
Оштун Араван районунда балдарын урган эне кармалды. Ош облустук милициясынын маалыматына таянсак, аялдын балдарды сабап жатканы тартылган видео Вотсап сервиси аркылуу тарагандан кийин милиция териштирүү баштаган. Анын жүрүшүндө 21 жаштагы эне кармалды, ал өзүнүн 2 жашар эгиз кыздарын төшөккө заара кылып коюшканы үчүн сабаган деп айтылат маалыматта.
Аялга карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат. Ал эми сабалган балдар боюнча экспертиза дайындалды, жыйынтыгында алар канчалык зыян тартканы аныкталат.
ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда балдардын 73 пайызы үйдөгү таш боор мамиленин, 83,5 пайызы мектептеги зомбулуктун курмандыгы болушат.