БИР БҮРКҮМ. ДЕПУТАТ 5 СУТКАГА КАМАЛДЫ...
№1057 10-16-март, 2023-ж.
-
.jpg)
Бишкектен жер басып алууга шектелип 2 мамлекеттик кызматкер кармалганы маалымдалды.
-
Сапарбек Асаналиев Нарын ОИИББинин, Дамирбек Исаков Чүй ОИИББинин, Каныбек Абдырахманов ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы болуп дайындалды.
-
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жогору.
-
Сокулуктун Новопавловка айылдык кеңешинин депутаты коомдук тартипти одоно бузду деп 5 суткага камакка алынды.
-
Талантбек Аттокуров Жайыл РИИБинин башчысы болуп дайындалды.
-
Акылбек Жапаров: “Тойканаларга ККМ орнотулган соң алардын төккөн салыгы кескин көбөйдү”.
-
Кыялбек Акматов билим берүү жана илим министринин кеңешчиси болуп дайындалды.
-
Депутаттар коомдук жайда электрондук тамеки чегүүгө тыюу салууну сунушташты, мыйзам долбоору коомдук талкууда.
-
Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.
-
Улуттук статистика комитети: Кыргызстан 2022-жылы 419 миңден ашык смартфон экспорттогон.
-
Бишкектеги троллейбустардын санитардык-техникалык абалы текшерилди.
-
1-7-март күндөрү Кыргыз-Өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.
-
ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөрдү көчүрүү боюнча түшүндүрүү ишин жүргүзүүдө.
-
“Жалал-Абад” санаторийинин башчысынын орун басары бейтаптардан пара алууга шектелип кармалды.
-
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту.
-
Сокулук райондук “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери документ жасалмалоого шектелип кармалышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: