БИР БҮРКҮМ. ЭКС-МИНИСТРДИН УУЛУ КАРМАЛДЫ...
№1089 20-26-октябрь, 2023-ж.
-
Өлкөдө 9 айда 746 миң айдоочу жол эрежесин бузганы маалымдалды.
-
Мурдагы министр Динара Кутманованын уулу Кемел Кутманов Стамбулдан кармалганы айтылды.
-
Кыргыз өкмөтү: Кыргыз-Тажик чек арасында дагы 14 чакырым тилке такталды.
-
Кыргызстанда көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет.
-
Бишкекте Ленин райондук сотунун судьясы 2 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды.
-
Индия жана Кытай жарандары эми Кыргызстанга 7 күнгө визасыз кире алышат.
-
Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Аксы районунун “смотрящийи” кармалганы жарыяланды.
-
Мындан ары окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыга турган болду.
-
Ысык-Көлдө 5 жылдыздуу мейманкананын курулушу башталды деп билдирди президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев.
-
Бишкек мэриясы автобус жана троллейбуста жол кирени 20 сом кылууну сунуштады.
-
Алтынай Сакеева Кыргыздын Санкт-Петербург шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.
-
17-октябрдан тарта кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө документтерди кабыл алуу башталары айтылды.
-
Өлкөдө талапка жооп бербеген 14 мал базарга айып пул салынганы кабарланды.
-
Эрик Бейшембиев Кыргыздын Казань шаарындагы башкы консулу болуп дайындалды.
-
Кыргызстанда 450 миңден ашык бала кызамык жана кызылча илдеттерине каршы кошумча эмдөө алганы айтылды.
-
Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын президенти кызматынан кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: