
Бишкектеги №1 гимназия-жатак мектебинин бардык мугалимдери иштен айдалды. Маалыматты ЖМКлардын бирине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов билдирди. Мектеп окуучуларын митингге тартууга мыйзам жол бербей турганын, 17-апрелде аталган гимназияда болгон көрүнүш катардагы окуя эмес экенин белгилейт
Байсалов.
– Мектептин мугалимдери толугу менен жумуштан бошотулду. Балдарды курал катары пайдаланууга жол бербейбиз. Башында мугалимдерди башка мектептерге которуп ишке орноштуралы деп жатканбыз, бирок мындай окуядан кийин баарын иштен айдадык,- деп билдирди чиновник.
Мектепке башка мугалимдер жумушка алынып, жаңы директор дайындалганы маалымдалды.
17-апрелде аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары мектептин короосуна митингге чыгышкан. Алар мектепти башка мектеп менен бириктирүү аракетине каршылык билдиришип, нааразычылык акциясынан улам мектепте сабактар үзгүлтүккө учураган. Мэрия бул мектептеги нааразычылыкты мектептин мурунку директору жаңы дайындалган директорго орун бошотуп бербей койгону менен байланыштырган.