Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)№1054 17-23-февраль, 2023-ж.
– Мен сени менен эч качан ажырашпайм! Сен муну жакшы билесиң, өмүр бою ушинтип чак келбеген көйнөктөй жашасам да сени коё бербейм. Аялы ага чечкиндүү карады. Илим эмне дээрин билбей туруп калды. Көп жылдан бери көңүл кош жашаган аялы эмнеге минтип калганын түшүнбөй турду. Эмне деш керек буга? – Макул, кандай кааласаң ошондой жашай бер, болгону өчүп калган сезимдер ордуна келет деп үмүт кылба. – Сен Айдай менен мындан ары жолукпайм деп сөз бер. – Хе-хе, эмнеге мен антип сөз берет экем? Мен ал аялсыз жашай албайм. Муну сен эчен жылдан бери жакшы билесиң. – Силер баары бир чогуу боло албайсыңар. – Чогуу болгубуз деле келбейт, биз ушул абалыбызга шүгүр дейбиз. Сага караганда акылдуу ал, биздин балдарыбызды көбүрөөк ойлойт. Бирок жолукпайсың, тиги-бу дей албайсың. Муну айтканга акың жок, эмнеге экенин сен жакшы билесиң. Болду, мен жолдон келдим, чарчадым. Кесе сүйлөгөн Илим өз бөлмөсүнө кирип кетти. Барчын отуруп ойлонуп калды. Ооба, жеңил ойлуу болгону менен, ал акылсыз аял эмес болчу. Күйөөсү менен Айдайдын башка бир мамилеге өткөнүн ички туюму менен сезип турду. Мурун анчалык коркунуч туудурбаган аял эми анын Илимин толугу менен багындырып алганын сезип жатты. “Жок, мен буга жол бере албайм. Илим меники! Менин балдарымдын атасы, сүйбөсө да ал мени менен гана жашашы керек” деп жатты өзүнө-өзү. Бир саамга ойлонуп турду да, шарт кийинип сыртка чыгып кетти. Эшик коңгуроосу чырылдады. Мындай беймаалда эч ким келчү эмес эле. Көзөнөктөн карап Илимдин аялы турганын көрдү Айдай. Эмне кылса болот? Ачпай койсо да болот, бирок бул аял эмнеге келди экен? Аялдык кызыгуу жеңип кетти да, эшикти ачты. – Саламатсызбы? – Салам. Аял үйгө кир дегенди күтпөй эле кирип келди. Бөлмөнү айландыра тиктеп алып, эмнегедир жактырбай мурдун чүйрүй берди. “Жөпжөнөкөй жашайт тура, тим эле примадонна, шоу-бизнестин акуласы тиги бу дешип... Мындан көрө менин үйүм жакшыраак”. Айдай йога менен алек болуп, денесине чыпташкан спорттук кийим кийип турган эле. Кантсе да келбетине суктана тиктеп калды. Эч бир ашыкча нерсеси жок, Барби куурчактай көрүндү көзүнө. Кызганыч дүрт эте туштү. – Сүйлөшүү керек,- деди ал Айдайга. Бир аздан кийин эки аял бирин-бири тиктеп маңдай-тескей отурушту. – Илим экөөңдүн мамилеңерди билбеген киши жок, анын ичинде мен да бармын. Ушуга чейин көзүмдү жумдум. Мындан аркысына жума албайм. Жарымды сени менен бөлүшүп келдим жылдар бою, үн катпадым. Бирок мындан ары унчукпай коё албайм. Барчу жердин баарына барам. Интервью берем. Элдин ичинде башыңды көтөрүп жүрө албагандай болосуң. – Хм, бул тууралуу Илим менен сүйлөштүңүзбү? Эмне деди? – Ал эркек, алды-аркасын ойлой албайт. – Илим алдын артын эле эмес, эки капталын да ойлоно турган адам,- деди кесе сүйлөгөн Айдай. – Мени минтип коркутуу кеч болуп калды деп ойлойм. Бизди көрмөксөн болуп, өзүңүз кимдер менен гана көңүл ачпадыңыз. Бул да мага белгилүү. – Мен эч нерсемди жоготпойм, сен эл көзүндөгү адамсың. Аброюңду ойлон. Айдай ойлонуп калды. – Ойлоном, албетте, бул менин эмгегим, бул даражага ойноп жүрүп эле жетип калган жокмун. Бирок андан мурун мен Илимди ойлоном. Ага биринчи кандай тиет, анын көңүлү ооруп калбайбы, ал бул нерседен жабыркап калбайбы деп тынчсызданам. Сиз менен айырмабыз ушунда. Мен өзүмдөн мурун Идимди ойлоном. А сиз? – Балдарыбыз бар биздин... – Билем, мени ансыз да ушу нерсе токтотуп келди. Бирок балдар чоңойду, ак-караны ажырата ала турган куракка жетишти. – Акмак, сен менин күйөөмдү биротоло башын айландырып... – Мен азыр эч нерсе кыла элекмин, бирок биздин, Илим экөөбүздүн тынчтыгыбызды буза баштасаңыз кылышым мүмкүн. Ошол үчүн ар кимге док арта бербей ушу абалыңызга шүгүр кылыңыз демекчимин. – Болбосо? – Болбосо Илимден такыр айрылып каласыз! ххх – Эмир, сен дагы кечиктиң? – Кечириңиз... Эмир аны карабай туруп кечирим сурады. Ою башка жакта сыяктуу, Айдай карап турду. Кээде ушундай жакшы даярданып жан дили менен аракет кылат, кээде ушинтип баарына кайдыгер болуп калат. Аздыр-көптүр мүнөзүн билип калгандай болду. – Эмне сени тынчсыздандырып жатат? – Эч нерсе. Кайра сабакка алаксып кетишти. Айдай жаш шакирттерине ыраазы боло карады. – Азаматсыңар, балдар! Ушундай даярдык менен тез эле сахнаны багындырасыңар. – Сизге да рахмат. Ыраазы болгон жүз менен балдар-кыздар тарап кетишти. Эмир эмнегедир ыкшоо турду ордунан. – Эмир, баары жакшыбы? – Жаман болсо жардам берет белеңиз? – Балким, жардам береттирмин. Жигиттин жүзүнөн ишенбегендей ишаратты көрдү. Бир нерсе деп айткыча эшиктен Илим кирип келди. – Саламатсызбы?- деген Эмир сыртка чыгып кетти. – Кандайсың, жаным,- деди Илим Айдайдын жүзүнө тынчсыздана тиктеп. – Жакшы. – Бир нерсе болдубу? – Болду, аялың келип кетти беш күн мурун. – Телефондон айткан жок элең го. – Жүзмө-жүз сүйлөшөлү дедим. – Барчындан башка да бир нерсе болдубу,- деди Илим. Эмирди аркасынан кейип карап калганын байкап. – Бул бала тынчы жок. Сонун даярданып жатып эле кызыгуусу тарап кетет, же маанайы түшүп калат. Эмне болгонун билбейм. – Сен апасы, атасы тууралуу бир нерсе билдиңби? – Атасы бизнесмен экен, апасы оорукчан имиш. Апасын аябай жакшы көрөт. – Сен мурунку оюңдан кайттыңбы? Балким, Эмир менин балам деген оюңдан? – Ал тууралуу азыр сүйлөшкүм келген жок. – Кыйнала бербей анализге жөнөтө салсаң болот, билесиң да аны? – Илим, менин кичине болсо да үмүтүм бар, мен аны кыркып салгым келбейт. Азыр даяр эмесмин, анализге. Менде бул балага кызыктай бир тартылуу бар. Талантына шек жок, бирок колумдан эчен таланттуу балдар өттү. Алардын бирине да мындай тартылган эмесмин. Балким, аз боло да “менин балам аман эсен. Балким, ушу бала” деп ойлогон жагып жаткандыр мага... Аны кой, аялыңа эмне болгон? – Сага кетип калат деп коркуп жатат. Айдай каткырып койду. – Ого бетер коркутуп койдум анда. – Ажырашалы дедим мен, такыр жолотпой жатат. Бирок баары бир ошого барабыз. – Жөн эле жашай берсең болбойт беле? – Тынчтык жок, балдарды мага каршы үгүттөчү болду. Капкайдагы нерселерди айтыптыр. Кызым ыйлап, балам бултуюп мага таарынып жүрөт. "Башкасын билбейм, бирок балдарды курал кылба" дегем ага. Кызыл чийин бар го ар бирибизде. Мен үчүн кызыл чийин балдарым, ошондон ашпа дегем ага. Уккан жок. Күндө уруш-талаш. Кыскасы, сага дагы келиши мүмкүн. Сак бол, бирөөлөрдү жалдашы да ыктымал. Бандиттер менен кандай жакшы мамиледе экенин билесиң. Ошону айтып коёюн деп келдим сага. – Илим, өзүң да сак бол. – Мени эмне кылмак эле... Айдай улутуна Илимдин көкүрөгүнө башын койду. Жөн эле ушундай жан дилиң менен ишенип, кучакташып турганга эмне жетсин. Илим Айдайдын чачын жыттады. Мунун баарын толук жабылбай калган эшиктин кычыгынан Эмир аңдып турганын экөө тең байкашпады... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|