
Кыргыздын белгилүү хирургдары
Мамбет Мамакеев менен
Эрнст Акрамов 42 жылдан кийин элдешти. Жарашуу демилгесин
Мамакеев көтөрүп, эки хирургдун жолугушуусу быйыл 17-мартта өткөн. Жолугушуу учуру тартылган видеодон
Мамакеев таарынычтардын баарын унутканын кайра-кайра кайталап,
Акрамовдун колун бекем кармап алып ага жакшы сөздөрдү айтканын көрүүгө болот.
– Кырк жыл өттү, көрүшпөдүк. Сени көргөнүмө абдан кубанычтамын, коркунучтуу убакыт өтсө да, мен сени эч качан унутпадым. Менин эң биринчи, эң сүйүктүү окуучум сенсиң. Эң башкысы – өткөндү эстөөнүн кереги жок. Эми мына, карыдык,- деген Мамбет Мамакеев Эрнст Акрамовго чепкен жаап, башына калпак кийгизди.
– Бүттү, мендеги жүктүн баары алынды. Биздин мамилебизди врачтар, айрыкча, хирургдардын баары билет. Эми эки баатыр элдешти деп баары билишсин,- деп кошумчалады аягында.
Эскерте кетсек, Мамбет Мамакеев учурда 96 жашта, ал эми Эрнст Акрамов 86 жашта. Экөөнүн ортосундагы таарынычтын себеби көпчүлүккө белгилүү эмес.