БИР БҮРКҮМ. ҮЧ ЭМ ЖАРЫККА КЕЛДИ...
№1077 28-июль-3-август, 2023-ж.
-

Бишкек ЖЭБине быйылкы кышка Казакстандан 550 миң тонна көмүр ташылары айтылды.
-
Президент тарабынан “Элдик курултай жөнүндө” мыйзамга кол коюлду.
-
Равшан Жээнбековдун жубайын камакта кармоо мөөнөтү 2 айга узартылды.
-
Рыскул Боромбаев мамлекеттик цирктин жетекчиси болуп дайындалды.
-
Өлкөдө 8-марттан азыркы учурга чейин мас абалында унаа айдаган 1800 жаран айдоочулук күбөлүктөн ажыратылганы айтылды.
-
22-июлда Ош шаарында үч эм жарыкка келгени жарыяланды.
-
Рахат Мусаева Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
-
Таласта Киров суу сактагычына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды.
-
Кыргызстанда 1753 адамга алимент төлөбөгөнү үчүн издөө жарыяланган.
-
Башкы прокуратура: Ала-Букада мыйзамсыз алтын казуу фактысы аныкталды.
-
Кытай дарыгерлери Кыргызстанда катаракта илдети боюнча 600 адамдын көзүнө акысыз операция жасай турганы айтылды.
-
Ноокатта 25-июлда 8-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып каза тапты.
-
Чолпон-Атада кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.
-
Башкы прокуратурадан тергөө функциясы расмий түрдө алынды.
-
Төрага Нурлан Шакиев 26-июлда Аксы районуна иш сапары менен барды.
-
Айыл чарба министрлиги: Учурда өлкө боюнча 1551 комбайн иштеп жатат.
-
ЖОЖдорго кабыл алуунун 2-турунда 11 598 абитуриент арыз берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: