Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Самат Эркинбеков, актёр: «ӨЗҮМДҮ АКТЁРЛУКТАН ТАПТЫМ, БАШКА ИШ МЕНИКИ ЭМЕС ЭКЕН»№1089 20-26-октябрь, 2023-ж.
– Мен чыгармачылыкка 10-классымда, 16 жашымда келдим. Алгачкы жолу сахнага “Тамашоу” менен чыктым. Ак-Өргөөлүк балдар команда чогултуп, атыбызды “Ак-Өргө city” деп атаганбыз. Мектепти бүткөндөн кийин ата-энем экөө тең медицина адиси болгон соң мен деле врач болоюн деп Кара-Балтадагы Медициналык колледжге тапшырдым. Ал кезде КВНди убактылуу кызыгуу деп ойлогом. Окуудан улам суранып Кара-Балтадан Бишкекке келип “Тамашоудо” ойноп жүрүп, анан Бишкекке которулуп келдим. Окуу жайдагы иш-чараларды алып барып жүрдүм. Эстеп көрсөм, ошол кезде эле “Тамашоу” аркылуу өзүмдүн баскан-турганыма акча таап жүрүпмүн. Окууну бүтүп, 2 айлык практикадан өткөндөн кийин дипломду үйгө койдум да, ошол бойдон ал ишиме кайткан жокмун. Мен үчүн эртеден-кечке бир жерде тиш жасап отуруу зеригичтүү болду. Андан кийин кинолорго тартылып, корпоративдерди, иш-чараларды алып бара баштадым. Кесибим чыгармачылык жол экенин түшүндүм. Ошентип хоббим негизги кесибиме айланып кетти. Ойлоп көрсөм, азыркыга чейин чыгармачылыктан башка бир да жерде иштеп көрбөптүрмүн. Кээ бирлер жок дегенде официант болуп иштеп көрүшөт го, жок, менде андай болбоптур. – Актёрлукка келишиме да “Тамашоу” себеп болду. Ал жакта калыстар тобунда режиссёрлор да отурчу эмес беле?.. Эрнест агай (ред.: Абдыжапаров) мени ошол жактан көрүп, бир тасмага тартам деп жүрчү экен. Бир күнү кастингге чакырды. Тандоодон өтүп, “До+Фа” тасмасына башкы каармандын ролуна тартылдым. Бул кино мага ийгилик алып келди, көп күйөрман арттырдым. Андан кийин режиссёр Нурлан Мамакеев менен, “Ак-Өргө city” менен да өзүбүз сценарий жазып, кино тарта баштадык. Чыгармачылык уланып жатты. 2019-жылы ырдап көрөлү деп “Дыкын-дыш”, “Апоу” деген ырларды жаздырдык. Дароо эле хит болуп, той-мааракелерге чакырып жатышты. Ошол учурда Куба, Рүстөм үчөөбүз “Жер тоголок”, “Жора & Гуля” деген тасмаларды тарттык, эл жакшы кабыл алды. Акырындык менен сценарий жазганды, тасма тартканды, роль ойногонду үйрөндүк. Эч ким бизге “минтип тартасыңар” деген жок. 2012-2015-жылдары элдин кыргыз киносуна агылып келишинин бирден-бир себеби биз болуп калдык окшойт. “Ак-Өргө city” командасындагы балдар үйлөнүп-жайлангандан кийин чыгармачылык бир аз солгундап калды. Анын үстүнө жаш улуулаган сайын ар ким өз алдынча команда топтоп, ар бири өз алдынча лидер болгусу келет экен. Ар кимибиз өз жолубузга түштүк. – Жубайым Чолпонай менен 2013-жылдары тааныштым. “Супер-Инфонун” футбол турнирине комментатор катары барып, ошол жактан таанышып калганбыз. 2 жыл сүйлөшүп, 2015-жылы баш коштук. Жаңы үйлөнгөндө 1-2 жылдай байкем, жеңемдер менен чогуу жашап, кийин батирге чыктык. Ошол учурда жумуш да солгундап, кыйынчылыктар болду. Ошондо “тиш доктуру болуп иштесем окшойт” деген бир ой келген. Кээде “чет өлкөгө кетип калсакпы” деп да ойлончумун. Баланы 5 жыл күттүк, 6-жыл дегенде уулдуу болдук. 5 жылда эмне деген гана кыйын абалдар болбоду. Келинчегим ыйлап бугун чыгарып алат. Мен ичимден кыйналчумун. Башка бирөө балалуу болсо же сүйүнөрүңдү билбейсиң, ыңгайсыз. 5-6 жыл бала күтүү оңой эмес. Тойго барганда чоң ата, чоң энелерге “балалуу бол деп бата берип коюңузчу” дей берчүмүн. Ал күндөр артта калды, буюрса. Балалуу болгондон кийин жанагы 5 жылды унутуп коёт экенсиң. Азыр Кудайга шугүр, уулум 3кө чыгайын деп калды. Биринчи жолу “ата” дегенин укканда Москвада элем. Телефондон жубайым чалып айттырды. Сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергем. Жакшы жолдош, жакшы ата болгонго аракет кылам, келинчегиме жагымдуу маанай тартуулаганды жакшы көрөм. Аял кишиге ашыкча жүк үйгүм келбейт. Үйдө эң башкысы кыргыз тилге басым жасайм. 2-3 айга бир жакка кетсем эле үйдө орустар жашагандай абал түзүлүп калат. Ушунун айынан да кээде жубайым экөөбүз урушуп калабыз. Өзүм кыргыз тили деп теледе, кинодо жүрсөм, анан балам кыргызча билбей турса, уят да. – Арслан Ибрагим деген “Тамашоунун” редактору бар. Ал киши ошол кезде алпаруучу болуп иштечү. Бир күнү ага “сизге жардамчы болуп, алпаруучулукту үйрөнөйүнчү” десем макул болду. 2 күн катары менен иш-чара алпармак экен. Биринчи күнү жардамдашып жанында жүрдүм. Эртеси “Самат, сен баштай бересиңби?” деди да кетип калды. Телефон чалсам албайт, мен турам микрофонду кармаган бойдон калчылдап. Эмне деп баштаарымды билбейм, эл күтүп жатат... Отургандар мени боору ооруп карашат, “жаңы үйрөнүп жаткан турбайбы” дегендери угулуп жатты. Көрсө, Арслан байке мени атайын таштап кетиптир. Ошол күнү мен биринчи коркунучту жеңип алган экенмин. Алпаруучулук бардык эле кишинин колунан келе бербейт, бул оор, азыркыга чейин башында жүрөк лакылдайт. Теледе иштеп жакшы тажрыйба топтодум, камерага иштегенди, ар бир сөздүн дикциясы, интонациясы дегендерди окубай үйрөнүп алдым. – Съёмкада жүргөнүбүздүн өзү деле курмандык, кээде саат канча болгонун деле билбей калабыз. Бир кинодо өзүм үчүн рекорд койгом, 41 саат уктаган эмесмин. Адам көпкө уктабаса акылы тумандап калат экен. Ошондо үйгө келатып үйүмдү таппай жаман болгонум эсимде. Карантин убагында баарыбыз үйдө отуруп калбадыкпы. Ошол кезде балдар менен бирге онлайн кинотеар ачтык, бирок ага көп каражат салыш керек экен. Жарым жылдай иштеттик, инвестор чыккан жок, ошол бойдон ал долбоор токтоп калды. Бул чыгармачылыкта эң чоң акча сарптаган, тобокелдикке барган долбоорлордун бири болду. – Артисттердин арты да, алды да эмесмин. Ар бир артисттин өзүнүн белгилүү бир күйөрмандары бар. Мен күйөрмандарым үчүн бир эле образда калып кетким келбейт. Азыркы учурда актёрлукка басым жасап калдым. Режиссура, сценарий жазуу меники эмес экен. Өзүмдү актёрлуктан таптым. Өзүм тарткан кинолордо продюсерлик кылып калышым мүмкүн. Жакында “Мурас” деген драмалык сериалга тартылып бүттүм. Буюрса, эл мени башка образда да көрөт. Мен үчүн биринчи орунда чыгармачылык рейтинг турат. Андыктан бул сериалга тартылып жатканда көп иш-чаралардан, той-топурдан баш тарттым. Бир күнү жоголуп кетсек, эл бизди тааныбай калса эмне болот деп ойлоно берем. Чыгармачыл адам ушундай кызганчаак болуш керек. Негизи, кино тарыхта калат. А той, иш-чараларды эртең-бүрсүгүнү эч ким деле эстебейт. – Чыгармачыл кишиде өйдө-ылдый болуп турганы жакшы экен. Бир калыпта кете берсе, өнүгүү токтойт. Чынында, кыйынчылыктар көп болду. Бир киноң жакшы, экинчиси начар болуп калат. Акыркы “Здравствуй, папа” деген кино ийгиликсиз болуп, кинодон бир аз көңүл калып барып анан түзөлдү. 1-2 ай эч ким менен сүйлөшпөй жатып алдым. Баары жакшы болуп келе жатып эле бирөө болбой калса жаман болот экенсиң. Бүгүнкү күнгө жеткиче азапты көп эле тарттык. Байдын баласы болсок, балким, минтип сахнага чыкпайт белек. Көп нерсе муктаждыктан улам жаралат. Анан да “мен чыгармачыл адаммын” деп эле бир бөлмөлүү жатаканада жашап жүрө берген болбойт. Популярдуулукту туура колдоно албай калуудан корком. Менимче, аты чыккан адам жакшы жашашы керек. Шарты бар үйдө жашап, жакшы машинеде жүрүш шарт. Чыгармачылык менен жеке жашоону бирдей ала жүрүш керек. Бул жагынан мурдагы артисттердин катасын кайталабаганга аракет кылам. Картайгыча ким билет, кандай актуалдуулукта болобуз. Ишибиз жүрүшүп жаткан учурда материалдык жактан да жакшы шарт түзүп алышыбыз кажет. – Башында бирөө-жарым көчөдөн таанып калса “чын эле мени таанып жатабы?” деп сүйүнөсүң. Ал киши менен барып сүйлөшкүң келип, кайдан көрдүңүз мени деп сурагың келет... Бирөө “сени телевизордон көрдүм” деп койсо деле сүйүнө берчүмүн. Бир жолу жаңы баш кийим кийип маршруткада келатсам, артта отурган эки кыз мени карап эле жылмаят. Бир эже да карап жылмайып койду. Ичимден “мени таанып жатышат” деп өзүмчө сүйүнүп калдым. Үйгө келип күзгүнү карасам, баш кийимимди тескери кийип алыптырмын (күлүп). Чыгармачылыктан эмне таптым? Биринчи кезекте акыл-эс таптым, дүйнө тааным арттырдым. Орто билимим болсо да өзүмдү жогорку билимим бардай сезем. Андан тышкары көптөгөн досторду таптым, ушул тармак себепкер болуп үй-бүлө күттүм. Элдин сүймөнчүлүгүнө, сый-урматына ээ болдук. Бул мен үчүн аябай чоң нерсе. Ошондо да дайыма жөнөкөй болгонго аракет кылам. – Эрмек Нурбаев калыстар тобуна мүчөлүккө чакырганда ошол жерден “Тамашоудогу” балдардын талантын байкагам, мага чоң таасир берген. Ошол учурда музыкант балдар музыкалык кино тартабыз деп кайрылып калышты. Аларга “муну сөзсүз комедиялык жанрда тартыш керек, анткени “Тамашоунун” балдары бүгүнкү күндө ачылыш жасап жатышат, кыргыз маданиятында чоң жаңылык болуп жатат” дедим. Ошентип “До+Фанын” сценарийин жазганбыз. Мен дароо эле башкы ролго Саматты көргөм. Анткени Саматтын ички дүйнөсү өтө таза, айылдын жыты буркурап турган, өзгөчө куудулдугу бар жигит. Музыкант балдар “музыкантты тарталы, башкы ролду Мирбек Атабеков ойносун” дешкен. Мен болбой эле Саматтын аткарганы мыкты болорун аларга далилдеп бергем. Чынында, “До+Фанын” элде жакшы кабыл алынышынын бир себеби – анын комедиялык жанрда болгону болсо, экинчи себеби – Саматтын чеберчилиги. Бул ролду Саматтай эч ким ойной алмак эмес. Самат кичи пейил, ак көңүл, байкасам, өтө күжүрмөн дагы экен. “Здравствуй, папаны” да биргелешип тарттык. Эми жашоодо бирде өйдө, бирде ылдый болот да, “До+Фанын” деңгээлине жетпесе да, кыргыз кино жаатында “Здравствуй, папа” дагы өзүнүн ордун ээлеп калды. Самат комедияны гана эмес, драмалык образдарды да жакшы ачып бере алат. Анткени терең ички дүйнөсү бар, таланты, көрөгөчтүгү бар. – Кичинесинен эле токтоо, кичи пейил. Тартиптүү, улууларга, дегеле бирөөгө катуу суйлөбөгөн адам. Аябай берешен, жеке эле өзүн ойлобой, төрт бир тууганыбызга тең камкордук кылат. Үй-бүлөсүнө карамдуу, келиниме “повезло”. Тилекке каршы, ата-энебиз дүйнөдөн эрте өтүп кетти. Саматтын бала кезде эле күлкүлүү жоруктары бар болчу. Атамдын эң сүйүктүү баласы болчу, башка бир туугандар Саматты эле ишке жумшай берсек, атам болушуп калчу. Мен иним менен абдан сыймыктанам. – Самат жакшы ата, мээримдүү, боорукер, аябай ак көңүл адам. Кек сактабайт, баарына бирдей мамиле кылат. Күнү-түнү иштейт, жумушу көп, ошого карабастан бизге да көңүл буруп, бир жакка алпарып көңүлүбүздү алганга жетишет. Анан бирөө жардам сурап кайрылса, жок дебейт. Чарчап турса же бошобой жатса да жардам колун сунганга даяр турат. – Саматтын жүрөгү таза, боорукер. Достукка бекем, тууганчыл жана жакшы дос. Анан аябай шайыр. Биз “Жер тоголок”, “Жора & Гуля” тасмаларында чогуу иштедик. Кызыктуу бир окуясын айтып берейин. “Жора & Гуля” тасмасын тартуу учурунда Гулянын образында жарнама тартып бир супер маркетте жүргөнбүз. Бир маалда эле ал жакка Саматтын бажасы келип калып жатпайбы. Самат “бажам жүрөт” деп эле шашкалактап калды. Жашынганга мүмкүн болбой калды. Анан Самат Гулянын образы менен “иий, ай, бажа, кандай, жакшыбы? Бажа, биз жумуштабыз, анан көрүшөбүз, ээ?” деп кырдаалдан чыгып кеткен. Тиги бажасы таң калып, жылмайган бойдон басып кеткен. Көчөдөн Саматты таанып “Доорон, кел сүрөткө түшүп алалы” дешсе эч качан баш тартпайт. – Ак-Өргөө конушунда 20 жылдан бери квартал башчысы болуп иштейм. Өзүм жашаган аймактагы жашоочулардын баарын атынан билем. “Ак-Өргө city” командасы 2008-жылдары уюшулган. Башында ата-энелерди уюштуруп демөөрчү болдук, анан ар кайсы жактан сураштырып формаларын тапканга, жол кире, роликтерин тартканга жардам берчүмүн. Балдар бири-бири менен абдан ынтымакта болушту, ошонусу менен ийгиликке жетишти. Самат кичинекейинен эле зирек, элпек, ак көңүл, улууну урматтаган, тартиптүү бала болуп чоңойду. Ачык-айрым, музыкалык аспаптарда да ойночу. Кайсы образда болбосун, мейли эркектин, аялдын же баланын, актёрлук чеберчилиги мыкты. Буга тубаса талант берилген. Өкүнүчтүүсү, ата-энеси дүйнөдөн эрте өтүп кетип, Саматтын азыркы ийгиликтерин көрбөй калышты. Апасы ыр жазып калчу. Эмгекчилдиги, күжүрмөндүгү, ташкындаган таланты менен азыркыдай атактуулукка жетти деп ойлойм. Кыргызстанда Саматты баары тааныйт десем жаңылбайм. Аны мен өзүмдүн уулумдай көрөм. Өнөрү дагы арта берсин, ийгиликтери көп болсун. Гулийпа Маметосмон кызы "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|