БИР БҮРКҮМ. ОРТОЧО АЙЛЫК 32 МИҢ ДЕЙТ...
№1085 22-28-сентябрь, 2023-ж.
-
.jpg)
2024-жылдын 1-январынан тарта милдеттүү камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга айып пул салына баштай турганы эскертилди.
-
Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулу Руслан Бийбосунов кызматтан бошотулду.
-
Кыргыздын Катардагы элчиси Чынгыз Эшимбеков кызматтан бошотулду.
-
Экономика жана коммерция министрлиги: Өлкөдө орточо айлык маяна учурда 32 146 сомду түзөт.
-
Парламентте Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу колдоо тапкан жок.
-
Жусупбек Коргонбай уулу, депутат: “Губернатор деген институтту жоюш керек”.
-
Бишкекте 20-сентябрда КМШда терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция өттү.
-
Аксы окуясында каза тапкан жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрү алчу жөлөкпулдун суммасы 3700 сомдон 4500 сомго көтөрүлүшү мүмкүн.
-
Энергетика министрлиги: “Бала-Саруу” ГЭСи 2023-жылдын аягына чейин курулуп бүтөт.
-
Ысык-Көлдө кыргоолго мыйзамсыз аңчылык кылган деп 2 жаран кармалды.
-
Экс-депутат Өмүрбек Бакиров өзүнүн мандаттан ажыратылышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүшүнө макул болбой койгону айтылды.
-
Бишкек шаардык соту парламент депутаты Фархат Исмаиловду мандаттан ажыратуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
-
Ленин шайлоо округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгында Кубанычбек Самаков жеңүүчү деп табылды.
-
Блогер Эртай Искаков үй камагына чыгарылды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: