БИР БҮРКҮМ. НАРЫНГА ЖЫЛУУЛУК БЕРИЛДИ...
№1090 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
-
.jpg)
Нарын шаарына 25-октябрдан тарта жылуулук бериле баштады.
-
Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери 178 миң сом пара алууга шектелип кармалды.
-
Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестинага жардам катары которо турганы айтылды.
-
“Кумтөрдүн” мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү.
-
Коомдук ишмер Базарбай Мамбетов каза болду.
-
Кыргыз-Казак чек арасынан Кыргызстандын оор жүк ташуучу унааларынын өтүшүндө кайрадан кыйынчылык жаралды.
-
2024-жылкы ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат.
-
Жыл башынан бери өлкөдөгү банктардын таза кирешеси 16,3 миллиард сомду түзгөнү маалымдалды.
-
Быйыл 1-январдан 1-октябрга чейин өлкөдө 53 432 жаран пенсияга чыкты.
-
Бишкектеги №1 СИЗО шаар сыртына, Төмөнкү Нооруз айылына көчүрүлөт.
-
УКМК: Камчы Көлбаевдин дагы 80 миллион сомдук асыл тукум жылкылары табылды.
-
Бишкекте 26-октябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өттү.
-
Депутат Нуржигит Кадырбеков өлкөдө батирлердин ижара акысы кескин кымбаттап кеткенин сындады.
-
“Манас” аэропорту учактардын ичи-тышын жылытуучу атайын техникаларды сатып алганын жарыялады.
-
“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде иштеген жумушчулардын маянасы көтөрүлөрү айтылды.
-
Адахан Мадумаров СИЗОдон Улуттук кардиология борборуна которулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: