
Парламенттеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Акылбек Жапаров башында турган Министрлер кабинетин толук курамда отставкага кетирүүнү демилгеледи. Бул тууралуу фракция лидери Адахан Мадумаров 27-апрелде Telegram каналы аркылуу жарыялады. Себебин “Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткара алган жок” деп түшүндүрдү.
Баш мыйзамдын аталган беренесинин 2-бөлүгүндө пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардамдар жашоо минимумунун деңгээлинен төмөн болбошу керектиги жазылган.
Фракциянын чечими Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Лунара Бекиева