БИР БҮРКҮМ. СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫГЫШТЫ...
№1083 8-14-cентябрь, 2023-ж.
-
.jpg)
Свердлов райондук билим берүү борборунун мурдагы эсепчиси коррупциялык схемага аралашкан деп шектелүүдө.
-
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси болуп дайындалды.
-
2023-жылдын 6 айында Кыргызстандан Орусияга 28 700 эмгек мигранты барганы расмий жарыяланды.
-
“Дордой” базарынын соодагерлери өкмөттүн салык саясатына нааразы болуп 4-сентябрда митингге чыгышты.
-
Бишкек мэриясы: 2024-жылдан тарта шаардын борбордук бөлүгүндө жалаң жаңы автобустар гана жүргүнчү ташый баштайт.
-
Ноокат райондук сотунун судьясынин милдетин аткаруучу чет өлкөнүн жараны экенин жашырып жүргөн.
-
Алайдагы Гүлчө дарыясына чакан ГЭС курулары айтылды.
-
Быйыл 1 миллион 278 миң даана окуу китептери басыларын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
-
Өлкөдөн алтын буюмдарын алып чыгууга жардамдашкан деп “Манас” аэропортунун кызматкерлери кармалышты.
-
Кыргызстандан тоютту ЕАЭБде эмес өлкөлөргө сатууга убактылуу чектөө киргизилди.
-
Бишкекте быйыл “Кара-Кеченин” көмүрүн жагууга тыюу салынды, Казакстандын көмүрүн жагууга болот.
-
Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.
-
Парламент төрагасы: “Эдил Байсаловду кызматтан кетирүү маселеси күн тартибинен алына элек”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: