БИР БҮРКҮМ. КЕРБЕН АЭРОПОРТУ ИШКЕ КИРЕТ...
№1071 16-22-июнь, 2023-ж.
-

Ала-Бука райондук прокуратурасынын тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды.
-
Теңгиз Бөлтүрүктүн 35 жаштагы уулу ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу кылмышына шектелип кармалганы маалымдалды.
-
Бекжан Супаналиев билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Депутат Эрулан Көкүлов өлкөдө электрондук тамекиге тыюу салууну сунуштады.
-
Кыргызстанда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынышы мүмкүн, тийиштүү мыйзам долбоору парламентте 2-окууда каралууда.
-
Аксы районундагы “Кербен” аэропорту быйыл август айында ишке киргизилет.
-
Мамлекеттик цирктин жетекчиси Фархат Бекманбетов кызматтан бошотулду.
-
Айыл чарба министрлиги: Кыргызстан Кытайга балык, картошка жана төө буурчак экспорттоону пландоодо.
-
Кыргызстандан Өзбекстанга мыйзамсыз өтүүнү көздөгөн 4 бангладештик жаран колго түшкөнү кабарланды.
-
Балыкчы шаарына ишембиликте 6000 дана көчөт тигилгени жарыяланды.
-
Ош милициясы: Ошто кайырчылыкты кесип кылып алгандар көбөйдү.
-
Шухрат Айтиев менен Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын орун басары болуп шайланышты.
-
Чолпон-Атада "Акылман" президенттик лицейи түзүлгөнү жарыяланды.
-
Жыл башынан бери Баткен облусуна мамлекеттик казынадан 217 миллион сом бөлүнгөнү айтылды.
-
Мындан ары "Жыл мугалими" сынагы республикалык бюджет жана президенттин фонду тарабынан каржыланмакчы.
-
Президенттик администрация: Кемпир-Абаддын жээгине коңшу өлкө эч кандай эс алуу жайын курбайт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: