БИР БҮРКҮМ. ОМСК-ОШ АБА КАТТАМЫ ЖОЮЛДУ...
№1073 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
-

“Аламүдүн-1” ГЭСинин биринчи гидроагрегатын капиталдык оңдоодон өткөрүү иши аяктаганы маалымдалды.
-
Балдарды мектептерге 1-класска кабыл алууга электрондук каттоонун 2-этабы башталды.
-
Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесин белгилөөгө даярдык көрүү үчүн уюуштуруу комитети түзүлдү.
-
Эмилбек Абдыманапов Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалды.
-
12-марттан 27-июнга чейин Ысык-Көлдүн түбүнөн 96 миң метрге жакын балык уулоочу тор чыгарылганы айтылды.
-
Мамлекеттик бажы кызматы: Өлкөгө 160 миң долларлык медициналык жабдууларды мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды.
-
2023-жылдын алгачкы 5 айында өлкөдө 13,6 миң адам иш менен камсыздалганы расмий маалымдалды.
-
Жогорку Кеңеш “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.
-
Бишкектин мэри: “ЖЭБди газга өткөрсөк, жылуулук берүүнүн баасы кымбаттайт”.
-
“Мегаком” ишканасынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов кармалды.
-
20-июнь күнү Бишкекте үч эм жарыкка келди.
-
Орусиянын Самара облусунда 27-июнда жол кырсыгы катталып, 2 Кыргыз жараны каза тапты.
-
2021-жылдан бери ишке ашырылып, буга чейин убактылуу токтотулган Омск-Ош-Омск аба каттамы биротоло токтотулганы жарыяланды.
-
Бишкекте 28-июнь күнү эски аянтта окулган Айт намазга 25 миңдей адам катышты деп маалымдалды.
-
Ош шаарында 1-июлдан тарта таштанды чыгаруудагы тариф кымбаттай турганы айтылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: