БИР БҮРКҮМ. БАТКЕНДЕГИ АЭРОПОРТ 1 АЙГА ЖАБЫЛДЫ...
№1062 14-20-апрель, 2023-ж
-
.jpg)
Омск-Ош-Омск туруктуу аба каттамы жанданганы кабарланды.
-
Бишкекте 31 жаштагы жигит ижарага алып айдап жүргөн унаасын башкага сатып жиберген деп шектелип кармалды.
-
Элчи Идрис Кадыркулов эми Украинага кошо Молдова, Болгария жана Румынияда элчилик кызматты аркалайт.
-
Учурда өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери бар, аларга 9-майга карата 100 миң сомдон берилет.
-
Башкы прокуратура: Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевге кылмыш иши козголгон эмес.
-
Кадамжай райондук ооруканасында уурулук кылып жүргөн деп шектелип 65 жаштагы жаран кармалды.
-
Айыл чарба министрлиги: Орусия ушул жумада Кыргызстандан балык импортоого койгон чектөөлөрүн ала баштайт.
-
Жогорку Кеңештин депутаттык делегациясы расмий иш сапары менен Санкт-Петербургга кетти.
-
Бишкекте 9-май күнү “Өлбөс полк” жүрүшү өтөт.
-
Оңдоо иштерине байланыштуу Баткен шаарындагы аэропорт 1 айга жабылды.
-
Бишкекте милициянын тергөөчүсү 100 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
-
ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору бойдон.
-
11-апрель күнү Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
-
2023-жылкы ажылык сапартын баасы 3900 доллар экенин муфтият эскертти.
-
Баткенде УКМКнын кызматкерине 35 миң доллар пара берип жаткан жеринен жергиликтүү тургун кармалды.
-
Жыл башынан бери Кыргызстанга Орусиянын абагынан 15 жаран которулганы маалымдалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: