
Кыргызстан Япониядан кайтарымсыз негизде 2,26 миллион доллар алды. Бул тууралуу каржы министринин орун басары
Руслан Татиков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка таянсак, гранттык макулдашууга “Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа” долбоорунун алкагында Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү
Кавамото Хироюки менен бирге кол коюлган.
– Каражат кадрларды даярдоо жана мамлекеттер аралык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жумшалат. Мен өзүм да аталган программанын бүтүрүүчүсүмүн. Ал биздин мамлекеттик кызматкерлерге билим, тажрыйба алууга, япон элинин үрп-адаты, маданияды менен таанышууга жана аларды Кыргыз экономикасын өнүктүрүүгө жумшоого мүмкүнчүлүк берет – дейт Татиков.