль, 2023-ж.
-

Белгилүү дарыгер Алмазбек Исманкулов коррупцияга шектелип кармалды.
-
Баткенде “контрабандалык жүк” деп 10 тоннага жакын жер семирткич кармалганы маалымдалды.
-
Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына аба каттамы ачылды, учактар жумасына бир жолу учат.
-
Айыл чарба министрлиги: Быйыл дыйкандарды үрөн менен камсыздоодо маселе жаралбайт.
-
Базар-Коргон районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп шектелип айылдык кеңештин депутаты кармалды.
-
Башкы прокуратура: Ош шаарында мамлекеттик мүлк ижарага мыйзамсыз берилип, казынага 2 миллион сомдой зыян келтирилген.
-
Балбак Түлөбаев, депутат: “Сабатсыз министрлер президентти уят кылып жатышат”.
-
13-февралда Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары “үйлөрүбүздү мыйзамдаштырып бергиле” деп митингге чыгышты.
-
Ош шаарынын 2023-жылга бюджети 2 миллиард 509 миллион сом суммасында бекитилди.
-
Жарандык активист Орозайым Нарматованын үй камагындагы мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 20-апрелине чейин узартылды.
-
Камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн жеке клиникалардын бирине жаткырылды.
-
14-февраль – Cүйүшкөндөр күнүндө Кыргызстанда 55 түгөй баш кошкону маалымдалды.
-
16-февралдан 19-февралга чейин тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору деп ӨКМ билдирүү таратты.
-
УКМК: Өлкөдө эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды.
-
Электр энергиясынын тарифи 1 сом болсо, азыркы 700 киловатт-сааттык лимит эки эсе көтөрүлөрү айтылды.
-
Акылбек Жапаров: “Быйыл курулушунун 50 пайызы бүтүп калган мектептерди куруп бүтүрөбүз”.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: