БИР БҮРКҮМ. ЖЫРГАЛАҢ ИШКЕ КИРДИ...
№1078 4-10-август, 1078-ж.
-

ИИМ жарандарды каржы пирамидаларынын жаңы түрүнөн абайлоого чакырды.
-
Мурдагы “Мегаком” компаниясынын экс-жетекчиси Азат Базаркулов үй камагына чыгарылды.
-
Окуучуларды 1-класска электрондук каттоо 31-августта аяктай турганы маалымдалды.
-
Ноокатта мектеп окуучусун өз жанын кыюуга жеткирген деп шектелип 36 жаштагы жаран кармалды.
-
Башкы прокуратура: 2023-жылдын 6 айында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 22 кылмыш иши козголду.
-
Бишкекте “Тез жардам” кызматында иштегендер айлыктын аздыгын айтып нааразычылык акциясын уюштурушту.
-
Ысык-Көлдө зордуктоо кылмышына шектелген адамды үй камагына чыгарган судья кызматтан кеткени кабарланды.
-
Жумгалдагы “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иши башталды.
-
Бишкекте 34 жаштагы милиция кызматкери кызга ыдык көрсөткөн деп шектелип кармалганы маалымдалды.
-
Өлкөдө автоунааны кайра каттоодо ага камсыздандыруу полисин алууну милдеттүү кылуу сунушталды.
-
Лейлек районунун акими Алмазбек Рахманкулов кызматтан кетүүгө арыз жазды.
-
2-августта Кара-Кулжанын Кайың-Талаа айылындагы мектеп өрттөнүп кетти.
-
Нарын облусунун аймагында 2-август күнү күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
-
Төө-Ашуудагы тоннель оңдолуп бүтүп, жол кыймылы үчүн киргизилген бардык чектөөлөр алынды.
-
“Балага сүйүнчү” жөлөк пулун төлөөгө 2023-жылга бюджеттен 741 миллион сомго жакын акча каралган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: