
"Ж
огорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүүдө элдин пикирин эске алат деп үмүт кылып туралы". Мамлекеттик катчы
Сүйүнбек Касмамбетов 4-декабрда өзүнүн социалдык желедеги баракчасына жазган билдирүүсүндө ушундай деди. Депутат
Нурлан Шакиевди “өлкөнүн патриоту” деп атаган
Касмамбетов авторлор тууну жакшы ниет менен өзгөртүүнү демилгелеп чыгышкан дейт.
– Сунушталган ой президент Садыр Жапаровго, генерал Камчыбек Ташиевге, мага дагы жагып, өлкөбүз жаңыланып, жанданып жатканда, жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болгонбуз. Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө... Азыркы биздин туубуз, эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары, элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы, бири-бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү,- деди мамлекеттик катчы.
Кыргыздын туусун өзгөртүүнү караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 29-ноябрда биринчи окууда жактырган. Демилгенин авторлору төрага Нурлан Шакиев жана депутат Улан Примов. Коомчулукта желекти өзгөртүүгө каршы нааразычылык толкуну жаралып, “желекке тийишпегиле” деген талап, чакырыктар айтылып жатат.