АДАМДЫН ЖҮРӨГҮ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
№1060 31-март - 6-апрель, 2023-ж.
Адамдын жүрөгү мүнөтүнө болжолдуу 70 ирет, суткасына 100 миңдей, жылына 3 600 000 жолу согот.
- Адам жүрөгүнүн көлөмү болжолдуу түрдө сол колдун муштуму менен барабар делет.
- Түйүлдүктүн жүрөгү 4-5 жумалыгынан баштап сого баштайт.
- Эркектердин жүрөгү аялдардыкына караганда оорураак болот. Болжолдуу салмагы эркектердики 310 грамм, аялдардыкы 240 грамм. Жаныбарлардын арасынан эң чоң жүрөк көк китке тиешелүү. Анын жүрөгүнүн салмагы 680 килограммдан жогору болот.
- Аялдардын жүрөгүнүн көлөмү эркектердикинен 20 пайыз кичирээк болгону менен, алардыкына салыштырмалуу батыраак согот. Аялдардыкы болжолжолдуу түрдө мүнөтүнө 75-78, эркектердики 70 ирет согот.
- Адамдын жүрөгү суткасына 7 миң литрден ашык кан айлантат. Жүрөк өмүр бою токтоосуз канды айландырып иштейт. Болжол менен 60 жаштан ашкан адамдын жүрөгү 176 миллион литрден ашык канды айландырат.
- Күлкү – ден соолуктун мүлкү деп бекеринен айтылбайт. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, күлкү жүрөк-кан тамырларынын ички дубалдарын эс алууга жардам берет, ал өз кезегинде кандын агымын жогорулатып, жүрөктүн иштешин жакшыртат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: