БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ БӨЙРӨК АЛМАШТЫРЫЛАТ...
№1075 14-20-июль, 2023-ж.
-
.jpg)
17-июлдан тарта Бишкек-Балыкчы поезд каттамы күн сайын каттай турганы маалымдалды.
-
Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылды.
-
Кыргызстанда жакында бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалат, ал үчүн Түркиядан 120 дарыгер учуп келгени жарыяланды.
-
3-9-июлда Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасын тактоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү.
-
Өлкөдө энергетикалык суусундуктарды жарнамалоого тыюу салынды.
-
Өзбекстанда 9-июль күнү кезексиз президенттик шайлоо өтүп, Шавкат Мирзийоев жеңишке жетти.
-
Баткенде жоокер куралды этиятсыз колдонуудан улам өзүн атып алып каза тапканы кабарланды.
-
Ошто 9-июлда коомдук тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза тапты.
-
Акыркы 2 аптада өлкөдө АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 1,1 сомго кымбаттады.
-
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинин электр системи толук жаңыланып бүткөнү маалымдалды.
-
“Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн үй камагында болуу мөөнөтү 10-августка чейин узартылды.
-
Чүй облустук ооруканасына атактуу хирург Эрнст Акрамовдун ысымы ыйгарылды.
-
Экс-элчи, мурдагы депутат Жаныш Рустенбеков 74 жаш курагында дүйнө салды.
-
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө өндүрүштүк максатта балык уулоого 3 жылга тыюу салынды.
-
Бишкек-Ош жолунда кар көчкүдөн коргоочу жаңы тоннелди быйыл сентябрда толук ишке киргизүү пландалып жатканы айтылды.
-
Сокулук районунда таксистти бычактап качып кетүүгө шектелген жаран кармалды.
-
Кыргызстанда жаңы Үй-бүлө кодекси иштелип чыгат.
-
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: