БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ҮШҮК ЖҮРӨТ...
№1060 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
-
.jpg)
Башкы прокуратура: Чүйдө 66 гектар жерди мыйзамсыз сатууга аралашкан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аныкталды.
-
27-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун азайышы токтоп, көбөйө баштаганы айтылды.
-
Аксы райондук электр түйүндөрү (РЭС) ишканасынын 26 жаштагы текшерүүчүсү пара алып жатып кармалды.
-
“Альфа Телеком” ишканасына жабдыктарды атайын кымбаттатылган баада сатып алган деп шектелип ишкананын мурдагы жетекчилеринин бири кармалды.
-
Жакынкы 15-20 жылга карата Бишкек шаарынын жаңы башкы планы иштелип чыгары маалымдалды.
-
Быйыл Ысык-Көл облусунун өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен 82,4 миллион сом бөлүнөрү айтылды.
-
Сузактын Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы мыйзамсыз жер сатууга шектелип кармалды.
-
Ошто чет элдик жарандарга Кыргыз паспортторун мыйзамсыз жасап берген деп шектелип 1 жаран кармалды.
-
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги болуп кайра түзүлдү.
-
Бишкектин Ленин районунун акими Русланбек Тагаев кызматынан бошотулду.
-
УКМК: Жалал-Абад мамлекеттик университетинин деканы 12 миң долларга чет элдик жарандарга диплом жасап бергени аныкталды.
-
Спикер Нурлан Шакиев 29-мартта Токтогул ГЭСинин иши менен таанышты.
-
Талас шаардык кеңешинин төрагасы Адылбек Жусупбеков кызматтан кетүүгө арыз жазды.
-
1-3-апрель күндөрү өлкө аймагында үшүк жүрөрү эскертилди.
-
Шералы Камчыбеков Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
-
Ош шаарында банкоматтарды талкалап акча уурдап жүргөн деп шектелип 2 жигит кармалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: