Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Жолболду Алибаев, Кыргыз Эл артисти: “ЧОЛПОНУМДУ” “МӨЛМӨЛҮМДҮН” ТААСИРИ МЕНЕН 1 ЖЫЛ ЖАЗГАМ”№1067 19-25-май, 2023-ж.
– Эс тарткандан эле чыгармачылыкка аралаштым. Той-топурда комуз чертип ырдагандардын жанынан чыкпайт элем. 5-6 жашымда комуз чертип, кийин жамактатып ырдап жүрдүм. 6-7-класстан баштап ыр жаза баштагам, ал ырлар райондук гезитке, кийин республикалык гезит-журналдарга чыгып калды. Бала кезде акын болом деп китепти көп окудум. Кыргыз акын-жазуучуларынын китептерин тегиз окугам. – 10-класс кезим, Рыспай Абдыкадыровдун “Түгөйүм” деген ыры чыкканда ал ырга абдан таасирлендим. Комузга салсам окшошпой, анан баян үйрөндүм. Ошол күндөн баштап Рыспай Абдыкадыровдой ырчы, обончу болом деп аккордеонго ыктадым. 11ди бүткөндө Ош педагогикалык институтуна, атайын Рыспай аке окуган жерге тапшыргам. 1 жылдай Абдыкадыров менен кошо жүрүп, ал Бишкектеги филармонияга келе бергенден кийин өзүмчө ырдап жүрдүм. Мени ал кезде “экинчи Рыспай” деп коюшчу, экөөбүздүн үнүбүз, тембрибиз окшош эле. Ошто радиодо иштегендер Рыспай акенин кээ бир ырларын менин аткаруумда жаздырышып, анан “Рыспай Абдыкадыров ырдап жатат” деп эфирден бере беришчү. – 1-курстан обон жарата баштадым. Биринчи обонум Жолон Мамытовдун “Туулган жерге” деген ырына жазылды. Стилим Рыспай Абдыкадыровдукуна окшош болгондуктан ал киши “жакшы ырдайсың, үнүң жакшы, бирок өз стилиңди табышың керек” дечү. Анан 2-курска көчкөндө “Караматхан” деген ырымды жараткам. Көрсө, өз стилимди ошондо тапкан экенмин. Абдыкадыров ошол ырды угуп “мына, эми өз жолуңду таапсың, эми чыныгы Жолболду болуп иштей бер” деп сүйүнгөн эле. Элге дагы ошол обон менен таанылдым. Андан кийин “Дилбар ай”, “Айта көрбө” деген сыяктуу көп обондор жаралды. Студент кезде ыр жазып, ырларым гезитке жарыяланып да жүрдү. Ал кезде гезитке ырың чыгуу оңой эмес эле. Бир күнү Жолон Мамытов менен Курманбай Калдыбаев “сенден жакшы акын чыгат, филфакка котортуп коёлу” деп келишти. Мен музыканы жакшы көрөрүмдү айтсам, радиого чакырышты. Эртеси радиодон Рыспай акенин 4-5 ырын, өзүмдүн обондорумду ырдап, акырындык менен элге тааныла баштадым. Акындыгым калып, аккордеонго, обончулукка ыктап кеттим. Болбосо ким билет, балким, менден жакшы төкмө акын чыкмактыр. Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Үсөн Сыдыков, Аксуубай Атабаев, Мукан Рыскулбеков деген 10 чакты белгилүү обончулар 1960-70-жылдар аралыгында чыгышкан. 70-жылдары чыккан обончулар тобун мен баштагам. Менден кийин Токон Эшбаев, Түгөлбай Казаков, кийин Асанкалый Керимбаев чыкты. – Чыгармачылыгымда эки жолу тыныгуу болду. Атам совхоздун малын бакчу. 1967-жылы калың кар жаап салып, малдын баары жайлоодо кырылып калган. Ал кезде өкмөт чатак эле, атамды камай турган болуп калышканда эл жардам берип, болгон мал-мүлкүбүздү сатып, карыздап жатып араң кутулганбыз. Ошондо айылда 6-7 жылдай мугалим болуп иштедим. Гектарлаган жерге семичке, нокот эгип атамды бардык карызынан кутултуп, бутуна тургуздум. Ошол учурда тыныгуу болуп чыкпай калдым. 