БИР БҮРКҮМ. ЭКС-ДЕПУТАТ КАРМАЛДЫ...
№1063 21-27-апрель, 2023-ж.
-
.jpg)
Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн “Алтын тамга” сынагы 25-апрелде өткөрүлөт.
-
Дастан Бекешов: “Президенттин иш башкармалыгы курулуш компаниясына айланып калды, аудиторлор текшериши керек”.
-
Ленин районунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болчулардын саны 20-апрелге карата 20 адамга жетти.
-
Мыйзамсыз жер сатууга шектелип Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалганы кабарланды.
-
Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиев кызматтан бошотулду.
-
УКМК: Ноокат РИИБинин тергөөчүсү 50 миң сом пара алып жатканда кармалды.
-
ИИМ жарандарды социалдык желеде жалган маалымат таратпоого чакырды.
-
Кыргызстанда 3 айда жол эрежесин бузуудагы айып пулдан казынага 119 миллион сом түшкөнү айтылды.
-
Ноокат шаарынын мэри Улан Тургунбаев кызматтан бошотулду.
-
Токмок шаарынын мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Урматбек Самаев “коррупциялык схема түзгөн” деп шектелип кармалды.
-
Президент Садыр Жапаров май айында расмий иш сапары менен Кытайга барат.
-
Кыргыз-Казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрүү пунктунан 84 килограмм алтынды Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды.
-
Таластын Кара-Буура району мындан ары расмий түрдө Айтматов району деп аталат, тийиштүү мыйзамга кол коюлду.
-
ТИМ: Кыргыз жарандарын учурда куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судан өлкөсүнө барбай турууга чакырабыз.
-
Бишкекте жасалма криптовалютаны жарнамалап жүргөн 2 жаран кармалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: