Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)№1063 21-27-апрель, 2023-ж.
Ал башын көтөрсө, чалкалап, башын дубалга жөлөп, көзүн жумуп отуруп алмай адаты бар. Дагы ошентти. Капюшонун көзүнө түшүрө тартып койду. Анын өңүн көрө албай кыжалат болуп жаткам, бирок ал чалкалап отурары менен, мен жер тиктей калдым. Көзүн ачып мен тарапты карап калса аяп жатканымды көрүп калбасын деп жер карап иштеп, жер карап которо баштадым. Эми менин айоом, менин кечиккен айоом эмнеге жарамак эле? Эмнени чечмек эле? Мен ага тамекиден башка эмне бере алмак элем? Жигитти уурданып тиктеп жаттым. Бирок анын жүзүнөн эч нерсе окуй албадым, кайгыны да, кооптонууну да, өкүнүчтү да окуй албадым. Мемиреп отурду, мемиреген бейпилдиги купкуу жүзүнө, жарыкка чагылышып жылтылдаган узун кирпиктерине жарашып да, жарашпай да турду. Тагдыры башка болсо, адам өлтүрбөсө, аял зордобосо, сулуу жигит болмок... Тергөө амалдары тез эле бүттү. Сүйлөгөн жок. Аны сурак кылуу же аны менен башка тергөө амалдарын өткөрүү формалдуу эле нерсеге айланып калды. Баары тез эле аяктайт. Кетерде тамекимди таштап чыктым. Кийинки жолу ашыкча тамеки көтөрө келейин деп чечтим. ххх – «Адамда каалоо болсо, бар-жокко үлгүрөт» деген сөз жалган экен. Москвада эч нерсеге үлгүрбөйт экенсиң, жашоону үзүл-кесил, тийип-качып жашайт экенсиң. Ойлоп көрсөм, «Кыргызстанга барганда, акча чогултканда, үй алганда...» деп бардык жакшылыктарды кийинкиге калтырып жашап жатыппыз. Ушул туурабы, эже? Куру үмүткө алданып жашай бергенибиз туурабы? Биз качан чындап жашап баштайбыз? Качан Кыргызстанга кетебиз? «Кыргызстанга барганда...» деп жүрө бербей, биз деле эл катары жашаганга аракет кылсакчы? Москвада туруп деле акын болуп, өзүбүздү акын сезип, кечебизди өткөрөлү... Же китеп чыгаралы... – Мейли, чыгар. Канча ырың бар? – 13 ырым бар экен. – Менин 18 ырым бар. 18 ыр менен китеп чыгабы? – «Жаза коёбуз» да. – Ой, бир китептик ыр жазабыз деп көзүбүз чыгат го. Жөн өлтүрбөйсүң кишини. Жакшына жүргөндө... – Мен 13 ырды эле тиктеп отурам. Аз келгенсип, 13ү тең жакпайт. – Мага эле жагып жатыптырбы? 18 жарым ыр экен менде. Кой аксагы, оорулуусу менен 18 жарым болду. – «Мага убакыт токтоп калган өңдөнүп, Мен да токтоп калган өңдүү жашадым» (Омор Султановдун ыры). Китептин атын «Чарчоонун 13 ыры» деп коём. – Омор Султановдун көзү тирүү, эй! Көрүп калса башыңды жулбасын. – Ал билбей деле калат го. – Билет эле... 18 жарым ыр менен китеп чыгарам деген сен экөөбүздө ар жок. Мага не жок десең? «Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт» болдум... – Мен өзүмдүн ушунча ырым бар экенин билчүмүн, анан сиз «жаза коёбуз» дедиңиз го. – Мен дедимби? Сен сөзсүз мени кошо ала жатышың керекпи? – Жалгыз жаңылбайын да... Экөөлөп жаңылалы... Ыр жетпесе, арасына аңгеме жазалы. Аңгеме оңойбу же ырбы? – Эмне, түндөп бир аңгеме бүтүрүп жиберелиби? «Аңгеме оңой» десем аңгеме жазасыңбы? – «Эсимде» деп баштайм да. – Мен баштадым. «Эсимде, эрте жаз болчу... Кар жаап турган. Сүйгөнүм шапкеси жок келиптир. Айтып жатсак деле шапкеси жок келиптир. Москва энесинин оюнубу ага?» деп башталат. – Ой, мамааа... Өлдүм. – «Анан шапке алдык. Же ага шапке жарашсачы... Ошондо ага шапке албай койсок болмок экен. Мээсин суук уруп кетмек...» деп уланат. – «Шапкени актаган деле жок» деп кошуңуз... Анан мен «сүйүүнүн көзү сокур деген чын белем» деп кыйытып кирем аңгемеге… – Минтип ула. «Сүйүүнүн көзү сокур деген чын белем, ошондо анын таз экени, шапке жарашпаганы деле байкалган жок. Башынын ичи да, сырты да таз экени кийин билинди» деп ула. – Эми ойлоп көрсөм, таз экени байкалбаган экен. – Ал муну көрсө экөөбүздү сотко берет. Болбойт мындай аңгеме. – Ө-ө-өх... Аябай күлдүм. Аңгемебиз даяр турбайбы... – Ооба, жазсак болчудай экен. Өзүбүз окуп, өзүбүз ыкшып. Башы таздын баары аңгемебизди башын сыйпалап отуруп окучудай... – Аңгемебизге ат керек. – «Таз сүйүү» же «Жыдыган сүйүү». – А-а-ай эже, дагы бир жолу уялып кеттим. – «5 барактык сүйүү» десем чындап арданасың. – Чыгармачылыктын дагы кандай түрлөрү бар? Тез арада жаза коё турган түрү... – Эмне, аңгеме жакпадыбы? – Жок, болбоду. – Апей, мен өтө чыгармачылык менен, чын дилимден жаздым аңгемени. – Шапкеси жок келген жери «кульминация» болду. – Башынын ичи да, сырты да бирдей таз экенин билгенибиз – «развязка». ххх – Сампарлап жааган кар машиненин маңдайкы айнегине тийип эрип кетип жатат. Мен тынбай кайталанган ушул көрүнүштү карап отуруп, «кардын келишин карасаң, фейерверкке окшоп жатат» дедим. «Жок, – деди Артур. – Мага 3Dга окшошуп жатат». Чын эле 3Dга окшош экен. Ушуга окшогон майда-чүйдө нерселерди сүйлөшүп, сапарыбыздан кайтып келатабыз. Бир нерсени эстесем эле жүрөгүм оозума кептелет. «Жаңылдым го...» дейм ичимде. Жаңылганымды деле билип келатам. Бирок Артурду жектеген жокмун, жаман көргөн жокмун. Өзүм ээрчип бардым, өзүмдүн көңүлүм бар болчу. Мен аны сүйөм, ооба, анын үй-бүлөсү бар. Болсо болсун, мен ушул мүнөттөрдө, ушул ирмемдерде бактылуумун. Эки сааттан кийин, ал үй-бүлөсүнүн жанына кеткенде деле кайгырганга, өкүнгөнгө, талдаганга убактым болот. – Эмне ойлонуп калдың?- деп сурады Артур. – Эртеңки күн кандай болор экен... – Кандай болгон күндө да мен сенин жаныңда болом. Бир мүнөт да менден шек санаба. Сенден ушуну гана суранам. Ал менин алдымда өзүн жоопкерчиликтүү сезип жатканын, алдыдагы күндөр үчүн өзү да санаа тартып турганын билип эле турдум. Бирок маани бергим келбеди. Андай нерселерге маани берип, ойлонууга биздин убактыбыз деле тар болчу. Аларды ар ким өз алдынча калганда ойлонсо болот. А экөөбүз чогуу болгондо убактыбыз тар. Ошондой тар убактыбызды пайдаланып, эки күн мурун Москванын четинде жашаган бир досунун үйүнө мейманчылап барганбыз. Досу да өзүндөй жакшы адам экен. Билбейм, мага ошондой көрүндү. Мага Артурдун тегерегиндеги бардык адамдар жакшы көрүнө берет. Ал бар жерлер дагы... Досу бизди жакшы кабыл алды. Ал үй-бүлөсү менен, анан алардын кафесинде иштеген ишчилер болуп, жалпы он чакты киши отурдук. Баары мени өздөй, тааныштай кабыл алды. Кечки тамактан кийин бир үйгө бардык. «Мен дайыма бул жерге келгенде ушул үйдө калам» деди Артур. Досунун үйү экен. Эшикти ачып жатып «өз үйүңдөй көр дебейм, бирок экөөбүздүн үйүбүздөй көр» деп күлүп койду. Ичкери кирип жайланышып отуруп алгандан кийин муздаткычты ачып: – Не ичесиң?- деп сурады. – Не бар экен? – Сага вино, мага коньяк. Биздин ичимдиктерибиз ушундай болчу. Ал коньяк ичет, мен вино... Бул жолу мен адаттан тыш көп ичтим. Эч нерсени ойлонбос үчүн, өзүмө-өзүмдү каршы койгон суроолор акылыма келбесин деп ичтим. Бул жерге, бул үйгө Артур менен эмнеге келгенимди билет элем. Ошон үчүн да ичтим. Ал дагы менин ички согушумду түшүнгөндөй колумдан кармап, «өзүңдү эркин сез, коркпо, сенин каалооңсуз сага ашыкча мамиле кылбайм» деди. Бирок менин жообумду күтпөй эле кофтамдын бүчүлөрүн чечип кирди. Балким, үстүмдө үлпүлдөгөн аппак, этеги жер чийген үлпөт көйнөк болгондо оңой чечилмек эместир. Ушуларды ойлодум. Бир убактарда аппак көйнөк кийип, аппак көшөгөдө отуруп, ак той менен күйөөгө тийем деген тилектерим болгонун ойлодум. (Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|