БИР БҮРКҮМ. ТЕРГӨӨЧҮ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ...
№1061 7-13-апрель, 2023-ж.
-
.jpg)
Сеул–Бишкек–Сеул түз аба каттамын ачуу пландалып жатканы кабарланды.
-
Каракол шаарында “Унаа” мекемесинин жооптуу кызматкери автоунааларды мыйзамсыз каттаган деп айыпталууда.
-
Башкы прокуратура: Токмокто 31 гектар жер мамлекетке кайтарылды.
-
Өлкөдө мас айдоочулардын саны 1 жыл мурункуга салыштырмалуу 76 пайызга азайганы расмий маалымдалды.
-
Президенттик администрацияда иштегендердин саны 72 адамга кыскартылды, учурда 259 кызматкер бар.
-
Транспорт министрлигинин алдында жол белгилерин даярдоочу цех ачылды, буга чейин жол белгилери Орусиядан алынып келчү.
-
Бишкектин Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды.
-
Самидин Шабыралиев Жүрөк хирургиясы институтунун директору болуп дайындалды.
-
Депутат Тазабек Икрамов 5-каналды жабууга макул эместигин билдирди.
-
Президент кол койгон жарлыктарга ылайык, 1702 адам Кыргыз жарандыгын алып, 46 адам Кыргыз жарандыгынан чыгарылды.
-
Кыргызгидромет: 6-9-апрель күндөрү өлкөдө жаан-чачын күтүлөт.
-
Чүйдө киши өлтүрүүгө шектүү жаран 4-апрелде Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгарда кармалды.
-
Бишкек–Анталия–Бишкек багыты боюнча аба каттамдарын көбөйтүү пландалууда.
-
Оштогу Учар кичи районундагы көрүстөн 95 пайызга толгону айтылды.
-
Жогорку Кеңеш каржы пирамидасын жарнамалагандарды жоопко тартууну караган мыйзам кабыл алды.
-
5-апрелде Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: