
JIA бизнес-ассоциациясы өлкөдө ишкерлердин кармалып жатышы боюнча президент
Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бийликке келгенден кийин
Жапаров менчикти коргоого, мамлекеттин бизнеске негизсиз кийлигишүүсүн токтотууга багытталган 2 жарлык чыгарганын, бул документтер ишкерлерге түрткү бергенин эскертишип, бирок соңку мезгилде ишкерлердин кармалып жатышы бизнес коомчулугун тынчсыздантып жатканы айтылат.
– Бүгүнкү күндө ишкерлердин кармалып жатышы бизнес чөйрөсүндө тынчсыздануу сезимин жаратып жатат. Мындай аракеттердин уланышы бизнес-активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана өлкөдөн инвестициянын чыгып кетишине алып келиши мүмкүн. Өлкөнүн экономикасына сырткы жана ички инвесторлорду тартууга жасалган чакырыктар бизнести колдогон туруктуу саясат менен камсыздалышы керек,- деп айтылат маалыматта.
Бизнес чөйрөсү бийликтен туруктуу саясат жүргүзүүнү, адилеттүү эрежелерди иштетүүнү, менчикти коргоону жана ишкерлерди колдоону суранды.