
Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын Тажикстанга убактылуу барбай турууга чакырды. ТИМ 14-мартта жарыялаган маалыматка таянсак, Тажикстан тарап расмий эскертпей туруп чектөөлөрдү киргизүүнү улантууда. Дүйшөмбүдөгү эл аралык аэропортко барган учурда Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү Кыргыз жарандарын өлкөгө киргизбей койгон учурлар катталууда. Мындай учурда жарандар авиабилет сатып алуу же транзиттик зонада кезектеги аба каттамын күтүү үчүн кошумча каржылык чыгымдарга дуушар болушат.
Айта кетсек, Кыргыз тарап үстүбүздөгү жылдын 4-февралынан 21-мартына чейин Тажикстандын “Сомон Эйр” авиакомпаниясынын учактарынын Кыргызстандын аймагы аркылуу учуусуна уруксат берген. Буга аталган компаниянын өтүнүчү себеп болгон. Аталган компаниянын учактары берилген уруксатка ылайык, Дүйшөмбү-Новосибирск-Дүйшөмбү, Дүйшөмбү-Үрүмчү-Дүйшөмбү багыты боюнча бир нече жолу учарын Кыргыздын Жарандык авиация агенттиги маалымдаган.
2022-жылы сентябрда Тажикстан Баткенге куралдуу кол салгандан кийин Кыргызстан аталган өлкөнүн учактарына аба мейкиндигин жапкан эле.