БИР БҮРКҮМ. ЖЫЛАНДЫН УУСУН САТЫП КАРМАЛЫШТЫ...
№1080 18-24-август, 2023-ж.
-
.jpg)
Улуттук банк: Июнь айында мигранттар Кыргызстанга 163,5 миллион доллар которушту.
-
Жалал-Абад облусунда 1-сентябрда жаңы 17 мектеп пайдаланууга берилет.
-
Бишкек жана Чүйдө кызамык оорусунан 2 наристе каза тапканы расмий маалымдалды.
-
2023-жылы Бишкектин четиндеги 12 жаңы конушка жаратылыш газы киргизилери айтылды.
-
Токтогулда 1,5 тоннага жакын кара куурай жок кылынды.
-
Канимет Осмонбеков Лейлек районунун акими болуп дайындалды.
-
14-августта ЖОЖго абитуриент кабыл алуунун 5-туру башталды.
-
Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян Кыргызстанга расмий сапары менен келери жарыяланды.
-
Жалал-Абадда жыландын уусун сатып жаткандар колго түшкөнү кабарланды.
-
Ысык-Көлдө суу транспортторунун ишмердүүлүгү текшерилип жатат.
-
Кыргызстандыктар эми базардагы эттин сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот, атайын систем ишке кирди.
-
Жарым жылда Кыргызстан 2,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттогон.
-
Орусия-Украина согушуна катышып келген Кыргыз жараны 2023-жылдын 1-августунда УКМК тарабынан кармалды.
-
Чүйдө 17 жаштагы кызга нике кыйган деп айылдын имамы кармалды.
-
Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева кызматтан бошотулду.
-
Өзбекстан кыргызстандык студенттер үчүн 100 квота бериши мүмкүн.
-
Жогорку Кеңеш 130 компьютер сатып алууга сынак жарыялады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: