
Кыргызстанда сот жана прокурорлордун ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн парламентте депутаттык комиссия түзүлдү. 14-июнда комиссиянын алгачкы отуруму өтүп, анда курамга тийиштүү эксперттерди кошуу чечими кабыл алынды. Депутат, аталган комиссиянын төрагасы
Жусупбек Коргонбай уулу соттолгон 40тай адам менен жолукканын, оор кылмыш үчүн соттолгондор жазадан эрте кутулуп, ал эми жеңил кылмыштар үчүн катаал шартта кармалып жаткандар көп экенин белгилейт. Ошондой эле абактарда коррупциялык схемалар иштеп жатат деди.
– Кадимки эле базарга айланган. Бир жыл үчүн 2000-3000 доллар деген “ставкасы” да бар. “Түрмө кожоюну” деген адам камактагы адам тууралуу сотторго өтүнүч келтирет экен. Мындайда комиссия мүчөлөрү, сот, прокурорлор өз үлүштөрүн алышат дагы, соттолуучуну мөөнөтүнөн мурда чыгарып жиберишет,- дейт Жусупбек Коргонбай уулу.