80-жылдары экинчи жолу тыныгуу алдым. Байкасам, обондорумда мурункудай деңгээл жок. Чыгармачыл адам баштапкы бийиктигин сактай албаса жаман да. 2-3 жыл аракет кылдым, окшошподу. Анан “кой, башка жол табайын же ушундайында токтотоюн” деп комузга ыктадым. Аккордеончу күч менен ырдайт, ал эми комузда андай эмес. Комузда ырдоого үнүм бийиктик кылып, коошпой 1-2 жыл кыйналдым. Үнүмдү калыпка салып алгандан кийин анан улуу акындардын чыгармаларына кириштим. Кыргыздын улуу акындары укмуш чыгармаларды жаратканын билдим. Ага чейин бизди орустардын чыгармалары менен сугарышкан да. Омор Сооронов мага академиядан ырларды кол жазма менен жазып берчү. Жеңижоктун кол жазмаларын аны изилдеп жүргөн акын Асанбай Жусупбеков берген. 1991-жылы Аксыда Жеңижоктун 130 жылдыгы белгиленип, ал тойго Жеңижоктун “Көк сулуу”, “Балам жок” сыяктуу 4-5 ырына обон жаратып баргам. Ошол жерден элге аябай жагып, телевидениеге тартышты. Экинчи тыныгуум ошондо бүттү. Ошентип элге кайра комуз менен таанылдым. – Жеңижок, Барпынын ырларын бир эле обондо ырдай берсең эл жадайт. Барпынын 30дай ырына, Жеңижоктун 10дон ашык ырына, Молдо Нияздын 2-3 ырына, Нурмолдонун 1-2 ырына обон жараттым, дастандарды, элдик ырларды дагы издеп жүрүп ырдадым. Тоголок Молдону тамсилчи катары билчүбүз, издеп жүрүп анын “Үрпүкан” деген дастанын таап чыккам. Мунун баарын Кыргыз радиосунун “Алтын фондусуна” жаздыргам. Барпынын “Өзгөчөм” деген ырына обонду мен жараткам, аны көпчүлүгү билбейт. Барпы кыйын төкмө болгон, обончу болгон эмес. Ар бир чыгармамды бышыра иштеп, анан гана элге тартуулайм. Мисалы, “Чолпонумду” бир жыл бою жазгам. Негизи ал ырды “Мөлмөлүмдүн” таасири менен жазгам. 200дөн ашык обонум бар. Азыр 75ке чыксам, жок эле дегенде анын 40 жылын тынбай өнөр үстүндө өткөрдүм. – Ушунча болду айтып берейин. Биринчи аялым экөөбүз бири-бирибиздин баркыбызды билбедик. 2 жылдан ашык жашадык, биринчи уулубуз 8 айлык төрөлүп чарчап калды. Андан кийин кыздуу болдук, ал да 5 ай болгондо тумоолоп чарчап калган. Ошондон кийин апасы келип бизди ажыраштырды. Артынан барсам да болбоду. Кийин Жалал-Абадга кетип, ал жактан экинчи аялыма үйлөндүм. 5 балалуу болуп калганда, 50дөн ашканда ажырашып кеттим. Майдалап отурбайын, күнөө менден кеткен эмес. Балдарымдын баарын өзүм үйлөп-жайладым. Өзгөндүктөр салып берген үйдү сатып, балама Оштон үй алып бергем. Ошко аккордеон, комуздан башка эч нерсем жок келип, бир кичинекей үйдө жашап жүрдүм. Анан азыркы жеңең менен таанышып, баш кошконбуз. Ал менин үй-жайым, эч нерсем жоктугуна карабай турмушка чыккан. Кудай берем десе берет экен, кыздуу, үй-жайлуу болдук, чыгармачылыгым кайрадан калыбына келди. – Өнөр жаатында 2-3 өкүттө калган учурум бар. 3-курста Бишкекке кароо-сынакка келгенде Улуттук филармониянын ал кездеги көркөм жетекчиси Болот Малдыбаев ырчы Шахра Талипова экөөбүздү филармонияга чакырды. Шахра Талипова 11-классты бүткөндө келди. Мен ошол боюнча келе албай калдым. Бир өкүнгөнүм ушул, ошондо филармонияга кирип алсам чыгармачылыгым мындан да жакшы өнүгөт беле деп калам. Экинчиси, кичинемден ырдап жүрүп, институтка келгенде эле үнүм калыпка түшүп калган экен. 1-курста еврей, орус улутундагы эжекелер “сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң, бул үн менен элге таанылышың керек” дешсе түшүнбөптүрмүн. Аракет кылсам Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө да таанылып калышым мүмкүн эле. Үчүнчүсү – күү чертпей калганыма өкүнөм. Кыргыздын күүлөрү абдан касиеттүү да, кийинки жылдары эле майдаланып кетти. Мукаш Борбиевдин “Таң булбулу” деген күүсү мурункулардан эң акыркы күү болуп калды. Кийинкиден Нурак Абдрахманов акенин 1-2 дурус күүсү бар. – Турмушта көп эле кыйынчылыктарды көргөм, бирок чүнчүп кеткен жокмун. Жашоого оптимисттик көз карашта караган адаммын. Кудайдын жаратканы ушул. Кыргыздар ушундай экенбиз да, ооруну тоготпой жүрө беребиз. Мүмкүн, көзүмдүн мурунтан жогорку кан басымы бар эле. Пандемияда ковид болуп, андан кант диабети пайда болуптур, билбептирмин. Анан көзүм бозоро баштады, бир аз дарыланып, кайра бир жылдай жүрүп алдым. Кайра көзүм начарлап, суусаганым күчөгөндө анализ тапшырсам канттын деңгээли 25 болуп кетиптир. Бир жылдан бери көзүмдөн бир аз кыйналып жүрөм. Дарыланып жатабыз, эми Кудайдын буюрганы. Мен буга кайгырып, чөгүп кеткен жокмун. Бир эмес, 2-3 жерде иштейм. Тагдырыма ыраазымын. – Жолболду көп кырдуу талант. Ал менимче, төкмө акын болуп төрөлсө керек. Анысы сөзүн өзү жазган ырларынан даана көрүнүп турат. Сөздүн баары эле ырдала бербейт. Жокебиз музыкалуу сөздөрдү таап, аларды табигый, өзүнөн-өзү келгенсиген уйкаштыктар менен шөкөттөп, аллитерациялап, обонго куюлуштурган жагынан далай акынды артка таштайт. Анткени аргымактын кош тизгининдей болуп, акындык менен обончулук өнөрү бирдей деңгээлде. “Чолпонум”, “Бир кызга” сыяктуу чыгармалары акындардын да, обончулардын да эң алдынкы катарынан оюп туруп орун алган чыгармалар. Адатта, өнөрпозго шыктын бирин берсе, экинчисин бербей, тагыраак айтканда, обончу кылса үн бербей, үн берсе акындыктан өксүтүп коёт. Ал эми Жокемде баары бар. Анын көп азаматтыгынын бири – көп жылдар бою "Экинчи Рыспай" аталып, анын сыйкырдуу торуна баш-оту менен кирип, кайра өз жолун таап чыгып кеткендиги. Жокемдин дагы бир касиети – чыгармачылыктагы чынчылдыгы. Ал махабатты ырдаса Омор Султановдой болуп, сезим-дарегин жаап-жашырбай, жымсалдабай жылаңачтап ырдайт. Дагы бир эрдиги – Жеңижоктун “Балам жок”, “Көк сулуу” деген ырларынын обондору бизге жеткен жок. Жокем болсо ал ырларга ошол замандын духундагы обондорду чыгарды. Угуп отурсаң, Жеңижоктун өзүнөн үйрөнүп келгендей... – Жокем биз мектепте окуп жүргөн кезде эле элге таанылган. Булардын ырларын ырдап жүрчүбүз. Окууну бүтүп, Жокем экөөбүз чогуу иштеп калдык. Сынактарга, жакшылыктарга барабыз, чоң-чоң концерттерде чогуу болобуз. “Жоке, аккордеон ойноп берип кой” дейм, ойноп берет. Бала кыял, абдан жөнөкөй, адамгерчилиги абдан жогору, тамашакөй, бүт баарын даана айткан, так сүйлөгөн киши. Өзүмдүн бир тууган агамдай