Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЧЫН ЭЛЕ ТЕРРОРЧУБУ же бейкүнөө адамдарбы?

№428 14-20-январь, 2011-жыл.


Мезгил үнү

Кыргыз милициясы буга чейин болуп көрбөгөн окуяны баштан өткөрүп турган чагы. Анткени террордук иш-аракетти көздөгөн “жихадчылар” коомчулуктун коопсуздугуна коркунуч келтирип, жагымсыз окуя жаратышууда. “Террорчу аталып жаткан бул жарандар кимдер?” деген суроонун тегерегинде иликтөө жүргүздүк.

ЭСКЕ САЛСАК...
4-январь күнү Бишкектин 8-кичи­райо­нундагы №8/1-үйдө милициянын үч кызматкерин аты-жөнү белгисиз төрт жаран атып кетишкен. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин билдирүүсүнө таянсак, эки кызматкер белге, желкесине ок жесе, үчүнчүсүн төшкө атышкан. Ар бирине 7-8дей ок тийген. Мөндүрдөй жааган октон үйдүн дубалы, ал гана эмес, батарея жарылып, андан аккан ысык суудан денелер күйүп да калган.
Окуя болгон жерге жетип келген опера­тив­­­дүү топ кылмышкерлер жашаган бөлмө­дөн жардыруучу зат, уюлдук телефон, ноутбук жана кылмышкерлердин курал менен машыгып жаткандагы сүрөттөрүн табышкан. Кылмышкерлерге «террордук топ» деген тыянак менен издөө салынган. Окуя болгон күндүн эртеси эле борборго жакын Беш-Күнгөй айылында жүргүзүлгөн атайын операцияда издөө салынгандардын экөө – Советбек Исламов жана Азим Султанкулов жок кылынып, Эдил Абдрахманов кармалган. Калгандары издөөдө. Жана да бул операцияда «Альфа» атайын кызматынын кыл мергени Жеңишбек Бабараимов оор жаракат алып, ооруканага жетпей каза болгон. Лейтенанттын артында эки жаш баласы калды.

БЕШ-КҮНГӨЙ АЙЫЛЫНА КАНТИП БАРЫП КАЛЫШКАН?
«Кылмышкерлер милиция кызматкерлерин аткан соң BMW унаасы менен Токмокту көздөй кетишти» деген маалымат тараган болчу. Эртеси алардын Бишкектен өтө алыс эмес Беш-Күнгөй айылында жүргөндөрү маалым болуп, ошол жерде атайын операция өткөрүлгөн. «Токмокту көздөй кетишсе, кантип Беш-Күнгөйдө болуп калышат?» деген суроо туулбай койбойт. Айрым укук коргоо кызматкерлеринин маалыматтарына таянсак, кылмышкерлер чын эле Токмок шаарына барышкан. Аларды жолдон МАИ кызматкерлери да токтотушкан. Айдоочунун документтери жайында экенин көргөн МАИчилер автоунааны коё беришкен. Ал эми ичиндегилер жол коопсуздугун көзөмөлдөгөндөрдө шектенүү пайда болсо эле ок атууга даяр болуп, автоматтары менен отурушкан экен. Токмокко барган кылмышкерлер кандайдыр бир себептер менен Беш-Күнгөй айылына жол тартышкан.

“ЭДИЛДИ КОРКУТУП АЛЫП ЖҮРҮШКӨНБҮ ДЕЙМ”
«Жихадчылардын» бири катары шектелип кармалган Эдил Абдрахмановдун ата-энесине жолугуу үчүн Көк-Жар айылына бардык. Атасы Алымжан коңшу-колоңго таанымал, кадырлуу адам окшойт, сураштырганыбызда эле «ушул үй» деп көрсөтүп беришти. Үйдөн чыккан адам Эдилдин таякеси Тыныбек Сулейманов экенин айтты:
– Биз Эдилдин адвокаты аркылуу эле сүйлөшүп жатабыз. Адвокаты бүгүн «оң көзүнө ок тийиптир, операциядан жаңы эле чыкты. Дары-дармегине акча алып келип бер» деди. Азыр Эдилдин каякта экенин билбейбиз. Чуулгандуу бул ишке анын чын эле катыштыгы барбы, жокпу, ал иликтөө иштеринен кийин билинет да. Бизде мындан башка маалымат жок, болгону ушул.
– Адвокатты өзүңөр жалдады­ңарбы?
– Нурлан деген жигит экен. «Мени адвокат кылып бекитишти» деп өзү телефон чалды. Биздин оюбузча, Эдилди ошол топтун адамдары коркутуп алып жүрүшкөн. Өзү ыйкы-тыйкысы жок, тынч жүргөн, 5-6 жылдан бери намаз окуган ак көңүл жигит эле. Баамымда, Эдил мечиттен жанагыларга жолугуп калып, ушундай иштерге капысынан кабылды окшойт. Өзү таксист болуп иштечү. Ата-энеси ажырашып кетишкен. Атасы башка үй-бүлөсү менен өзүнчө турат. Апасы Эдил жана андан улуу баласы менен Орусияда иштеп жаткан. Улуу баласы квас ичип ууланып, каза болуп калды. Анын жылдыгы да өтө элек. Апасы «сен бул жердеги үй-жайды кара» деп Эдилди ушул үйгө таштап, Орусияга кеткен эле. «Жаңы жылды балам менен тосоюн» деп атайын 27-декабрда бул жакка учуп келген. Анан эле ушундай иш болуп кетип жатпайбы. Апасынын азыр жүрөгү ооруп, дарыланып жатат.
– Эдилдин үй-бүлөсү барбы?
– Бир кыз, бир уулу бар. Окуя болгондон кийин келинчеги төркүнүнө кеткен.
Кимдир бирөөнүн азгыруусунан же коркутканынан бул ишке кириптер болдубу деп жатпаймынбы. Дегеним, кармалганда ошол жердегилердин айтуусуна караганда, «мени атып салгылачы, эч кандай күнөөм жок!» деп кыйкырып сураныптыр.

“РУСЛАН 27-ДЕКАБРДА ЕГИПЕТКЕ КЕТКЕН”
«Чуулгандуу окуяга тиешеси бар» деп шектелип, издөө жарыяланган 29 жаштагы Руслан Дөөткуловдун бир тууган иниси Нурлан Дөөткулов буларды айтып берди:
– Агам Руслан 26-декабр­дан 27сине караган түнү Каирге, 8 жылдык окууга учуп кеткен. 5-6 ай мурун эле кетмек, бирок виза жасоодо маселе чыгып, күтүүгө аргасыз болду.
Байкем Каирге өзү жалгыз эмес, жеңемди, 8 айлык баласын кошо алып кеткен. Алматыдан атам өзү салып жиберген эле. Анан сыналгыдан сүрөтүн берип, издөө салып жаткандарына түшүнбөй турабыз.
– Кеткенден кийин байланыштыңар беле?
– Өздөрү «аман-эсен жеттик. Окууга кириш үчүн окуу жайдын ректорунун колун күтүп жатабыз» деп чалышкан. Жеңем биздеги Ислам университетинде окучу. Биз азыр алар менен байланыша албай жатабыз. Анткени аларда телефон жок эле.
– Каирге кеткенге чейин эмне иш кылчу?
– Курулуш тармагында иштечү. Беш маал намазын үзбөй окучу. Бир үйдө чогуу тургандыктан, байкемдин кандай адам экенин жакшы билем. Ал кичинекей, арык, жоош адам болгондуктан, мындай иштерге барганына ишене албайм.

