Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)№1059 24-30-март, 2023-ж.
Бала кезимде мени доктурга эч ким алып барган жок. Төшөккө сийип койгонумдун айынан доктурга барганым эсимде жок. Башка себептер менен доктурга баргам, ооруканада жаткам. Апамдын эри катуу сабап коюп, 2-3 жолу ооруканага түшкөм, балдар менен мушташып ооруканага түшкөм. Бирок ушул оорунун айынан ооруканага барганым эсимде жок... Менин мушташкым келчү эмес дебедимби, ошентсе деле 8-9-класстан тартып көп мушташа баштадым да. «Сийгек» дегендин баарын сабап койчумун. Тиги кишинин балдарын деле сабап койчумун. Ошондон кийин гана мени эч ким бетиме «сийгек» дебей калган. Ошондо деле көбү «жинди» дегенин токтоткон жок. Айрыкча улуу кишилер. «Жинди», «Айнагүлдүн жинди баласы» деп эле чакырып жүрүштү. Чоң кишилерди сабамак белем? Унчукпай эле тим болчумун. Апамдын эрин сабаган жокмун. Көп эле жолу сабагым келди, бирок сабаган жокмун. Үйдөн кетпесем, балким, сабамакмын. Жадакалса эмгиче өлтүрүп коёт белем, билбейм... Бирок мен үйдөн кетип калдым да. Мектепти бүткөн жокмун, 10-класста окуп жүргөндө кетип калгам. Ошол бойдон кайра үйгө кайтып барган жокмун...» – У-у-уф! Ушундай сөздөрдү уктум. Ушундай тагдыры бар адамдын сөзүн уктум. Мен сага анын сөздөрүнүн көбүн кылмыш ишине байланыштуу моюнума илинген жоопкерчиликтен улам айтып бере албайм, айтып берсе боло турган жерлерин кайра өзүндөй кылып кайталап айтып бере албайм. Ирети менен да айтып бере албайм. Врачтар да демейдегидей ирети менен сурамжылай алган жок. Кылмышкерим өзү да ирети менен сүйлөй алган жок. Темадан темага секирип кетип жаттык... Бирок ушуга чейин такыр сүйлөбөгөн кылмышкерим бул жолу башкача сүйлөдү. Кудум бирөөнүн жашоосун айтып берип жаткансып сүйлөдү. Кеп өзү тууралуу эместей, жер тиктеген бойдон, колун ушалап отуруп сүйлөдү. Ошол жерде өзү жок, бирок бар дагы... Башынан аягына чейин өзүн ыңгайсыз, оңтойсуз сезип отурду, бирок бир жолу да ачууланганын, баштагыдай кыжыры келгенин байкаган жокмун. Угуп отуруп өзүн өлтүрө албаса да, эмоциясын өлтүрүп тынганбы деп ойлоп кеттим. Ушул жашка чейин он жолу өлүп алса жарашмак экен деп ойлоп кеттим. Анан врачтар анын денесин текшерди. Алар кокус кылмышкерди менин алдымда чечинтип калса, мен ар дайым тескери карап турам, тескери карап туруп котором. Бул жолу тескери бурулган жокмун. Анын денеси толтура так, тырык экен. Башы да ошондой. Соо жери жок... ххх – Адам издеп жүрдүм. Тирүү адамды издеп жаткам, өлүгүн таптым. Өлүкканадан табылды. Мендейди «бешенеси жок» десе керек... Көп эле киши издеп, издешип жатканбыз. Ошончо адамдын ичинен өчөшкөнсүп жоголгон кишини мен таптым. Үч-төрт жерге телефон чалып эле таап алдым. Жолдо баратып эле жүрөгү токтоп калыптыр. Эми анын аялы, жакындары «жакшынакай эле жүргөн, жапжакшынай эле болчу!» деп ыйлап жатат. Жакшынакай жүргөн киши өлмөк беле? Анын жакшынакай эмес экенин, абалы жаман экенин эч ким байкабай калып, анан өлдү да... Жаш эле киши экен... Жоголгон кишини эле табышып коём деп ойлогом. «Груз-200» жиберүүгө да чала-була аралашып кеттим. Өлүк «биздики» экенин тастыкташ үчүн туугандарын өлүкканага ээрчитип бардым. Оорукананын катар тизилген корпустарын, аларга тынбай кирип-чыгып жаткан адамдарды аралап өттүк. Өлүккана деле ошол короодо, ошол корпустардын катарында жайгашыптыр. Өзүнчө тосулган коргону деле жок. Бирок баары бир айырмаланат экен. Өз алдынча, обочодо тургансып көрүнөт экен. Тирүүлөрдү, тирүүлүктү аралап өтүп эле жашоо бүткөн жерге келип калгансыдым. Алдына жеткенде, биз азыр аралап өткөн кайнаган, күүлдөгөн жашоонун үнү дароо угулбай калды. Негедир айлана тымтырс боло түштү. Муздай түштү. Өлүккананын алдында бирин-серин адамдар туруптур. Биз да ошол “үмүтү үзүлгөндөрдүн” арасына барып кошулдук. Тирүү табабыз деп алып, өлүгүн таап берип жатканым өзүмө катуу тийди. Табылды деп бир жакын тууганына айткам, өлүкканага ошол эле келсе керек деп ойлогом. Андай болбоду. Биздин артыбыздан дагы көп кишилер келди. Алардан сырткары өлгөн кишинин аялы, бойго жетип калган кызы, эки карындашы келди... Кимиси ким экенине маани бербей эле тургам, бирок эки карындашы келип эле өлгөн кишинин аялын чачтан алды. Алар шордуу аялды «сен жедиң, сен түбүнө жеттиң! Акмак! Жетесиз!» деп кыйкырып, жулмалап кирди. Аял да кыйкырды. «Силер жедиңер! Табагыңарга чейин акеңерге алдырып, эриңерге чейин кошо бактырып жүрүп силер жедиңер! Силерди багам, тындырам деп жүрүп...» деп кыйкырды. Үчөө тең кишинин өлүмүнө өзүн күнөөлүү сезип, бирок күйүтүнө чыдабай эле бири-бирине асылып, бири-бирине күнөөнү оодарып жаткандай көрүндү мага. Сөздөрдүн жарымын ый жутуп кетти. Аялдар кыйкырып да жатты, ыйлап да жатты. Апасын калкалаганы аракет кылган кыз гана кыйкырган жок. Көзүнүн жашын мөлтүлдөтүп, алдынкы эрдин кесе тиштеп, улам апасын эки эжесинин колунан сууруп чыгып, улам ортого түшө калат. Эки аял кызды башка-көзгө койгулап жиберди. Алар кыздын апасын урмак, бирок ортого түшө калганынан улам шапалак деле, муш деле кызга тийди. Бир эркек ашатып сөгүндү. Аялдардын кайсы бирин, кимисин сөктү билбейм, бирок ыйлап да, «энеганаңды!» деп ашатып да жатты. Башка жакта, башка жерде ушундай окуя болсо жок дегенде эл үймөлөктөп, таң калып карап, бирөө-жарым полиция чакырат эле. Бирөө болбосо бирөө сөзсүз “тойгуздуңар!”, “тажаттыңар!” деп айтмак. “Маданиятсыздар, өз өлкөңөргө кеткиле!” демек. “Жапайылар!” демек. Бирок өлүккананын алдында андай болгон жок. Биздин ызы-чууга маани бербей, көрмөксөн болуп өтүп кеткендер болду. Кайрат айткандар болду. Кошулуп ыйлагандар болду. Өлүккананын ичинде “ээсин” күтүп жаткандар эле бирдей абалда го деп ойлогом. Өлүккананын сыртында тургандар деле бирдей абалда экенбиз. Баарыбыз бири-бирибизди түшүнүп, аяп тиктеп, окшошуп бозоруп турдук. Бөлүнө албай турдук. Өлүмдүн алдында баары бирдей деген ушул болсо керек... Аялдарды эптеп ажыраттык. «Койгула! Пендечилик... Кудайдын буйругу экен... Кудай бешенесине ушуну жазган экен» деди кишилер. Төрт аял төрт жерде уңулдап отуруп калды. Мен ыйлап жаткан адамдарды, алардын көздөрүн такыр тиктей албай четте турдум. Аларды соорото да алган жокмун, аларга кошулуп ыйлай да алган жокмун. Экөө тең колумдан келбейт экен. Бир четте жер тиктеп тура бердим. Жердин көзү жок экенине сүйүндүм. Ошого ырахмат! – Эже, сиз келгенче, Осмондун башы 3000 долларга бааланып кетти. Дин фанаттарына каршы сүйлөп койгон экен, эми алар аны туш-тараптан талап, ал тургай башына акча сайып жиберишти. – Чала-чарпыт көрдүм. – Тиги Осмондун башына акча сайган адам мугалим экен. Окуянын эң трагедиялуу жери ушул... – Мага иним акча сурап жазган экен. «Осмондун башын алып барып бер» деп койдум. – Сиз экөөбүз ушул гүлдөгөн, өнүп-өскөн өлкөнүн акыны болобуз, буюрса... – Аны экөөбүз көрбөйт окшойбуз. Ырыбыз көрөт. Бирок «ыр жазган күнөө» дей башташты. Бул кетиште экөөбүз аянтта көчүктү тыттырып, балактан өлөт окшойбуз. – Анан кийин биз тууралуу «көчүгү тытылып баланчанчы жылы өлгөн» деп жазышабы? – Ооба, «Ала-Тоо» аянтында сиңдиси 100 балакка чыдаган, эжеси 200 балакка барып жан берген» деп жазышат. – Мен 50дө эле тынчыйм. Мен тынчыгандан кийин тыта беришет. – Кызыксыз болот турбайсыңбы анда... – Эми эмне болот, эже? – «Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин» деген адамдар азаймайын, бир муун тазаланмайын, абалыбыз ушул эле болот го. Ага чейин ушундай дин десе баш кесет деп түшүнгөн түркөйлөр кенен тамыр жайып кетсе, мамлекет түгөнөт. – Өлкөнү күрөөгө коюп жиберишти... – Осмондун башына сыйлык сайган адамдын кылыгын кара. Мен жазган эмесмин, менин атымдан бирөө жазыптыр, мен телефонумду он күн мурда сатып жибергем деп жанын жеди. Жалган айткан динде күнөө эмеспи эмне? – Адамдын башына акча сайылып жатса, бир акын жазып жатат, «Осмон түрк дагы эмнени баштады?» деп. Бул акындын сөзү, акындын деңгээли, акындын акынга болгон мамилеси! Аны адамдын башы кетери ойлонткон да жок. Осмондун ким экени ойлонтуп жатат... (Уландысы кийинки санда) "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(2)
asdef
![]()
27.03.2023. 12:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каша кылбай кичине түшүнүктүрөөк кылып жазгылачы?
rtuiop
![]()
28.03.2023. 23:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef
Кунт коюп арасынан таштап койбой катары менен окусан тушунуктуу эле. Эки адамдын маегинен, баарлашуусунан, кат жазышуусунан келип чыккан чыгарма
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|