көрөм, сыйлайм. Кыргызстандын булуң-бурчун көп кыдырдык. Айта берсек өзүнчө бир тарых. Бир кылымда бир жаралчу адам. Чыгармачылыгы өтө күчтүү. Жокеме ден соолук каалайм, чаалыкпастан дагы көп-көп чыгармаларды жарата берсин. Кыргыздын сыймыгы болуп арабызда аман жүрсүн. – Жолболду Алибаев менен 2000-жылдардан бери ага-ини катары жакынбыз. Мен залкар комузчу Болуш Мадазимов, композитор Рыспай Абдыкадыровдон сабак алганмын, ушул эки залкардагы талантты, эмгечилдикти Жолболду агайдан көрдүм. Китепти көп окуганы, дастан, ырларды жүрөгүнөн өткөргөнү билинип турат. Комузду так чертип, так ойнойт. Ырларынын сөзүн да өзү маанилүү, куюлуштуруп жазат. Жеңижок, Барпынын чыгармаларын терең түшүнүп, аларга экинчи өмүр тартуулаган Алибаевдей башка дастанчы, обончу көрө элекмин. Аябай адамгерчиликтүү, ким болбосун жардамын аябайт. Акты ак, караны кара деп бетиңе айтып салгандан тайбайт. Көптөгөн таланттарга колдоо кылды, дагы деле жол көрсөтүп келет. – Жолболду агабыз чыгармачылыкта жаңылык жараткан улуу өнөрпоз. Рыспай Абдыкадыров, анан Токон Эшбаев, Асанкалый Керимбаев, Бабаравшан Тургунбаев сыяктуу жоон топ обончулардын катарын толуктаган көп кырдуу талант. Мен аскерден келген учурда Жолболду агай “Балам жок”, “Чолпонум”, “Мырзайым” деген сонун чыгармаларын теле-радиолордон тынбай берип калган кез экен. Агай аккордеон менен да, комуз менен да чыгарган обондорун таза, дыкат, музыкалдуу иштеген. Дагы бир кыры, жөн эле обон чыгара бербей, дээрлик 50 пайызына өзү сөз жазган киши. Барпы, Жеңижокторду казып окуп, улуу саптарга сугарылган. Кыргыздын дастанчылыгы жоголуп бараткан өткөөл убакта Замирбек агабыз, Ашыралы, Тууганбай аталарыбыз сыяктуу эле Жолболду агабыз да терме, санат, дастанчылык боюнча улуу муун менен азыркы муундун ортосунда алтын көпүрө болуп берди. Айрыкча сүйүү темасында бул киши орошон. Укмуштай жан дилин берип, жүрөгүн төшөп обон чыгарган бирден-бир өнөрпоз деп билем. – Жокем үй-бүлөдө чыныгы башчы, ишенимдүү жолдош, үй-бүлөгө, балдарга камкор ата, сүйүктүү чоң ата, таята. 5 уул, 2 кызыбыз, 13 небере, 2 чөбүрөбүз бар. 20 жылдан бери ынтымакта жашап келатабыз. Жоке боорукер, акылдуу, бир табылгыс киши. Талант катары аны баарыңар жакшы билесиңер. Тынымсыз эмгектенет, кээде “кичине эс албайсызбы” десем, көнбөйт. Ар дайым орундуу тамашалап, куудулданып сүйлөйт. Кээде тамашалабай калса “эмне болду?” деп калабыз. Ар дайым чукугандай сөз таап, жакшы аураны түзөт. Бирөөгө туура баа берип, туура сын айтат. Жокем сүйүүдө да бышык киши. Ошончо чоң талант болсо да жашоодо жөнөкөй адам. Жөнөкөйлүктүн өзү улуулук да. Жокемдин 70 жылдыгында ага арнап, жашообуздагы сүйүүнү, турмушту камтып китеп чыгаргам. Ошондо абдан ыраазы болгон. Айта берсек абдан көп, ырчы, обончу, аткаруучу, акын, дастанчы, “Манас” театрынын директору айткандай, бир доордун аңызы, иши кылып көп кырдуу талант. Бирөөнүн ырларын да мыкты аткарат, шакирттерди да көп өстүрөт, устаттарын сыйлайт. Гулийпа Маметосмон кызы "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|