“МЕЧИТКЕ КЕЛИП ТУРЧУ”
“Жихадчылар” деп шектелгендердин үчөө Бишкектин Арча-Бешик конушунда жашай тургандыгы аныкталган. Андыктан аталган айылдын мечитине баш бакканыбызда имам Абдумухамбет Маматкулов төмөндөгүлөргө токтолду:
– Беш убак намазын окуу үчүн биздин мечитке саналуу эле киши келет. Руслан деген жигит анда-санда келип калчу.
– Берген интервьюларыңыздын биринде Русландын окуган намазы сиздердикине дал келбегенин айтыптырсыз. Муну кандай түшүнсө болот?
– Исламда төрт мазхаб (аалымдар көрсөтүп берген жол) бар. Мусулман баласы каалаган мазхаб боюнча намаз окуса болот. Бирок анын кайсы мазхабды же фирканы (агым) окугандыгын билбейт экем. Негизи, биз имамазам мазхабын окуйбуз, анын кыймыл-аракети бир аз башкача болчу.
– “УКМКнын кызматкерлери ар бир мечитке жашыруун камераларды орнотуп коюшат. Шектүүлөрдү ошентип кармашат экен” деген сөз чынбы?
– Жашыруун камералар жок, бирок УКМКнын кызматкерлери тез-тез келип, “жат көрүнүштөр байкалган жокпу?” деп сурап, текшерип турушат.

МИҢ-КУШТАГЫЛАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Издөө салынгандардын экөө: Данияр Кадыралиев жана Азим Султанкулов Миң-Куш айылында төрөлүшкөн. Аталган айыл өкмөттүн катчысы Равит Кожомуратов Данияр менен Азимдин бир нече жыл мурун эле Бишкекке кеткенин маалымдады.
– Данияр мындан 7-8 жыл мурун Бишкекке­ кеткен. Атасы жогорку билимдүү, 30-40 жылдан бери башкы инженер болуп иштеген адам. Ата-энесинин Чүй жакка көчүп кеткенине үч айга жакындап калды.
Азим болсо бир ай мурун ашар жолу менен салынган Миң-Куштагы мечитке келип демөөрчү болуп кеткен экен. Мектепте окуткан мугалимдери “жакшы окуган тартиптүү балдар эле” дешүүдө. Анан буларды кандай шайтан азгырганын билбей жатабыз.

“МАШИНА КАЙРАТКА ТААНДЫК БОЛГОН”
Террорчу деп шектелгендердин арасындагы Кайрат Салиевдин туугандары анын Кореяда иштеп жүргөндүгүн айтышып, таң калышууда. Милиция кызматкерлеринин өлүмү боюнча берилген маалымат жыйынында журналисттердин бири бул боюнча Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге суроо узатты. ИИМ жетекчисинин жообу мындай болду:
– Иликтөө иштеринде кылмышкерлер окуя болгонго чейин минип жүргөн машина Кайрат Салиевге таандык экени аныкталды. Эгер анын Кореяда жүргөндүгү чын болсо, ата-энеси келсин, бизге түшүндүрүп берсин. Дагы иликтөө жүргүзүлөт, такталат.

“БУЙРУКТУ БЕРГЕНДЕР СОТТОЛУШУ КЕРЕК”
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев­ Ички иштер министрлигинде укук коргоо кызматкерлери менен жолугушту. Беш-Күнгөй айылында «жихадчыларды» кармоодо жүргүзүлгөн операцияда «Альфа» кошуунунун каза болгон кызматкери Жеңишбек Бабараимов 7-апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири экендигине токтолду. “Каза болгон «Альфачы» массалык ок атууга күнөөлөнүп, иши сотто экендиги белгилүү. Чынында, буйрукту аткаргандар эмес, аны бергендер соттолушу керек. Ошондой эле террорчуларды кармоо операциясына катышкан кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү зарыл. Ал эми ИИМдин каза болгон 3 кызматкеринин жана
УКМКнын 1 кызматкеринин үй-бүлөсүнө Бишкектен үй берилет, балдары өкмөт тарабынан камкордукка алынат”
,- деди өз сөзүндө.

КУРАЛДАР МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫНА ТААНДЫК
Ички иштер министринин орун басары Николай Солдашенконун айтымында, “террорчу” деп айыпталып жаткандардан алынган автомат Мамлекеттик күзөт кызматына таандык болуп чыкты. Куралдардын 7-апрель күнү жоголгону аныкталды. Учурда кандайча “жихадчылардын” колуна түшүп калганы иликтенүүдө.

ЖЕТЕКЧИЛЕР КЫЗМАТТАН БОШОТУЛУШТУ
4-январь күнү 3 милиция кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу Ички иштер министринин орун басары Айтмамат Рахманов бир нече адамдын жумуштан алынганын жарыялады. Анткени документ текшерип жүрүп капыстан каза тапкан кызматкерлердин жанында табелдик тапанча болгон эмес. Бул үчүн Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары Осмонкул Исаев, Коомдук тартипти камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Калысбек Балтабаев, аталган РИИБдин алдындагы №5-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алижанов кызматтан алынды. Октябрь РИИБинин башчысы Мадияр Кулуевди да кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган, бирок ал ооруп жатканына байланыштуу азырынча чечим күчүнө кире элек. Булардан тышкары Бишкек шаардык БИИБинин экономикалык кылмыштар менен күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкери Асан Чалбаев жумушунан бошотулду. Анткени шектелгендер жашап жаткан мейманканага каза тапкан 3 милиция кызматкери менен бирге кирүүгө тийиш болсо да, кирбей, сыртта калган.

Беш-Күнгөйдөгү атышууда каза тапкан “альфачы” Жеңишбек Бабараимов боюнча далай суроолор жаралууда. “Апрель окуясында элге каршы ок атып, массалык адам өлтүрүүгө катышкан” деп айыпталып, үй камагында жаткан “альфачынын” олуттуу операцияларга катышуусуна мыйзам жол береби? Бул өңдүү суроолор абдан көп. Бирок УКМКнын маалымат кызматы классикалык шылтоого айланган “тергөө-иликтөө жүрүп жаткандыктан, азырынча эч кандай маалымат берилбейт” деген кеп менен гана чектелүүдө.

Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

ЖАШТАРДЫ ДИНИЙ ЭКСТРЕМИСТТЕРДИН АЗГЫРЫГЫНАН КАНТИП КОРГООГО БОЛОТ?

Динара Акулова,
46 жашта, ырчы:
– Жаштар көбүнчө диний экстремисттерге акча жогунан улам тартылууда. Экстремисттердин акчасы көп. Андыктан жаштарды жаман таасирлерден коргойбуз десек, алгач жумуш менен камсыз кылышыбыз керек.

Эрмек Алтыкенов,
57 жашта, инженер:
– Эгер билими, аң сезими күчтүү адам болсо, эч кандай экстремисттердин азгыруусуна алдырбайт. Андыктан жаш муундардын интеллектуалдык деңгээлин өстүрүүгө бүт аракетибизди жумшайлы.

Айзат Чыналиева,
22 жашта, студент:
– Жаштар экстремисттерге бекерчиликтин айынан кирип кетишет. Бийликтегилер жаштарды мындай жолдон коргойбуз дешсе, ар бирин бекерчи кылып көчө таптатпай, жумуш менен камсыз кылышы керек.

Темирлан Акматов,
29 жашта, журналист:
– Эне мектеби ушунчалык күчтүү болот. Андыктан адамдын туура эмес ишке же чөйрөгө тартылып жатканы байкалса, энесинин кеп-кеңешин, таалим- тарбиясын эсине түшүрүп коюш керек.

Гүлсия Калыева,
60 жашта, пенсионер:
– Ата-энеси гана коргой алат дейм. Ар бир ата-эне баласынын каякка барып, эмне иш кылып жүргөнүнө көзөмөл салып, туура жол көрсөтүп турууга милдеттүү.

Нарынбек Чокеев,
46 жашта, механик:
– Кээ бир дааватчылар милдетин билбей, дин боюнча туура эмес маалымат беришет. Анда жаштар экстремисттердин таасирине кирип кеткенин да байкабай калышат. Маалыматты сабаттуу берип, ыйманга чакыруу керек.

Жакут Сыдыков,
33 жашта, куудул:
– Жаштарга дин жөнүндө маалымат бергенде туура бериш керек. Азыр чала молдо дин бузарлар көбөйдү. Башын айлантып, эмне экенин түшүндүрбөй, туура эмес жолго жетелөөдө.

Бактыгүл Сокушова



Жаштарды диний экстремисттердин азырыгынан кантип коргоого болот?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
16.01.2011. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kimge iweneerimdi bilbei kaldim,alista jurso ozu,terrorist dep surotundu TVdan berip jatsa kandai abalda bolosun,jakwilap izildewse bolmok,je men tuura emes tuwunup aldimbi?????
SUPER.KG видео
16.01.2011. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Emesi,emetip" degen soz moda bolup jatkan go KG da?
SUPER.KG видео
16.01.2011. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshi dagi suyloy alishpayt, eme, eme!, dep ele kechke.
16.01.2011. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SubhanAllah kimden surashty dagy tabypsyzdar:) Ushul suilogon adamdar din emne ekenin bilbegen uchun ar kanday sunushtardy aityp jatyshat! Bir gana Islam adamdyn kulk munozun ondoyt! Biz kimden ulgu alaylyk bir gana Paygambarybyzdan ulgu alaylyk! "Egerde kim biroonu bey gunoosuz olturso,al butun adam zatyn olturgon bolot, a kim bir adamdy olumdon kutkarsa al butun adam zatyn kutkargan bolot" dep SAHIH hadisterde kelet! Al jerde bolgon okuyaga Islamdyn tieshesi jok,bul kriminalga Islam karshy!!!
16.01.2011. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакут туура айтасын. ал эми эдил менен руслан беш маал намазды узбой окушкан экен демек буларды азгырган.
16.01.2011. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жихадчылар деген олумго дайар болушат. еч кимден коркушпайт бир гана аллахтан коркушат. бирок аларга биртке туура емес тушунук пайда болуп кеткен.
16.01.2011. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноокат районуна караштуу "Кок-Жар" айылында мындайлар быкпырдай кайнайт.Мен бул жыл айылга келсем,айылда бир топ эле киши сакал коюп динге аябай берилип кетиптир.Мен буларды экстремист деп айтыштан алысмын,бирок,кыймыл-аракеттери шексинтпей койбойт.Кантип эле бир убакта ошончо адам ичиндеги шайтанын женип динге берилип кетсин.Кызык жагы бир-канчасы алкаш эле.
16.01.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динди туу тутушубуз керек,бирок,ушуга окшогондор динди аралаштырып ташташты.Дин тууралуу бирдеке айтып койсон элдер шексинип карайт.Буларга чукул чара коруу керек.Айылдагы аксакалдарга тан каласын.Катмы-тойго барганда кешик алганды билишет.Ушундайда унчукпай отушат,аралашпай эле коёлу деп.Себеби,аларда да диний билим жок.Тигилер болсо,тоо десен бээ деп шап этирип суйлогон жеринден кармап турушат.Себеби,оздорунун китептери бар.
16.01.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tigi bolgon okuya,bul sayasat !!!toonun astyndagy i ewe e4 kim jawabagan uygo baryp alyp jardyrywyp,kalp ele...ne keregi bar alarga !!! bul sayasat !!! KGny azyr evreyler bawkarat !!!alar musulmandarga karwy,Allahtyn naalatyna kalgan elder !!!alardyn ar bir kyimyly,musulmandy jok kyluu,alardyn arasyna,fitna jaiyltuu...bul bolgon okuya uwul ak dindi dep uwul eldi ak jolgo islam joluna 4akyruu4u kele4ektegi baldarybyzga,toskoolduk i tiyuu salganga en bir negizgi sebep boldu alar uchun !!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
17.01.2011. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунуз кандай суйлойт экенсиз ? жазышы , жакшы эле жазат экенсиз....
17.01.2011. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коопсуздук кызматчыларына деле ишенип болбойт, Бизге асмандан эле биро тушуп ондобосо, болбой калдык окшойт.
17.01.2011. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
– Эгер билими, аң сезими күчтүү адам болсо, эч кандай экстремисттердин азгыруусуна алдырбайт. Туптура айткан бул 1) адамдын алсыздыгы, 2) акчага азгырылгандыгы, 3)коркутуу жолу м-н гана келип чыгат.
25.01.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya horowo znayu etu sistemu... nado bylo ubrat' togo snaypera... po etomu oni imenno ego otpravili... a po4emu drugih ne vzyali..? da opyat' politika...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: