
Бишкек Жылуулук электр борбору кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады. Министрликтин билдиришинче, быйылкы жылытуу мезгилинде ЖЭБге 1,2 миллион тонна көмүр жеткирүү пландалууда. Мунун 550 миң тоннасы Казакстандын, 650 миң тоннасы жергиликтүү көмүр. Мындан тышкары, 70,110 миллион метр куб жаратылыш газы, 5 тонна мазут колдонула турганы айтылат маалыматта. Учурда Бишкек ЖЭБинин кампасында 305 тонна көмүр жана 1,6 тонна мазут бар.
“Кыргыз көмүр” ишканасынын маалыматы боюнча быйыл ЖЭБге Кара-Кечеден 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр ташылат. ЖЭБди толук түрдө жергиликтүү көмүргө өткөрүүгө азырынча мүмкүн эмес дешет адистер. Анткени Кыргызстанда казылган көмүрдүн калориялуулугу жетишсиз деген жооп айтылып жүрөт. Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев “Кара-Кеченин көмүрүн байытуу аркылуу ЖЭБге колдонуу маселеси каралып жатат” деп маалымат берген. Бул качан ишке ашары азырынча белгисиз.