БИР БҮРКҮМ. РАЗАКОВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ...
№1072 23-29-июнь, 2023-ж.
-

Самара-Бишкек-Самара багыты боюнча аба каттамы жанданды.
-
Билим берүү жана илим министрлиги: 30дай кесиптик лицей жумушсуз жарандарды кыска мөөнөттүү курстарга окутууда.
-
Мурдагы вице-премьер, алдамчылыкка шектелип жаткан Жеңиш Разаков үй камагына чыгарылды.
-
Кыргызстанга расмий иш сапары менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер келип кетти.
-
19-июнда Чүйдүн аймагындагы дыйкандар сугат суусу жетишпегенин айтып Бишкекте митингге чыгышты.
-
Депутат Исхак Масалиев таза суу көйгөйүнүн алдын албаганы үчүн Бишкектин мэриясына кылмыш ишин козгоону сунуштады.
-
54 мектеп бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөнүн Алтын сертификатына ээ болушту.
-
Өлкөдө 1014 айылда таза суу көйгөйү бар экени расмий айтылды.
-
20-июнда Сокулуктун Шопоков шаарында мунай базасынан ири өрт чыгып, бир нече автоунаа күйүп кетти.
-
Бишкек ЖЭБи көмүрдөн газга өтүшү мүмкүн экенин 20-июнда энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.
-
Улуттук статистика комитети: Өлкөдө күрүчтүн баасы 15 күндө 8 сомго кымбаттады.
-
Таалайбек Байгазиев энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.
-
Суу ташкынынан улам Тогуз-Торо районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
-
Таласта милиция кызматкери зордуктоо кылмышын жаап-жашырган, ал үчүн пара алган деп шектелүүдө.
-
Саламаттыкты сактоо министрлиги: Өлкөдө 156 жеке медициналык клиника лицензиясыз иштеп жатканы аныкталды.
-
19-июнда Сузакта 24 жаштагы жигит чагылган тийип каза тапты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: