БИР БҮРКҮМ. ӨЗГӨНДӨ ЖЕР КӨЧКҮ ЖҮРДҮ...
№1059 24-30-март, 2023-ж.
-
.jpg)
2022-жылы Кытайдан Кыргызстанга 1354, 2023-жылдын алгачкы 2 айында 604 электромобиль алынып келгени маалымдалды.
-
Улуттук статистика комитети: Учурда өлкөдө жумушсуз катары расмий каттоодо турган 74 миң жаран бар.
-
21-мартта Кара-Балтада бир кишини поезд сүзүп кетип, жаран ооруканадан каза тапты.
-
Ысык-Көлдө жаранды опузалап акчасын тартып алууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалганы айтылды.
-
21-мартта Ооганстанда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, анын күчү Кыргызстанда 3 баллга чейин сезилди.
-
22-мартка карата Токтогул суу сактагычында 7 миллиард 875 миллион метр куб суу калды.
-
УКМК: Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин калкалоосу астында иштеп келген жашыруун казино табылды.
-
Улук Кулукеев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.
-
Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-апрелде аяктайт.
-
Кыргызгидромет: Жакынкы күндөрү өлкөдө үшүк жүрүшү күтүлбөйт.
-
Салмагы 500 килограммдан ашкан баалуу металлды Кыргызстандан алып чыгууга тыюу салынды.
-
Президент Садыр Жапаров быйыл май айында Кытайга мамлекеттик иш сапар менен барары айтылды.
-
Бишкектин "Тазалык" ишканасынын мурдагы жетекчиси Рыспек Сарпашев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды.
-
Жалал-Абад облусунда тийиштүү лицензиясы жок иштеп жаткан 78 стоматологиялык клиника убактылуу жабылды.
-
22-мартта Озгөн районунун Карл Маркс айылынын аймагында жер көчкү жүрдү, жабыркагандар жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: