Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1174
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Тилек Туйбаева, маркумдун апасы: “БАЛАМДЫ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КАЗА БОЛДУ ДЕШКЕН, КИЙИН КИШИ КОЛДУУ БОЛГОНУН БИЛДИК”№1097
“Унаасын айдап чыгып кеткен бойдон келген жок” Балам Байнур кийим тигүүчү цехте үтүкчү болуп иштечү. 20-октябрь күнү кечинде унаасы менен чыгып кеткен бойдон келген жок. Кечинде чалсам “ии, ооба” деп кыска сүйлөп туруп алды. “Балам, чыныңды эле сүйлөчү, каяктасың?” десем, “апа, мен бир баланын туулган күнүндө жүрөм” деди. Эми чоң эле баланы урушпай эле коёнчу, достору менен майрамдап жүргөндүр деп жатып алдым. Эртеси турсам унаасы жок, дароо цехке чалып сурадым. Ал жактагылар “жумушка келген жок, эч кимдин туулаган күнү болгон эмес” деп айтышты. Балама чалсам албайт, ватсаптан “дос баламдыкында уктап жатам” деп жазып жибериптир. Ката жазат экен, менин балам мектепти жакшы окуган, университеттин бюджеттик бөлүмүн бүтүргөн, өтө сабаттуу жазчу, дароо шекшидим, жүрөгүм жаман нерсени туюп жатты. Свердлов РИИБине барып “балам унаасын айдап чыгып кеткен бойдон келген жок” деп арыз жаздым. Ошол күнү кечинде мага баламдын телефонунан “апа, мен Ошко баратам машина алганы, эртең менен алдыңызда болуп калам” деп жазды. Балам сүйлөгөндө мындай сөздөрдү колдончу эмес. 22-октябрь күнү эртең менен Токтогул РИИБинин милиция кызматкерлери баламдын телефонунан чалып “балаңар жол кырсыгына кабылыптыр, Токтогулдун ооруканасында жатат, келип калгыла” дешти. 5 саат жол жүрүп барсак балам өлүкканада экен. “Кылмышкер жол кырсыгынан өлдү кылып, окуяны башка өңүткө бургусу келген” – Биз өлүкканага барып баламды көргөндө чекесинде жарааты бар экен, моюнунда муунтулган издер турат, ошондо эле киши колдуу болгонун түшүнгөнбүз. Бирок милиция кызматкерлери документтерге жол кырсыгынан каза болду деп жазып беришти. Биз өзүбүз иликтөө жүргүзүп баштадык. Көрсө, баламдын унаасы ал үйгө келбей калган 20-октябрь күнү эле сатыкка чыгыптыр. Эртеси унааны кылмышкерлер 8700 долларга сатышкан, сатып алган адам видеого да тартып алган экен, биз ошол аркылуу аны таптык. Кылмышкерлер Токмокко барып Жигули унаасын сатып алып, ага баламды салып барып Токтогулдан өлтүрүп, Чычкан капчыгайындагы сайга түртүп салышкан. Милиция кызматкерлери унаанын эшигин ачса эле балам шалак деп кулап калыптыр. Медайымдар “маркумдун денеси жумшак болчу, эгер 1-2 күн мурун өлтүрүлгөн болсо денеси катып калмак” дешти. Демек, кылмышкерлер баламды 22-октябрь күнү эртең менен өлтүрүшкөн. 2 күн каякта алып жүрүшкөн, балам кандай тозокту көрдү бир Кудай билет. Токтогулдун милициясы тергөө ишин начар жүргүзүп жатышат. Баарын өзүбүз иликтеп, далилдерди өзүбүз таап бердик, болбосо алар жол кырсыгынан каза болду деп эле ишти жаап коюшмак. Кылмыштын баары Бишкекте болгон, Токтогулда болгону өлүгү табылды. Биз тергөө ишин Бишкекке которуп берүүнү суранабыз. Анан да унааны сатып жатканда видеодо 2 бала жүрөт, азыр 1 эле шектүү кылмышты моюнуна алып абакта, калгандарынын тиешеси жок экен деп коё берип жиберишти. Тергөө ишине өтө нааразымын. Кылмышкерлерге “баланы 2 күн каякта алып жүрдүңөр?” десе, “түнү менен казинодо жүрдүк, мейманканада кыздар менен жүргөнбүз” дептир. Бул карандай калп, баламдын кыздарга бармак турсун, сүйлөшкөн кызы жок болчу. Андай кир жерлерге такыр барбайт болчу. Токтогулга атайын өлтүргөнү алып барган, кылмышкер “унаанын акчасын агамдан алып берем деп Ошко баратканбыз, биз Токтогулга жеткенде агам чалып акчаны 2 айдан кийин берем