Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БУРУЛЧА – эркиндиктин символу

№429 21-27-январь, 2011-жыл.


Тарых барактарынан

Эркек башкарып, эркек буйрук кылып келген кыргыздарда аялзаты канчалык мыкты, акылы тунук болбосун, алдыга чыккан эмес. Антсе да тарых барактарында эрдиги менен Жаңыл баатыр, сулуулугу менен Ак Мөөр, акылмандыгы менен Курманжан датка, тайманбастыгы, өнөрпоздугу менен Бурулча чоң из калтырышкан.
Бурулча тууралуу ар кандай эротикалык ырлар да кыргызга кеңири жайылган. Алардын бир варианты менен өткөн сандарда тааныштырганбыз.
Анда сөз Бурулча тууралуу болмокчу.

ЭРКЕК УУЛДАЙ КӨРҮП...
Карт тарыхка үңүлсөк, Бурулча Осмонбек кызы Ысык-Көлдүн Ой-Булак деген жеринде (азыркы Ой-Тал) бугу уруусунун беш ата алдаяр уругунан чыккан кыз болот. Демек, Бурулча бугу уруусунун кызы болгон. Кичинесинен атасы Осмонбек жайчы (жайчы – жылдыздарга карап жыл санак кылып, жылдын оош-кыйышын алдын ала айткан киши) Бурулчаны эркек баладай кийинтип, атына өңөрүп, эрке өстүрөт. Жердин өңүтүн, табияттын сырларын атасы менен жүрүп билсе, ашка-тойго, эл чогулган топко кичинесинен барып жүрүп жез таңдай ырчылар, жомокчу, жамакчы, чоорчу-комузчулар, уста, зергер, уздарды да жакшы билип, өнөргө эрте каныгат.
Акылман энеси кызы 12ге чыкканда кыз кийимин кийинтип, аялдык жатык мүнөзгө, үй-тиричилик жумуштарын жасаганга үйрөтө баштайт. Акылмандыгы, уздугу бул жакта калып, кыз оюндарга катыша баштаган Бурулчанын күү сызылтып ооз комуз какканы, тилинен бал тамызып сөзүн таптап айтканы узун элдин учуна жетет.

Көчмөн калкта сулуу кыз, өнөрлүү адамды бир көрүү үчүн ашуу ашып, суу кечип көрүп кетүү салты бар эмеспи. Бурулчанын даңкы далайга жетип, аны бир көрүүнү дегдегендер көп болот. Анын ырлары, күүлөрү ооздон оозго көчүп, акыры нике кайып Телгара деген эл бийлеген адамга буюрат.

АШЫКТЫК ЖАНА АРМАН
“Менин атым Бурулча, мейли салтың бузулса” деген, эркектерден калышпаган, эр көкүрөк деми бар, табиятынан эркин тарбияланган Бурулча турмушка аргасыздан чыккан. Атасындай болгон Телгарага жаштык көңүлү толбой жүргөн кезде кыз оюндарынын биринде Баатыркан аттуу жигитке көзү түшөт. Көкүрөгү өрттөнгөн келиндин махабатын эч ким токтото албайт.
Баатыркан бир өрөөн эл кадырлаган билерман Ырайымбек аттуу ажынын уулу болгон. Сулуунун ашыктыгына арзууну чоң сыймык деп эсептеген Баатыркан мырза тобокел деп Бурулчаны күйөөсүнөн алып качып чыгат. Бирок сүйүшкөндөрдүн демин анын атасы Ырайымбек басат. “Катын деп ээрчитип келгениң Телгаранын токолу болдубу? Көзүмө көрсөтпө!” дейт. Атасынан мындай катуу каршылыкты күтпөгөн Баатыркан деми катып, баш көтөрбөй туруп берет. Ээрчитип келген үмүтүн актабай, антташкан сөзүнө тура албай майышкан Баатырканды тиктеп, иштин жайын түшүнөт. Ошондо аттын башын бурган Бурулча кашкая карап минтет:

“Баатыркан, мырза экен деп ээрчип келсем, суусар тебетейиңден бөлөк идирегиң жок тура. Кылычың кыкка өтпөгөн кокуй турбайсыңбы! Атаңдын кейпин көрдүм. Айтарым, бул өңдүү «жакшы атанын» эрксиз кулу болгуча, «жаман атанын» эрктүү уулу болгонуң артык... Кош анда, «атанын баласы»!..»

Ошондо Дөнөнбай аттуу сынчы бир эсе Бурулчанын сымбатын көрүп, бир эсе анын айбаты менен кайратына тан берип: «Атаң көрү, бүлө кылчу зайып экен. Көзү тик, сөзү так, дымагы өрдө тура. Көзү тиктин уругу тик, тукуму тирикарак»,- дептир...
Баш аттаган аялдын жазасы илгертеден эле оор болгон эмеспи. Телгара Бурулчаны жылаңачтап тикенге бөлөп, балак уруп, болгон жазанын баарын колдонот. Ашыктык азабына малынган Бурулчанын абалын билген билер...
Кийин көп жылдар өткөн соң Баатырканга бир тойдон жолугуп калып, тартынбай эл көзүнчө басып келип кашкая:

“Оо, армандуу дүйнө! Асылдын баркын асыл билет. Баркына жетпесе, кор кылып асылды неге сүйөт? Жаштыгымдан бир жаңылдым, катуу жаңылдым. Сизге деген жанымды купулга толгон кулга арнасам, төбөсү менен кудук казып да болсо баркыма жетмек. Таш жарып чыккан тоо гүлүн тепселеп койдуңуз. Атанын дөөлөтүнө эсирип, далдаасында жан баккан байкуш эл башкарат имиш, журт башкарат имиш. Мени саткан сиз энеңизди да, элиңизди да сатасыз”,- деп шарт басып кеткен экен.

Сөз кунун билген кыргызда бул сөздөр Баатырканды тирүүлөй муунтуп өлтүргөн менен барабар эле.

ҮРКҮНДӨГҮ ЭРДИГИ
Телгарадан көргөн кордугунан кийин Бурулчанын башын ачып, башка адам алат. Ал каза болуп калгандыктан, кийин Нурдөөлөт аттуу кадыр-барктуу адамга турмушка чыгат. Андан Чолпонбай деген уулдуу жана эки кыздуу болот.
1916-жылы кыргыз эли Кытайга үркөт. Айылын ынтымакка үндөп, көч алдында Бурулча өзү жүрүп, өзү башкарып, элин аман-эсен ашуудан өткөрөт. Апасы сууга чөгүп өлгөн кыз көч алдын тосо чуркап, алып кетүүлөрүн өтүнөт. “Өзүбүз араң баратабыз. Карышкырга бекер жем болгончо, атып салалы” деген адамдарга Бурулча: “Наристеде не жазык? Же мурун, же кийин төрөлбөй, акыр заманга туш келгендиги үчүн күнөөлүүбү?”- деп аркасына көтөрүп ашуудан жөө өткөн экен.
“Даңазалуу Бурулча 70ке чамалап каза болгон” деген болжолдоолор бар.

Эрнис Турсунов, акын, жазуучу:
“БУРУЛЧАНЫН ЫРЛАРЫ КӨП ОПЕРАЛАРДА КОЛДОНУЛГАН”

– Агай, даңазалуу Бурулча тууралуу изилдеген адамсыз. Ал тарыхта эмнеси менен калган?
– Акылынын зиректиги, уздугу жана ыр-күүлөрү менен тарыхта калган. “Бурулчанын ырлары”, “Бурулчанын күйгөнү”, “Бурулчанын селкинчек” деген обондуу ырлары ушул кезге чейин ырдалып келет. Ал гана эмес, “Айчүрөк”, “Алтын кыз”, “Олжобай менен Кишимжан” операларында да Бурулчанын обону колдонулган. Нукура кыргыз обон ушул болгондуктан, либреттисттер сөзүн башкача кылып, обонун алышкан. Ырларынын сөздөрүн уксаң, музыкага суусап турат. Азыркы ырчылар ушул ырга, обонго кайрылып ырдап чыкса мыкты болмок.
– Бурулча тууралуу бир топ варианттар айтылып жүрөт. Ошонун кайсынысы чындыкка туура келет?
– Кыргыз кыйын чыкмасын баса калып жаманатты кыла берет эмеспи. Кийин Бурулчага жетпей калгандар, ага тең боло албай ич күйдүлүк кылгандар ал тууралуу шайкелең ырларды чыгарышкан. Атактуу илимпоз Тазабек Саманчин бул жорукка капа болуп, аны изилдеген. Ал ушундай тарыхый инсандарды изилдеп даңазалаганы үчүн репрессияга кабылып калбадыбы... Кийин мен изилдеп жүрдүм.
– Бурулчанын сулуулугу тууралуу да аңыз кептер айтылып келет. Мунун канчалык чындыгы бар?
– Сулуулугу болбосо, талашка түшөт беле? Санжырачылардын айтымында, көз жоосун кандырган, көңүл отун жандырган, бой мүчөсү келишкен, олоң чачы жер чийген, көздөрү ботонукундай жайнап, кареги жанып турган көркөм жан болгон дешет.
– Маегиңизге рахмат.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
21.01.2011. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге откон санындагыны уланткан эмес?
22.01.2011. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба да,уландысы кайда?
22.01.2011. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизге да ошол кызык болчу
24.01.2011. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурдагы сандагы менен азыркы санда чыккан маалымат боюнча Бурулча хамалеон го ..бир супер бир тескери...
26.01.2011. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качан уландысы чыгат?
Аябай куттум эле бул санда....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: