Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Чыгыш гороскобу-2024№1097 Коён жылынын сапары карып, балык (ажыдаар) жылы босогодо турат. Узап бараткан коён жылы сыноосу көп жылдардан болду. Дүйнөдө согуш оту тутанып, айрым өлкөлөрдө кырдаал дагы деле курч бойдон калууда. Кирип келе жаткан жашыл жыгач балык (ажыдаар) жылы 2024-жылдын 10-февралында башталып, 2025-жылдын 28-январында аяктайт. Астрологдор 2024-жылга кандай божомол айтышат? Жеке мамиледе, карьерада, коомдо бизди эмнелер күтөт? Төмөнкү макаладан жооп табасыз. Биз билген балык жылы чыгыш гороскобу боюнча ажыдаар деп айтылат. Кытай мифологиясында ажыдаар чыгыш гороскобундагы эң табышмактуу жаныбар. Ал шамалды, жамгырды башкарып, аба ырайын өзгөртүп, эгиндердин мол болушуна таасирин тийгизе алчу жөндөмгө ээ. Ошондой эле ал дүйнөгө гүлдөп-өнүгүүнү алып келет деп айтылат. Ажыдаар – жер менен асмандын ортосундагы байланыштын, мыйзамдын жана тартиптин символу. Эң сыйкырдуу жана эң сонун окуялар ажыдаар жылында болот. Кытайлар ажыдаарды күчтүү тумар, өзгөчө касиетке ээ жаныбар деп эсептешет. Кытай маданиятында ажыдаар жаркын келечектин, жаңы башталыштын символу. Андыктан жашооңуздагы эң бир маанилүү башталыштарды дал ушул ажыдаар жылынан күтсөңүз болот. Балык жылы кимдерге ийгилик алып келет? Чыгыш гороскобу боюнча 2024-балык жылы чычкан, маймыл жана тоок жылында төрөлгөндөргө ийгилик жана молчулук алып келет. Ал эми уй, жылан, ит жылында төрөлгөндөр кесиптик жана жеке жашоосунда тоскоолдуктарга кабылышы мүмкүн. Быйыл мүчөл жылы болгон балык жылындагылар да этият болушу керек. Балыктар үчүн кайра жаралуунун жана ийгиликсиздиктин мезгили. Балык жылы сизге кайраттуулук, ишеним жана көз карандысыздык сапаттарды бекемдөөгө жардам берет. Эмне белекке берсе болот? Той, юбилейлерге кызыл конвертке салынган акча белекке берсеңиз болот. Ошондой эле гүл, таттуулар жана майрамдык тамактарды кошсоңуз болот. Жылдын ийгиликтүү түстөрү: Алтын сары, күмүш жана боз, ак түстөр. Жылдын символу жашыл жыгач ажыдаар болгонуна карабастан жашыл түс ийгилик алып келбейт. Көк түс да ажыдаарга жакпайт.
Балык жылында ийгиликке жеткиңиз келсе, чоң күч-аракет жумшашыңыз керек. Өтө активдүү болуп, чечилбеген көйгөйлөрдү буйтап болсо да максатыңызга жетесиз. Бул жыл ишкерлер үчүн да жемиштүү болот, чоң долбоорлорду, келишимдерди түзүү иштери жылдын экинчи жарымына туура келет. Байлык, мансап топтогусу келген чычкандар байып, амбициясы күчтүүлөр карьералык тепкичтен көтөрүлө алышат. Эң башкысы ылдам, чапчаң болуңуз, анткени келген мүмкүнчүлүктү убагында кармап калуу үчүн бардык окуяга тез реакция кылышыңыз керек болот. Жеке жашоодо чычкандар бекем тылга муктаж, андыктан жыл башында өнөктөшү менен мамилесин чыңдап, үй-бүлөдө гармониялык абалды түзүп алганы жакшы.
Укмуштуу окуяларга бай жыл болот. Чечилгистей көрүнгөн маселелердин түйүнү чечилип, жылдар бою тоңуп турган муздар эрийт. Эл арасында кадыр-баркыңыз көтөрүлөт. Алкоо, мактоо сөздөрү, материалдык абалыңыздын жакшырышы сизди бир топ өзгөртөт. Жылдын экинчи жарымында чөйрөңүздөгүлөрдүн азгырыгына кирип туура эмес жолго түшүп алышыңыз мүмкүн. Убакытты текке кетирбей, билим алууга умтулуп, өзүн өзү өнүктүрүү курстарына барып, жаңы билим, жөндөм, көндүмдөрдү өздөштүрөсүз. Коомдогу, чөйрөдөгү адамдар менен мамиле түзүп, байланыштарды кеңейтесиз. Жеке жашоодо жалгыз бойлор түгөйүн таап, баш кошушат. Жардамыңызга муктаж адамдар көп болот, кайрымдуулук кылганды унутпаңыз.
Жолборстор үчүн ишкерликте, чыгармачылыкта, карьералык тепкичтен көтөрүлүүдө жыл башынан эле позитивдүү натыйжалар байкалат. Бирок жашооңуздагы чындап маанилүү болгон нерсени байкабай өтүп кетишиңиз мүмкүн, сезимтал жана байкагыч болуңуз. Жарата турчу ийгиликтердин көбү сиздин каржылык абалыңыздан көз каранды болот. Көп саякатка чыгасыз, жаңы горизонтторду багындырасыз. Тез өзгөрүп жаткан жагдайлар жолборсту кооптондурат, тилекке каршы, ага көнүүгө же алар менен күрөшүүгө туура келет. Эгер жолборс белгисиндегилер жалкоолонуп же өзүн паникага алдырса анда баары заматта токтоп, иши ордунан жылбай коёт. Анын ийгилиги айланасындагы адамдарды угуп, алар менен баарлаша билүүсүндө.
Өткөн жылда ишке ашпай калган максаттарды ушул жылы аягына чыгарсаңыз болот. Пайда болгон көйгөйлөрдү жеңил жана ийкемдүү чече аласыз. Коёндор өзүнүн алдамчы жумшактыгынын аркасында жеңиштерди так аныктай алышат, анткени керек учурда алар укмуштуудай күч көрсөтүү жөндөмүнө ээ. Кыймылсыз мүлк алуу үчүн акча топтоого, ишкердикте өзүңүз кыялданган кирешеге чыгууга мүмкүнчүлүктөр бар. Жетекчиңизден тынбай сый акы алып турган кызматкерлердин арасына кошуласыз. Жалгыз бой коёндордун жашоосунда көптөгөн таанышуулар, романтикалык жолугушуулар жана таарынычтар болот. Негизгиси багындырган жүрөктөрдүн санына эмес, сапатына басым жасасаңыз сиз издеген бакыт көпкө күттүрбөйт.
Тайманбастык менен ачык эле окко төшүн тосо алган балыктар бир аз жумшактыкты үйрөнүшү керек. Эмоционалдуу болуп, ашыкча тобокелчиликке барууну, иллюзияда жашоону токтотуңуз. Так максат коюңуз да, ага жетүүгө аракет кылыңыз, орто жолдон токтоп калсаңыз жашооңуздун маңызын жоготосуз. Балыктар бул жылы жумуш ордун алмаштырып, окууга тапшырып, такыр башка адистикте иштей алышат, анткени алардын колунан баары келет. Сүйүүдө чоң сыноолор күтөт, үй-бүлөлүк зомбулук же жакын адамынын психологиялык басымына кабылышы мүмкүн. Каржы маселесинде жыл ортосуна чейин карыз алып жашаса, андан ары каржылык көз карандысыздыкка ээ болот. Бөлүп төлөө жолу менен унаа же үй сатып аласыз.
Жыргалчылыктын жана молчулуктун жылы. Каржылык абалыңыз туруктуу болуп, анча-мынча ири сатып алууларды жасайсыз. Жеңиш жеңил келбесе да, ар кандай тоскоолдуктардан акылмандыгыңыз менен чыгасыз. Жылдын биринчи жарымында талыкпай иштеп жетекчилигиңизге көрүнүүгө аракет жасайсыз, бирок интрига аралашкан окуялардан да кур калбайсыз. Жеке жашоодо жакшы жакка өзгөрүүлөр күтөт, мурун ажырашкан түгөйлөр кайра чогуу жашоосун улантышат. Ал эми бойдоктордун адамдарды өзүнө тартып турган магнитизми туура иштеп, сүйкүмдүүлүгү менен оңой эле түгөй таап алышат. Бирок көпчүлүк жылан белгисиндегилер карьерасы, жумушундагы ийгиликтери менен алек болуп, жеке мамилени кийинкиге жылдырып коюшат. Жыландар адамдарга жасаган мамилесинде бир аз ийкемдүүрөөк болушу керек, менменсинүү, текеберленүү, ашыкча агрессияны башкалар кечирбеши мүмкүн, мамиле бузулса карьераңызда жана жеке жашооңузда көйгөйлөр көп болот.
Алдыңызга бир эле максат коюп, ошого жетем десеңиз сөзсүз ал ишке ашат. Бирок, каалоолоруңуздун бирин тандай албай, чачырап калбашыңыз керек. Балык жылы жөн эле ийгиликти кармата бербейт, көп сыноолор, тоскоолдуктардан өтүп, тер төгүп иштешиңиз зарыл. Жыл бою адамдардын көңүл борборунда болосуз. Ишкердик баштагандар чоң акчаларды жүгүртө алышат. Ошондой эле атактуу болууну каалагандар ири окуялардын баш каарманына айланып, атын тааныта алышат. Бирок өткөн жылга салыштырмалуу жашооңуз тынч жана жай өтөт. Жан дүйнө тынчтыгы орун алат. Жылкы белгисиндегилер ар бир баштаган иштен материалдык пайда тапкысы келет, бирок бардык нерсени акчага байлаган баалуулуктарыңызды бул жылы өзгөрткөнгө туура келет. Тескерисинче бекер жардам берип, кайрымдуулук жасаганга аракет кылыңыз. Үй-бүлөлүү жубайлар негативдүү ойлордон алыс болушса баары жакшы болот.
Каржы маселесинде көйгөй жаралбайт, бирок чоң пайданы да күтпөңүз. Кызматтык тепкичтен көтөрүлүп жатканыңызда көрө албагандар сизди жардан түрткөнгө аракет кылышат. Душмандарды өзүңүздөн алыс кармабай, тескерисинче ар бир кыймылын көз жаздымда калтырбоо үчүн жаныңызда алып жүрүңүз. Жеке жашоодо бактылуу болгуңуз келсе сүйүктүүңүз менен акылдашып, кеңешип иш кылышыңыз керек. Бирок өзүмчүлдүгүңүздүн айынан түгөйүңүз менен көп таарынычтар болот. Сүйүктүүңүз менен бир нече айлар бою таарынышып кайра табышып жүрүп отурасыз. Күз айлары кошумча бизнес ачууга абдан ыңгайлуу мезгил, өнөктөштөр менен иштешүү жолун туура нукта алып кетесиз. Карьера менен жеке жашооңузду тең салмакта кармап туруу кажет, тараза ташы бир тарапка ооп кетсе экинчиси зыян тартып калат. Ошондой эле туугандык мамилелерди бекемдөө зарыл, сиз оор кырдаалга туш болгондо дал ошол жакындарыңыздан жардам күтсөңүз болот.
Чоң ийгиликтер сизге кучагын ачат. Жакындарыңыздын колдоосу менен чыгармачылыкта бийик секириктерди жасайыз. Ачылбаган таланттарыңыз, жөндөмдөрүңүз ачылат. Балык жылы сизге өтө берешен болот, андан каалаганыңызды сурасаңыз болот. Билим алып, жаңы кесип тандап, жаңы нерселерди үйрөнө аласыз. Өзүңүздүн инсандык сапаттарыңызды бекемдеп, бизнесте жана чөйрөңүз менен мамиле түзүүдө тоскоолдук кылган нерселерден арылууга тийишсиз. Саякаттарыңыз ар кандай укмуштуу окуялар менен коштолот. Баамчыл жана демилгелүү болсоңуз бардык окуяларды өзүңүздүн пайдаңызга иштете аласыз. Оюңузда жана ишиңизде тартип болушу зарыл. Жалкоолугуңузду жеңе алсаңыз бат эле карьералык тепкичтен көтөрүлөсүз. Маймылдар жыл ээси болгон балык менен жакшы тил табышат, ошондуктан 2024-жыл бою ал өзүн абдан жакшы сезип, иштерин уюштуруп, коомдук жашоону активдүү алып барат.
Жаз айы ийгилик жана береке сиз тарапта болот. Бизнесте өзүңүздү сууда сүзгөн балыктай эркин сезесиз. Ишкердикти жөндөп кетүү бул жылда сиз үчүн приоритет болушу керек. Жашооңузда сезилерлик өзгөрүү байкалат, жер которуп башка өлкөгө көчүшүңүз мүмкүн. Үй-бүлөлүк жашооңуз туруктуу болуп, үйүңүздө толуктоо күтүлөт, эгиз балдар жарыкка келиши мүмкүн. Тобокелчиликке баруудан коркпоңуз, ири жеңиштердин артында чоң эрдик турарын унутпаңыз. Тырышчаактыгыңыздын артынан каржылык абалыңызды жакшыртасыз. Жалгыздар жылдын экинчи жарымында сүйүктүүсүн жолуктурушат, ал адам менен узакка мамиле курасызбы же кыска мөөнөткөбү, баары сизден көз каранды болот.
Ишенимдүү жана эмгекчил ит жылындагылар үчүн балык жылы тынч өтөт. Жыргалчылыгы, материалдык ийгилиги өзүнүн аракетинен көз каранды. Шашпастан, ашыкча күч жумшабастан, ызы-чуусу жок эле бизнесте, жеке мамилелерде чоң бийиктиктерге жете алышат. Каржы булагы бир топ өсүп, жылдын акырына чейин ал топтогон каражатын кошумча бизнес ачууга жумшаса болот. Атаандаштарды артка калтырып чемпион болосуз. Жеке жашоодо тил табыша албай жүргөн жакын адамыңыз менен мамилеңизди жолго саласыз. Ит жылындагылардын жеке жашоосу бир нукта болсо эмгекчилдик дарамети да ошончолук өсөт. Жалгыздар түгөйүн таап, көпкө создуктурбай турмуш курушса болот. Бул жылы түптөлгөн үй-бүлөлөрдүн никеси бекем болот. Дайыма оптимисттик маанайда жүрүңүз, майда-барат көйгөйлөрдү жеринде чечиңиз. Анткени сиздин маанай бир үй-бүлөдөгү аба ырайды өзгөртүп коюшу мүмкүн.
Көп ийгиликке жетесиз, эмгегиңизди тарттырып жибербөө үчүн күрөшөсүз. Анткени айланаңыздагы абийирсиз адамдар сиздин жетишкендиктериңизди өзүнүн жетишкендигиндей көрсөткөнгө аракет кылышат. Доңуз жылындагыларга иштин туура багытын аныктоо зарыл, болбосо кылган аракетиңизден майнап чыкпай кыйнала бересиз. Изденүүгө көп убакыт коротосуз. Материалдык абалыңыз туруктуу болуп, жай айларында каржыңыз көбөйөт. Жеке жашоодо мурунку кетирген каталарыңыздан сабак албасаңыз, аны кайра кайталоо коркунучу бар. Түгөйүңүз менен мамилеңизди жылдын экинчи жарымында бекемдейсиз. Күз айларында ден соолугуңузда көйгөй болот, туура тамактанып, дени сак жашоо образын алып жүрүүгө аракет кылыңыз. Лунара Бекиева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|