деди, ошондо Байнур жини келип кетти, экөөбүз мушташып, аны муунтуп өлтүрүп салдым” дептир. Балам эч качан бирөөгө биринчи кол көтөрбөйт болчу, спорт менен машыккан эмес, кичинекей эле бала. Атайын жасалма жол кырсыгы уюштурулганын тергөөчү эмес, жөнөкөй адам деле билмек. Чынара Малабаева, маркумдун жеңеси: “Азыр токтотпосок, кылмышкер дагы башка ата-энени сыздатат” – Мен Токтогулга барып кайним Байнур Тороевдин сөөгүн жүктөп келгенге катышкам. Бул кылмышта тергөөчүлөрдүн иши өтө начар болгонун баса белгилегим келет. Бизге жол кырсыгынан каза болду дешкен. Барсак денесинде, моюнунда муунтулгандан калган тактар турат. Анан Байнур механика машина айдай алчу эмес, аны жөн эле Жигулиге салып коюшкан, кылмышын жашыруу максатында. Кайнимдин жакында кыркы өттү, бирок Токтогулдун тергөөчүлөрү Бишкекке бир эле жолу келип кетишти. Өзүбүз тергөөчү болдук. 20 күндөн кийин Токтогулдагы окуя болгон жерге барып кылмышкердин кепкасын таап алдык. Карабайсыңарбы, тергөөчүлөр кылмыш болгон жердин тегерек-четин да карап коюшкан эмес. Азыр Жигули да, кайнимдин сатылып кеткен Тойота Кроун үлгүсүндөгү унаасы да Токтогул РИИБинде токтоп турат. Сот иши бүткөндө беришет экен, кайнимдин унаасында кылмыш болгон эмес, аны жөн эле сатып жиберишкен. Сот бүткүчө 3-4 жыл өтөбү кайдан билебиз, ага чейин чирип, тонолуп жок болуп кетсечи? Унааны апасына бериши керек эле. “Кылмышкер башында төртөөбүз болчубуз деген” – Дагы бир жагдай, кылмышкер башкы көрсөтмөсүндө төртөөбүз болчубуз деген экен. Кийин баарын жалгыз моюнуна алып калды. Калгандары кайда? Бул жерде инимдин унаасын кымышкерлерден сатып алган бала азыр акчасы да, унаасы да жок калды. Кылмышкерди милиция кармаганда картасында 200 миң сомдой акчасы бар экен, аны дароо банктан тоңдуруп коюшса болмок, көп өтпөй ал акча жок болуп кетиптир. Кылмышкердин аялы чечип алдыбы, кимиси алды билбейбиз. Унааны сатып алган балага жок дегенде ошол акчаны берип коюшса болмок да. Биз жокто кылмышкер, тергөөчү, унааны сатып алган бала болуп үчөө жолугуптур. Ошондо кылмышкер кебелбей отуруп тергөөчүдөн тамеки сураса, “менде тамеки жок, байке” дептир. Тергөөчүлөр өздөрү кылмышкерди байкелеп коркуп отурса эмнени кыйратып тергешмек эле? Ошого биз Бишкек шаардык Башкы прокуратурага “ишти Бишкекке которуп бергиле” деп деп суранып жатып тилибиз тешилди. Биз аягына чыгарабыз. Болбосо кылмышкер 6-7 жыл түрмөгө отуруп чыгып, кайра бирөөнүн алмончоктой баласын өлтүрө берет. Мындай адамдар акча үчүн адам өлтүрүп көнүп калышкан, биз токтотпосок, дагы бир ата-энени сыздатат. Токтогул РИИБи: “Шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген” – 2023-жылдын 22-октябрында болжол менен саат 10:00 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгына учураган ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаа табылган. Башында айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдор болгон. Унаа тоодогу дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган. Унаада жаш жигиттин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерди кароо учурунда милиция кызматкерлери бул жөнөкөй кырсык эместигин байкашкан. Жасалма жол кырсыгын атайылап уюштуруп коюшу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзгөн соң жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал дайынсыз жоголгондордун бири катары эсептелген Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 2001-жылы туулган Т.Б. болуп чыкты. Топтолгон материалдардын негизинде Токтогул РИИБ- Лунара Бекиева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|