Мезгил үнү
Кеп атасын барктаган, кесер башты сактаган, эрди кундан куткарган, эрегишкенди жумшарткан, кан төгүүнү токтоткон, касташканды достоштурган кадырлуу кыргыз тилибиз жөнүндө сөз кылалы. Кыргызга кадырлуу болгону менен, айрымдарга “киргиз тили” боюнча калганына кейип-кепчип бүтпөй да, түтпөй да койдук. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын караганда көз уялткан каталарын айтып отуруп чарчадык.
Борбордун так ортосундагы килейген “Россия” аттуу кинотеатрды ким билбейт да, кино көргөнү кимдер келбейт? “Бизде мындай жаңы кино келди, көргүлө” деп чакырчу тасма жарнактары аталган кинотеатрдын алдында ай сайын алмашып турат. Жарнакты ката жазган орусу да, “туура” которгон кыргызы да келип кино көрүшөт десек болот. Ааламды “Күүгүм” тасмасы каптаганда, “Россияны” аталган тасма ката жазылган боюнча бир айдан ашуун каптап турду. “Күүгүмдү” “Күүчүн” деп жазгандарына капаланып, оңдоп коюшар деген үмүттө гезитке жазып да көрдүк. Оңдомок тургай “Мамлекеттик тил комиссиясы бизге ушундай которуп берген” деп кутулушкан.
Качан караба, “Россиянын” кино жарнактарынын кыргызчасы ката жазылат. Кээде туура которушуптур деп кубанып бүткүчө эле каталары чууруп чыга баштайт. Бир эле мисал, “Механик” киносунун жарнагында “27 январда баштап” деп турат. “27-январдан” деп 1-класстын окуучусу деле туура жаза алса керек? Эгер котормочуга же кыргыз тилин жакшы билген корректорго “Россиянын” акчасы жетпей жатса, кыргыз тилинин урматы үчүн деле, биз, гезиттер, бепбекер ушул иштерди жасап берип турсакпы? Иши кылып тилибизди кор туткандар азайсынчы деги!

Бурул Исмаилова
koom@super.kg
daje jok kylysh kerek bolchy “Россия” кинотеатрды. okmot kyimyldabasa oshentip biz da kirgiz bolyp jyro berebiz.