Архив
1152
1153
1154
1155
1156
1157
1158
1159
1160
1161
1162
1163
1164
1165
1166
1167
1168
1169
1170
1171
1172
1173
1100
1101
1102
1103
1104
1105
1106
1107
1108
1109
1110
1111
1112
1113
1114
1115
1116
1117
1118
1119
1120
1121
1122
1123
1124
1125
1126
1127
1128
1129
1130
1131
1132
1133
1134
1135
1136
1137
1138
1139
1140
1141
1142
1143
1144
1145
1146
1147
1148
1149
1150
1151
1049
1050
1051
1052
1053
1054
1055
1056
1057
1058
1059
1060
1061
1062
1063
1064
1065
1066
1067
1068
1069
1070
1071
1072
1073
1074
1075
1076
1077
1078
1079
1080
1081
1082
1083
1084
1085
1086
1087
1088
1089
1090
1091
1092
1093
1094
1095
1096
1097
1098
1099
997
998
999
1000
1001
1002
1003
1004
1005
1006
1007
1008
1009
1010
1011
1012
1013
1014
1015
1016
1017
1018
1019
1020
1021
1022
1023
1024
1025
1026
1027
1028
1029
1030
1031
1032
1033
1034
1035
1036
1037
1038
1039
1040
1041
1042
1043
1044
1045
1046
1047
1048
944
945
946
947
948
949
950
951
952
953
954
955
956
957
958
959
960
961
962
963
964
965
966
967
968
969
970
971
972
973
974
975
976
977
978
979
980
981
982
983
984
985
986
987
988
989
990
991
992
993
994
995
996
897
898
899
900
901
902
903
904
905
906
907
908
909
910
911
912
913
914
915
916
917
918
919
920
921
922
923
924
925
926
927
928
929
930
931
932
933
934
935
936
937
938
939
940
941
942
943
844
845
846
847
848
849
850
851
852
853
854
855
856
857
858
859
860
861
862
863
864
865
866
867
868
869
870
871
872
873
874
875
876
877
878
879
880
881
882
883
884
885
886
887
888
889
890
891
892
893
894
895
896
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Жылдыз төлгө -2024№1098 Коён жылы 2024-жылдын 10-февралында Балык жылына орун бошотот. Балык жылы болсо 2025-жылдын 28-январында аяктайт. Келе жаткан жылда кайсы жылдыз белгилерин кандай окуялар, өзгөрүлүүлөр күтөрүн Эл аралык астрологдор уюмунун мүчөсү, белгилүү астролог Андрей Рязанцевдин божомолу менен беребиз. Жылдыз белгилери үчүн жалпы маалымат Сүйүү, үй-бүлө Балык – жеңил келчү ийгиликтерге, романтикалык мамилелерге, сүйүүгө жол ачат. Сүйүү жана үй-бүлө курууга эң ыңгайлуу мезгилдер болуп январь, февраль, марттын биринчи жарымы, июль, октябрь, ноябрь эсептелет. Ден соолук 2024-жыл коён жылына салыштырмалуу стресстерди аз тартуулайт. Бул ден соолукка олуттуу зыян келбейт дегендик. Антсе дагы төмөнкү маалыматтарды билип алганыңыз оң. • 2024-жылы кан басым, калкан сымал бездин оорулары өзүлөрүн унуткартпай, маал-маалы менен кабар берип турат. • Май айынан тартып көңүл борборунда өпкө, ичеги болмокчу. Андыктан оорулардын алдын алууга аракет кылыңыз. Ошондой эле кол, буттан жаракат алуу коркунучу жогорулайт. • 25-март-8-апрель, 18-сентябрь-2-октябрь аралыктары косметологиялык процедуралар, пластикалык операцияларга ылайыксыз. Аталган убактарда ошондой эле аллергия, баш жана бөйрөк оорулары күч алуусу мүмкүн. • Май, июнь, августта ичеги-карын тамак-аш, вирус, бактерияларга өтө сезимтал болот. Ууланып калуу коркунучу жогору. • Глобалдык эпидемияга айланышы күмөн, бирок июнь, август, сентябрь, октябрда келип чыгуу себеби белгисиз болгон жугуштуу оорунун активдешүүсү, тарашы мүмкүн. • Июнь, август, декабрда дем алуу органдарынын ооруларынын күчөшү ыктымал. • Букачар, арстан, чаян, суу куярлар жыл ичинде ден соолугунан санаа тартпаса болот. Каржы • Январда аздан киреше түшүп турат. Акчаны кыймылсыз мүлк, үйгө жумшаганыңыз оң. • 10-февралдан тартып балык жылы баштала тургандыктан тапканыңыз аздан көбөйүп отурмакчы. 15-март –20-май аралыгында каржылык абалды оңдоого мүмкүнчүлүк чыгат. Көптөр байыйт. Бирок акчаны жеңил коротпоо, пландалбаган нерселерди сатып албоо керек. • 26-майдан кийин онлайн соода кылуу, бизнес, эко азыктарын сатуу жана туризм ишмерлиги өркүндөөгө жол алат. Эскертүүчү нерсе, өнөктөштөрдү туура тандоодон адашпаңыз. Кой Жылдын башында каржылык маселелерди чечүүгө киришиңиз. Январь, февралда кошумча акча булагын издеп таап, жазында байлыгыңызды толуктай аласыз. Материалдык колдоого ээ болосуз. Сизге көңүл кош эмес адамдан да белек аласыз. Өткөндөргө кейибей жылдын экинчи жарымында жаңы план, кыялдарды ишке ашыра баштаңыз. Июль, октябрда чечкиндүү кадамдар сизге кыйынчылыкты жеңип, ийгиликке жетүүгө шарт түзөт. Июнь, августта сын, кеңештерге көңүл буруңуз, чоң талаш-тартышты жаратпаңыз. Болбосо катаңыздын айынан көптөр менен мамилелер бузулуп, туюкка камалат. Жыл аягында пландалбаган кече, жолугушууга туш болуп, эстен кеткис көз ирмемдерди баштан өткөрөсүз. Букачар Жылдын 1-жарымында ишкер өнөктөштөр, тааныштардын арты менен өзүңүздү өстүрүүгө, пайдалуу иш-чарага катышууга, билим багажын байытууга, тааныштардын чөйрөсүн кеңейтүүгө жетишесиз. Апрелда артка жылдырылып келген сапарга аттанасыз. Жылдын 2-жарымында байлыкты көбөйтүүгө, жакындарга жардам берүүгө, көптөн күткөн нерселерди сатып алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Жакын санаалаш, бир туугандардын жардамы менен үйүңүздү оңдоп-түзөөдөн өткөрө аласыз. Июлда эс алууга акча, убакыт табылат. Топтолуп калган маселелерди чечүү менен чектелбей, ден соолукка көңүл буруңуз. Анткени август, сентябрдагы түйшүктөр, иштер саламаттыгыңызга терс таасирин тийгизет. Ноябрь, декабрда кайсы бир убактарда бирөөлөргө берген карыздарыңызды кайтарып алууга мүмкүнчүлүк чыгат. Аракет кылып акчаңызды алыңыз да, аны ойлогон нерселериңизди сатып алууга жумшаңыз. Жылдын башында үй иштери, ден соолукту бекемдөө менен алектенесиз. Буга чейин сиз колдоо көрсөткөн адамдардын жардамы аркылуу жаңы иштерге киришесиз. Мартта, майда күтүлбөгөн жерден келген кымбат белек же акчанын арты менен каржы маселеңиз чечилет. Ошого жеңилдей түшүп, июлда кызыктуу эс алууга жетишесиз. Август, сентябрда айткан катуу тамаша, комментарийлериңиз сиз менен баарлашкан адамдарда негативдүү реакция жаратып, ушактар, кыска убакытка созулган чыр-чатактар күтүлөт. Октябрь, ноябрда ишкер жолугушуулар ийгиликтүү өтөт. Товар алып келүү, өткөзүү, маанилүү кат жиберүү сыяктуу маселелер оңой чечилет. Декабрда эски жана жаңы достор өздөрүнүн иш тажрыйбасы, билгендери менен бөлүшөт, бул сизге өтө пайдалуу болмокчу. Бөйөн Жыл көптөр менен баарлашуу, сапарга чыгуу менен башталат. Ошондой эле январда, мартта жумушуңузга жана жекече ишиңизге байланыштуу чыккан сапарларыңыз кызыктуу өтөт. Ишкер иш-чарага катышуу же табият коюнуна чыгуу менен моралдык жактан эс алып, маанилүү маалыматтарга ээ болосуз. Иште мыкты ийгиликтерди жаратасыз, бирок иш деп отуруп жакын адамдарыңыздын даталуу күндөрүн өткөрүп жибербеңиз. Барыңыз, кеченин же пикниктин кадырман коногу болуңуз. Майдагы жылдыздуу түндөр сүйүү жаатындагы жолугушуулар үчүн мыкты убакыт. Июнь, июлда үй-бүлө мүчөлөрү жана жетекчилик сиздин сунуш, талабыңызга “ооба” же “жок” дебей жообун созушат. Катуу айтсаңыз чыр чыгат жана маселенин чечилиши артка тартылат. Октябрда далилдериңиз ынанымдуу болуп, таасирдүү адамдар сиздин таламды талашып, документ, каржы жааттагы маселеңиз чечилет. Ноябрь, декабрда көп жана жакшы иштеп, байлыгыңызды көбөйтөсүз. Арстан Өжөрлүк жана чыдамдуулукту көрсөтүү менен алгачкы 3 айда таасирдүү адамдардын көңүлүн таап сүйлөшүп, документ жана акча маселесин чечесиз. Май айында жетекчинин креслосунда отуруп калууңуз ыктымал. Июнь жана сентябрда ыңгайлуу убакытты кайсы бир себептер менен өткөрүп жибересиз. Ошого байланыштуу кыйынчылыктар менен өзүңүз күрөшүүгө туура келет. Августта болгон мүмкүнчүлүктү коммерцияга жумшайын деген аракетиңиз өзүн актабайт, акчаңыз текке кетет. Ноябрда майда-чүйдө иш, маселелерди, күмөндөнүүнү жыйыштырып, аракетке өтүңүз. Коркууңузду жеңип, ишкер жолугушууларды мыкты уюштуруп, өткөрөсүз. Маанилүү иш-чарада чыгып сүйлөйсүз, иш боюнча сапарларга чыгасыз. Декабрда сизге жетишилген ийгиликти гана сактап калуу калат. Өнөкөт ооруңуз кармаганда мыкты дарыгердин кеңеши айыгууга салым кошот. Бийкеч Жашооңузга жакын адамыңыздын аралашуусу, достор жана бирге иштешкендердин кеңеши сиз чочулуп күткөндөй терс жыйынтык бербейт. Январь, февралда алар сиз кетирген кемчиликти баамдашып, убагында аны четтетүүгө жардамдашат. Июнда акчаңызды үнөмдөңүз. Август, сентябрда иште, сапарларда жаралган тоскоолдуктар менен алыша берип, арып-азып, чарчайсыз. Андыктан дем алыштарды толугу менен эс алууга жумшаңыз. Октябрда чөйрөңүздөгү жакшы адамдардын жардамы менен сизге бут тоскон, сиз менен бирөөлөрдүн ортосуна от жаккан адамдан кутула аласыз. Октябрь – сизди сатып алуулардан жолдуу кылат. Дакабрда жетекчилик менен жекече сүйлөшүүгө аракет кылыңыз. Сүйлөшүү карьерадан жогорулоого, каржыңыздын көбөйүшүнө тепкич болуп бермекчи. Бойдоктор жазында өзүн жактырып жүргөн адамды байкашып, ал менен жакындан таанышып, мамилелери келишет. Баш кошуулары мүмкүн. Тараза Жылдын башында каржы маселелерин чечүүгө, документтерди, ден соолукту калыпка келтирүүгө мүмкүнчүлүк болот. Март, май айларында таасирдүү адамдар жумушта көтөрүлүүңүзгө салым кошушат. Пландалган иштер, бизнес алга жылат. Чоң нерселерди сатып алууңуз мүмкүн. Июнь, август, сентябрда сизге жеткен ушак, жаңылыктар тең салмактан чыгарат. Бирок өзүңүздү колго алып, баарын тең салмактап, анан чечим кабыл алууңуз кажет. Болуп жаткан окуянын сыртынан карап, ким эки жүздүүлүк кылып, 2 фронтто ойноп жатканын, кимдер сизге жан тартарын биле аласыз. Октябрда кошумча алган билим, жаңы маалыматтар пайдасын тийгизет. Жаңы түптөлгөн кызматташтыктын өмүрү узун, жыйынтыгы жемиштүү болот. Жылдын акырында көптөн күтүлгөн сапар, жолугуушулар орун алат. Чаян Ийгиликтен үмүтүңүздү үзбөй туруңуз, жылдын башында эски дос, тууган жана сүйүктүү адамыңыздан жакшы жаңылыктарды угасыз. Алар менен чогуу-чаран февраль, мартта чоң долбоорду ишке ашырасыз. Май айында алыскы жактарга барып, жер көрүү, эс алуу мүмкүнчүлүгү чыгат. Жылдын 2-жарымында таасирдүү адамдардан жумуш боюнча сунуш алып, келечектүү ишке июль же ноябрда орношосуз. Августта уккан маалыматтарды туура ылгап, иш кылбасаңыз сүйүктүү адамыңыздын ишениминен чыгып каласыз. Сентябрда кезектеги катаңызды моюнуңузга алып, “катачылык чөйрөдөгүлөрдүн азгырыгынан болду, акыйкат жок” деп наалыганды токтотосуз. Октябрда тобокелге салсаңыз бир топ кошумча акчага ээ болосуз. Күтүүсүз келген коноктордун ичинен сизге көзү түз адам табылып, таанышуу жолугушууларга эшик ачат. Жыл жагымдуу сюрприз менен аяктайт. Сизге январдан тартып мартка чейин кошумча иш сунушталат. Макул болуңуз, анткени кошумча иш сизди убак-убагы менен жаралчу каржы кыйынчылыгынан куткарат. Андай сунуш сизге кайра түшпөйт. Июнда сизге жөнү жок айып таккан сынчылар чыгат. Алар ошо менен сизге болгон таарыныч, ич күйдүлүгүн чыгарып алгылары келет. Мындан тышкары сизге жакындашып, сиздин артыңыз менен акча тапкысы келгендер да пайда болот. Андыктан баарын орду менен ордуларына коюп, мителерди жолотпоңуз. Ишкер өнөктөштөр, үйдөгүлөр июлда жакшы идея айтышат. Алар менен чогуу болсоңуз, киреше алып келчү кызыктуу долбоорду баштайсыздар. Ноябрь, декабрда тагдыр сизди ийгиликтерден жолдуу кылат. Жаздан кийин бойдоктордун колун сурагандар чыгып, тойго чакырууларды таратышат. Текечер Жылдын башында ишкер жолугушууга же онлайн иш-чарага даяр туруңуз. Жөндөмүңүз менен таанылууга экинчи ирет мүмкүнчүлүк болбойт, сиздин чыгып сүйлөөңүз карьераңыздын же окууңуздун келечегин чечет. Сиздин тырышчаактыгыңыздын артынан апрелде, майда сапарлар, алыстагы адамдар менен жолугушуу уюштурулат. Бул жашооңуздагы бурулуштун бири болот. Жайдын башында сизде үйдөгүлөргө таарыныч жаралат. Кимдики туура болбосо, чекилик кимден кетсе ошо менен жекече чечишип алганыңыз оң. Июлда маанилүү ишти бүттүрүп, үйдү оңдоп-түзөөгө салым кошосуз. Июлдун аягында бир аз эс алып, саякатка чыгасыз. Кечеге да барууңуз ыктымал. Сентябрда жетекчиликке туура эмес сүйлөөдөн карманыңыз, болбосо мамилелер татаалдашып кетет. Ноябрда жеке жашооңузга байланыштуу маселелер чечилип бүтүп, жеңилдейсиз. Карьерадан жогорулооңуз да күтүлүүдө. Суу куяр Жаңы жылдык майрамдардан кийин аягы түгөнбөгөн иштерге киришер алдында кеңештерди эске алыңыз. Ошондо жакшы жыйынтыктар жаралат. Февраль, марттагы ишиңизди жетекчилик баалайт, андыктан тапканыңыз көп болот. Майда күнүмдүк иштерден, жагымсыз ойлордон арылуу үчүн үйдөн алыс эс алыңыз. Июнда ушактар, интригалардан башыңыз айланат. Бул сизди ойлонбогон кадамга түртүшү мүмкүн. Жылдын 2-жарымында сизди түрдүү идеяларга бай адамдар курчайт, алардын арты менен ишиңиз алга жылат, жеке жашооңуз түстүү өң алат. Ишке ашкан пландар, жетишилген ийгиликтер сизде өз күчүңүзгө болгон ишенимди бекемдейт. Ноябрда жакын санаалаштардын сюрприздери кубандырат. Жылдын аягында өзүңүзгө чоң буюм белек кыласыз. Балык Жылдын биринчи жарымында ишенимиңизге ээ болгон адамдарга жакын болуңуз. Алардын деми, акылы менен баштаган долбоор, иштериңизди аягына жемиштүү чыгара аласыз. Январь, февраль айларында максаттарга жетүүгө көп күч жумшайсыз. Ошого жараша ийгилик да жылмаят. Апрелде алыстан жакшы кабар угасыз. Окутуп-үйрөтүүчү долбоорго катышып, кызыккандарга өзүңүздүн да долбоорду, идеяларды сунуштайсыз. Мындай мүмкүнчүлүк ички дареметиңизди ачып, жеке жашооңузду жолго коюп алууга шарт түзөт. Июнь, августта жаңы тааныштар чыгымдуу, кооптуу ишке түрткүлөрү келет. Сак болуңуз, мактоолорго азгырылбаңыз. Октябрда жаңы кирешелүү иш табылат. Ойлонбой макул болуңуз. Ал иште иштөө менен гана кирешеңизди көбөйтүп, жеке ишкана ачууну пландоого жетишесиз. Ноябрда жол жүрүүдө абайлаңыз, кокустуктарга туш болуу коркунучу жогору. Декабрда жаңы сатып алуулар ырахат тартуулайт. Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер()
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:
|