БИР БҮРКҮМ. ЖООКЕР КОКУСТУКТАН КАЗА ТАПТЫ...
№1055 24-февраль-2-март, 2023-ж.
-

Оштогу аскер бөлүктөрүнүн биринин 2 миллион сомдук мүлкүн уурдады деп ошол аскер бөлүгүнүн жооптуу кызматкерлери шектелүүдө.
-
Муфтият: Ошто 12 жашар бала медреседе сабалды деген маалымат жалган.
-
Ош шаарында быйыл 30 миңдей көчөт, 1,5 миллиондой гүл отургузулары маалымдалды.
-
Баткенде курал кокустан атылып кетип, чек ара отрядынын 22 жаштагы жоокери каза тапты.
-
Президенттик адиминистрация: Бишкекке беш жылдыздуу мейманкана курулат, курулуш иши быйыл мартта башталат.
-
Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөргө мунапыс берилгени жатат, мунапыстын долбоору даярдалып, Министрлер кабинетине жиберилгени айтылды.
-
Түштүк Кореяда иш сапары учурунда спикер Нурлан Шакиев Hyundai заводун ачууну сунуштады.
-
УКМК: Сузак районунда аялдарга мыйзамсыз түрдө диний билим берген борбор жабылды.
-
Кар көчкү түшүү коркунучунан улам Нарын облусуна 17-февралда киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды.
-
Нарын РИИБинин башчысынын орун басары жана Тергөө кызматынын тергөөчүсү 20 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
-
Украинадагы согушта дагы бир Кыргыз жараны каза тапканы маалымдалды.
-
Тажикстанда 23-февралда күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө катталды, анын күчү Ош облусунда 4,5 баллга жетти.
-
Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун жетекчиси болуп дайындалды.
-
Экс-депутат Самат Ибраевдин алдамчылыкка шектелип Болгариядан кармалган уулу Бишкекке жеткирилгени кабарланды.
-
Ош шаарындагы мектептерде окуучулардан мыйзамсыз акча чогултуу маселесине көзөмөл күчөтүлөрү маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: