"Альфа Телеком (мурунку “Мегаком”, азыркы “Мега”) компаниясы 11-октябрда аукцион аркылуу сатылды. Сатылган баасы
14 миллиард 800 миллион сом. Ал эми аукционго коюлгандагы баштапкы баасы
14 миллиард 600 миллион сом болчу. Эми компанияга 100 пайыз Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ээлик кыларын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги кабарлады.
Буга чейин президенттик администрация “Альфа Телеком” сатылат” деген сөздөрдү четке кагып, “сатылбайт, болгону бир колдон экинчи колго өтөт” деп түшүндүрмө беришкен.
Коомчулуктагы “сатылбаса, анда эмнеге аукцион жарыяланып жатат?” деген суроо жоопсуз калтырылган.
“Альфа Телекомду” сатуу боюнча 2010-жылдан бери бир нече аукцион өткөрүлүп, сатып алууга кардар чыккан эмес. Ар бир аукцион сайын компаниянын баасы арзандап отурган.
Азыркы тапта бул мамлекетке ири киреше түшүргөн ишканалардын бири болуп эсептелет