
БУУнун башкы катчысы
Антониу Гутерриштин уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында жасаган билдирүүсү Израиль тарапты нааразы кылды. Билдирүүсүндө
Гутерриш “ХАМАСтын чабуулу жөн жерден башталбаганын моюнга алыш керек” деген сөздү айтты. Ушундан кийин Израилдин БУУдагы атайын өкүлү башкы катчынын отставкасын талап кылды. Гутерриш ХАМАСтын чабуулун бекеринен жасалбаганын, палестина эли көп жыл кысымга алынып келгенин айтып, ошол эле учурда аталган кыймылдын Израилге жасаган чабуулун кескин айыптай турганын айткан.
Айта кетсек, буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Газага жасалган чабуулду негиз кылып Израилге пландалган сапарын токтоткон.