БИР БҮРКҮМ. ПРЕЗИДЕНТ ЯПОНИЯГА БАРАТ...
№1093 17-23-ноябрь, 2023-ж.
-
Баткенде 2 көчөгө чек ара жаңжалында каза тапкан 2 жоокердин ысымы ыйгарылды.
-
Талас шаарында жаңы курулган балдар аянтчасын белгисиз адамдар талкалап кетишти.
-
Президент Садыр Жапаров 17-20-ноябрда Японияда иш сапары менен болот.
-
2023-жылдын 9 айында Орусиядан 1900 Кыргыз жараны депортацияланды.
-
Зордуктоо кылмышына шектүү адамды үй камагына чыгарып жиберген Ак-Суу райондук сотунун судьясы Абдисалам Мойдунов мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулду.
-
Ала-Бука районунда бир үй-бүлөдөгү 7 адам көмүрдүн исине ууланып ооруканага түшкөнү жарыяланды.
-
Балык чарба департаменти: Өлкөдө каттоодон өткөн 274 балык чарба субъектиси бар.
-
2024-жылкы ажылык сапарга зыяратчыларды каттоо 13-ноябрда аяктады.
-
Парламент төрагасы Нурлан Шакиев Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Авад менен жолугушту.
-
Бишкекте “Manas Tower” деген 45 кабаттуу мейманкана комплексин курууга старт берилгени маалымдалды.
-
УКМК: 52 килограмм алтын куймасын өлкөдөн алып чыгып бараткан жеринен чет элдик жаран кармалды.
-
Экс-депутат Жаныбек Бакчиев УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
-
Кызматка жаңы дайындалган 5 министр 15-ноябрда Жогорку Кеңеште ант беришти.
-
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Минскте өтүүчү ЖККУнун кезектеги саммитине катышпай турганын билдирди.
-
Белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 82 жашында дүйнө салды.
-
Баткен шаарында заманбап мал базары курулду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг: