
Кемпир-Абад окуясы боюнча кылмыш ишинин 11 фигурантын Бишкектин Биринчи Май райондук соту камакта калтырды. Мындай чечимди сот 29-ноябрда чыгарды. Айыпталуучулардын жактоочуларды алардын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн эле. Өтүнүч орундатылган жок, сот 11 айыпталуучуну 2024-жылдын 29-январына чейин камакта калтырууну чечти. Кемпир-Абад окуясы боюнча жалпы 27 адам кармалса, алардын көбү үй камагына чыгарылган. Камакта калган 11 адам булар:
Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Айбек Бузурманкулов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Тимур Махмудов, Ильгиз Шаменов, Кубанычбек Кадыров.
Кармалгандар өздөрүнө тагылган айыпка макул эмес. Айыпталуучулар “Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси боюнча кылмышка шектелип жатышат. Алар өлкөдө баш аламандык уюштурууга эч кандай аракет кылган эмеспиз, тынч жыйындарды өткөрүүгө Кыргыздын ар бир жараны укуктуу деп келишет.